Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомуна ) |
2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия
1-глава. Киришүү
2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия (мындан ары – Стратегия) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, өлкөнүн финансы системасын криминалдык коркунучтардан коргоо, ошондой эле мамлекетти туруктуу социалдык-экономикалык өнүктүрүү максатында иштелип чыккан стратегиялык пландоонун фундаменталдуу тармактык документи болуп саналат.
Документ Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасын (2026-жылдын 3-апрелиндеги № 09-8714) аткаруу максатында, «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары – КИК/ККЛК жөнүндө Мыйзам) 4-беренесинин талаптарына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясын ишке ашыруу боюнча комплекстүү иш-чаралар планынын алкагында иштелип чыккан.
Стратегиянын стратегиялык вектору кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (мындан ары – КИК/ККЛК) улуттук системасын эл аралык стандарттардын негизинде комплекстүү өркүндөтүүнүн объективдүү зарылдыгы менен шартталган. Кыргыз Республикасында кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин улуттук баалоонун (мындан ары – ТУБ) жана тобокелдиктерди сектордук баалоонун (мындан ары – ТСБ) натыйжалары Стратегиянын артыкчылыктуу багыттарын аныктоо үчүн негиз болду.
Акчаларды адалдоого каршы күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобунун (мындан ары – ФАТФ) тобокелдиктерди баалоо жана тобокелдикке багытталган мамилени (мындан ары – ТБМ) колдонуу бөлүгүндөгү 1-сунуштамасына ылайык, ар бир мамлекет өзүнүн өзгөчө тобокелдиктерин аныктоого, баалоого жана түшүнүүгө, ошондой эле аларды азайтуу боюнча чараларды жалпы мамлекеттик деңгээлде координациялоого милдеттүү. Ушуга байланыштуу Стратегия Кыргыз Республикасы ТБМди колдонорун жана ресурстарды ТУБ жана ТСБ жүрүшүндө аныкталган кыйла критикалык коркунучтардын алдын алууга максаттуу топтой тургандыгын далилдеген негизги жана институционалдык инструментарий катары чыгат.
Документти иштеп чыгуунун актуалдуулугу криминогендик чөйрөнүн трансформацияланышы: гибриддик коркунучтардын пайда болушу, финансылык агымдардын ыкчам санариптештирилиши жана улуттук системанын мыйзам базасынын формалдык техникалык шайкештигинен укук колдонуунун жогорку практикалык натыйжалуулугун камсыз кылууга өтүү зарылдыгы менен шартталган. Финансылык чалгындоо органынын, укук коргоо түзүмдөрүнүн, сот органдарынын, көзөмөлдөөчү ведомстволордун жана жеке сектордун максаттарын бирдиктүү чара көрүү механизмине интеграциялоо негизги чакырык болуп саналат. Стратегия мамлекеттик органдардын КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү чараларынын андан аркы интеграциясын жана координацияланышын камсыз кылууга багытталган.
Мындан тышкары натыйжалуу ички координацияны жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү түзүү ФАТФтин бардык он бир түздөн-түз натыйжалары (мындан ары – ТТН) боюнча жогорку натыйжалуулукка жетишүү үчүн зарыл институционалдык базаны түзөт. Бирдиктүү ички стратегиянын болушу сапаттуу эл аралык кызматташтыкты камсыз кылуу (2-ТТН) үчүн гана эмес, тобокелдикке багытталган натыйжалуу көзөмөлдү (мындан ары – ТБК) түзүү жана алдын алуу чараларын колдонуу (3-ТТН жана 4-ТТН) үчүн фундаменталдуу шарт болуп саналат. Стратегияда камтылган комплекстүү мамиле бенефициардык ээлер жөнүндө маалыматтын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу (5-ТТН), параллелдүү финансылык териштирүүлөрдү жүргүзүүдө, кылмыш куугунтуктоосунда жана кылмыштуу кирешелерди конфискациялоодо финансылык чалгындоо органын натыйжалуу пайдалануу (6-ТТН, 7-ТТН жана 8-ТТН), ошондой эле терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды жайылтууга каршы аракеттенүүнүн алкагында максаттуу финансылык санкцияларды (мындан ары – МФС, активдерди тоңдуруу) өз убагында колдонуу (9-ТТН, 10-ТТН жана 11-ТТН) үчүн зарыл.
Стратегия ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2018-жылдагы өз ара баалоо жөнүндө отчетунда белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча иштин логикалык уландысы болуп саналат жана КИК/ККЛК улуттук системасын проактивдүү өнүктүрүүгө багытталган.
Аны ишке ашыруунун алкагында процесстерди санариптик трансформациялоо жана автоматташтыруу, виртуалдык активдер (мындан ары – ВА) секторун жөнгө салуу, бенефициардык ээлердин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана милдеттүү түрдө параллелдүү финансылык териштирүүлөр практикасын толук масштабдуу киргизүү, ошондой эле көмүскө экономиканын деңгээлин жалпы төмөндөтүү боюнча алдын алуучу чараларды ишке ашыруу сыяктуу системалык артыкчылыктарга өзгөчө көңүл бурулат.
