Загрузка документа…
МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Миң-Куш айыл аймагынын
айылдык кеңешинин биринчи чакырылышынын депутаттарынын кезектүү I -сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры №1-1-4
Миң-Куш айыл аймагы боюнча үчүнчү Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “Кезектеги Элдик Курултайды өткөрү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде аныкталган 2024-жылдын 20-21-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө маселени карап, айылдык кеңештин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Миң-Куш айыл аймагы боюнча өкүлчүлүктүү жыйындын өкүлдөрүнүн жалпы саны 50 адамдан түзүлсүн.
2. Өкүлчүлүктүү жыйындарга өкүлдөрдү шайлоо боюнча Миң-Куш айыл аймагы №1-тиркемеге ылайык, тиешелүү аймактарга бөлүнсүн;
3. Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык, жарандардын жыйындарын өткөрүүнүн графиги жана чогулуштарды өткөрүүнүн графиги жана алардан шайлануучу өкүлдөрүнүн өкүлчүлүктүн ченемдери №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Өкүлчүлүтүү жыйындын өкүлдөрүн шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Өкүлчүлүтүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү 9 адамдан турган жумушчу тобунун курамы №4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүтүү жыйын Миң-Куш айылынын 16-аянтчасындагы Э. Акматалиев атындагы жаштар маданият үйүндө 2024-жылдын 7-декабрында саат 11:00 дө өткөрүү 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.
Төрага | А. Бекеев |
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
I-чакырылышынын депутаттарынын
2024-жылдын 29-ноябрындагы
1-сессиясынын № 1-1-4 токтомуна
1-тиркеме
Миң-Куш айыл аймагынын калктуу конуштарын бөлүктөргө бөлүү
Миң-Куш айыл аймагынын
айыл өкмөтүнүн орун басар-
жооптуу катчысы: ______________________ И. Эрнис уулу
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышынын депутаттарынын 2024-жылдын
29-ноябрындагы
1-сессиясынын № 1-1-4 токтомуна
2-тиркеме
Жергиликтүү жамааттардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча графиги жана алардын шайлануучу өкүлдөрдүн өкүлчүлүктүү ченемдери.
№ | Жыйындарды өткөрүү орду. | Өткөрүү убактысы. | Делегаттардын өкүлчүлүктүү ченемдери. | Жооптуулар |
1 | Кызыл-Сөөк айылы, 17-аянтчасы, 16-аянтчасы, Алыскы Миң-Куш участкасы; (Э. Акматалиев атындагы маданият үйүндө)
| 04.12.2024-ж саат 10.00 | 5 аял /11 эркек 16 өкүл | Жергиликтүү кеңештин депутаттары, жумушчу топ |
2 | Өйдөкү жана Ылдыйкы Агулак участкасы, 21-аянтча, 20-аянтча; (20-аянтчадагы мектептин алдында) | 04.12.2024-ж саат 12.00 | 5 аял/ 10 эркек 15 өкүл | Жергиликтүү кеңештин депутаттары, жумушчу топ |
3 | Табылгыты, Кызыл-Коргон, Сары-Булуң айылдары; Айыл өкмөттүн имаратында | 04.12.2024-ж саат 14.00 | 5 аял/9 эркек 14 өкүл | Жергиликтүү кеңештин депутаттары, жумушчу топ |
4 | Кең-Суу, Котур-Суу, Табылга айылдары; (Кызыл-Октябрь орто мектебинин алдында)
| 04.12.2024-ж саат 14.00 | 2 аял /3 эркек 5 өкүл | Жергиликтүү кеңештин депутаттары, жумушчу топ |
Миң-Куш айыл аймагынын
айыл өкмөтүнүн орун басар-
жооптуу катчысы: _____________________________ И. Эрнис уулу
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I-чакырылышынын депутаттарынын депутаттарынын
2024-жылдын 29-ноябрындагы
1-сессиясынын № 1-1-4 токтомуна
3-тиркеме
Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын тизмеси:
1. Кызыл-Сөөк айылы, 17-аянтчасы, 16-аянтчасы, Алыскы Миң-Куш участкасы боюнча жооптуулар-Акылбек уулу Самат, Майрамбеков Жакшылык, Нусубалиева Мунира, Сейитова Нургуль
2. Өйдөкү жана Ылдыйкы Агулак участкасы, 21-аянтча, 20-аянтчасы боюнча жооптуулар-Ишембаев Марсбек, Мамытбекова Тынара, Жолдошбаева Наргиза
3. Табылгыты, Кызыл-Коргон, Сары-Булуң айылдары боюнча жооптуулар-Жээнкулова Эльвира, Баялиева Сайранбюбю
4. Кең-Суу, Котур-Суу, Табылга айылдары боюнча жооптуу-Чылпаков Нурбек
Миң-Куш айыл аймагынын
айыл өкмөтүнүн орун басар-
жооптуу катчысы : _____________________________ И. Эрнис уулу
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
I-чакырылышынын депутаттарынын 2024-жылдын
29-ноябрындагы 1-сессиясынын № 1-1-4 токтомуна
4-тиркеме
Жарандардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы:
Миң-Куш айыл аймагынын
айыл өкмөтүнүн орун басар-
жооптуу катчысы : _____________________________ И. Эрнис уулу
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
I-чакырылышынын депутаттарынын 2024-жылдын
29-ноябрындагы
1-сессиясынын № 1-1-4 токтомуна
5-тиркеме
Миң-Куш айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өткөрүү
ГРАФИГИ
№ | Айыл аймак | Чогулуш өтүүчү жер | Убактысы | Уюштуруучулар |
1 | Миң-Куш | Миң-Куш айылындагы Э. Акматалиев атындагы жаштар жана маданият үйү | 07.12.2024-жыл саат 11:00 | Жергиликтүү кеңеш, жарандардын жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобу |
Миң-Куш айыл аймагынын
айыл өкмөтүнүн орун басар-
жооптуу катчысы : _____________________________ И. Эрнис уулу