Загрузка документа…
МИҢ-КУШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Миң-Куш айыл аймагынын
айылдык кеңешинин биринчи чакырылышынын депутаттарынын кезектүү I -сессиясы
2024-жылдын 29-ноябры №1-1-6
Нарын облустук “Теңир-Тоо өнүктүрүү фондусуна” долбоор сунуштоо жөнүндө
Миң-Куш айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
I-чакырылышынын кезектүү I сессиясында Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунушун угуп, 2025-жылга карата Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна даярдалып жаткан долбоорлорду талкуулап Миң-Куш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Куш айылынын “Мир” маданият үйүн оңдоо иштерине Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна 8 505 585 (сегиз миллион беш жүз беш миң беш жүз сексен беш) сомго долбоор бекитилсин.
2. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономика негиздери жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык, “Миң-Куш айылындагымаданият үйүн оңдоо” долбооруна Нарын облустук Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна өздүк салымы үчүн жалпы 4 252 793 (төрт миллион эки жүз элүү эки миң жети жүз токсон үч) сом каралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Миң-Куш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Абдылдаев Алмаз Орозбековичке тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, min-kush.kg веп-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Бекеев |