Загрузка документа…
МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Миң-Куш айыл аймагынын
айылдык кеңешинин биринчи чакырылышынын депутаттарынын кезектүү I -сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры №1-1-5
Долбоорлорду сунуштоо жөнүндө
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын I-чакырылышынын кезектүү I сессиясында Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, 2025-жылга карата Жумгал өнүктүрүү фондуна жана дем берүүчү грантка даярдалып жаткан долбоорлорду талкуулап Миң-Куш айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал өнүктүрүү фондуна “Кызыл-Коргон, Табылгыты айылдарынын таза суу системасын жакшыртуу”, Миң-Куш айыл аймагынын сел өтүүчү каналдарын казуу” долбоорлору сунушталсын.
2. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономика негиздери жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, “Жусуп Сары уулу орто мектебинин жылытуу системасын оңдоо” долбооруна Дем берүүчү гранттын (Стим гранттын) өздүк салымы үчүн жалпы 684 758 (алты жүз сексен төрт миң жети жүз элүү сегиз) сом каралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Абдылдаев Алмаз Орозбековичке тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веп-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Бекеев |