2-глава. Кырдаалды жалпы талдоо
§ 1. КИК/ККЛК улуттук системасынын
укуктук жана институционалдык базасы
Азыркы учурда кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүүнүн (мындан ары – КА/ТКК) эл аралык системасы көп деңгээлдүү иерархиялык түзүм болуп саналат, ал эл аралык (глобалдык) деңгээлди, ошондой эле КА/ТКК улуттук системаларын камтыйт, алардын негизги элементтери болуп финансылык чалгындоо бөлүмдөрү (мындан ары – ФЧБ), финансылык ортомчулардын ишин уюштурган жана контролдогон көзөмөлдөөчү жана укук коргоо органдары саналат, аларга кредиттик, камсыздандыруу, лизингдик жана башка уюмдар кирет.
ФАТФ сунуштамаларынын өзгөчө статусу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2005-жылдын 29-июлундагы № 1617 жана 2019-жылдын 27-мартындагы № 2462 резолюциялары менен аныкталган, алар Бириккен Улуттар Уюмуна (мындан ары – БУУ) мүчө болгон бардык мамлекеттер тарабынан милдеттүү түрдө аткарылышын карайт. ФАТФ сунуштамалары ушул чөйрөдөгү улуттук мыйзамдарды түзүүдө негиз болуп саналат. Сунуштамаларга шайкеш келбөө өлкөнүн ФАТФтин «боз» же «кара» тизмесине кирип калуусу менен коркунучтуу, бул анын эл аралык финансылык мамилелерге катышуу мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу чектейт.
ФАТФ КА/ТКК чөйрөсүндөгү глобалдык жөнгө салуучу болуп саналат, ал КА/ТКК чөйрөсүндөгү дүйнөлүк стандарттарды иштеп чыгат жана алардын аткарылышын контролдойт. Ошондой эле ФАТФ КА/ТКК улуттук системаларынын ишин оптималдаштыруучу чечимдерди кабыл алууга таасирин тийгизүүчү «саясий орган» катары чыгат.
ФАТФ 40 сунуштаманын мүчө-өлкөлөр тарабынан аткарылышынын прогрессине байкоо жүргүзүүчү негизги механизм болуп өз ара баалоолор саналат. Өз ара баалоолор «эксперттик серептерди» билдирет, анын жүрүшүндө эксперттер акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөштө өлкө тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун баалайт.
Техникалык шайкештикти баалоонун жүрүшүндө КА/ТКК чөйрөсүндөгү улуттук системанын негизги түзүмдүк элементтеринин абалы изилденет, өлкөнүн укуктук жана институционалдык системасынын сунуштамалардын талаптарына шайкештиги бааланат. КА/ТКК системасынын натыйжалуулугу өлкөнүн белгилүү бир натыйжалардын жыйындысына жетишүү деңгээли боюнча бааланат. Бул үчүн ФАТФ натыйжалардын иерархиясын колдонууну сунуштайт: жогорку деңгээлдеги максат, орто аралык жана түздөн-түз натыйжалар.
Финансылык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугуна БУУ, Интерпол, «Эгмонт» финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн тобу (мындан ары – Эгмонт тобу), Вольфсберг тобу ж.б. сыяктуу эл аралык түзүмдөр олуттуу таасир этет.
БУУ кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого эл аралык каршы аракеттенүүнү координациялоодо негизги ролду ойнойт. БУУ бул чөйрөдөгү негизги эл аралык укуктук актыларды жана программаларды иштеп чыгат, улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө өбөлгө түзөт.
ККА/ТКК чөйрөсүндөгү эл аралык системанын ажырагыс элементи болуп айрым мамлекеттердин ККА/ТКК улуттук системалары саналат, алардын бардыгы ФАТФ стандарттарына негизделгендиктен заманбап улуттук системалар үчүн окшош түзүм жана куруунун бирдиктүү принциптери мүнөздүү.
Демек КККА/ТК заманбап эл аралык системасы иши эл аралык ченемдерге жана стандарттарга негизделген эл аралык жана улуттук деңгээлдердеги субъекттердин жыйындысы болуп саналат. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын КИК/ККЛК улуттук системасы ККА/ТКК эл аралык системасынын түздөн-түз субъекти катары белгилүү бир ролду ойной турганын жана чет өлкөлөрдүн ФЧБлары менен тыгыз кызматташтыкта кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүүдө конкреттүү милдеттерди чечүүгө багытталгандыгын белгилөө маанилүү, бул дүйнөлүк коомчулукка финансылык кылмыштарга каршы күрөшүүдө жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууга мүмкүндүк берет.
КИК/ККЛК улуттук системасы жаңы чакырыктарга ыңгайлашуу жөндөмүн көрсөтүп, олуттуу институционалдык жакшырууларга дуушар болду. Виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр (мындан ары – ВАКК) секторун «боз» зонадан чыгаруу негизги жетишкендик болду, алардын жүгүртүлүшү 2025-жылы 2,735 трлн сомго жетти жана аларды лицензиялоо режими киргизилди. Бул сектор боюнча деталдаштырылган ТУБ жана ТСБ жүргүзүлдү.
КИК/ККЛК улуттук системасынын укуктук негизин ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле Кыргыз Республикасын мамлекеттик стратегиялык пландоо документтеринин өнүккөн иерархиялык системасы түзөт. Аталган база өлкөнүн эл аралык-укуктук милдеттенмелери, анын ичинде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциялары жана ФАТФ Эл аралык стандарттары менен шайкеш келтирилген.
КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салуучу институционалдык механизмдер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, конституциялык мыйзамдары, кодификацияланган актылары, мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары, ошондой эле жөнгө салуучулук ыйгарым укуктарга ээ болгон ведомстволук деңгээлдеги жана көзөмөлдөө органдарынын ченемдик актылары менен аныкталат.
§ 2. Негизги коркунучтар жана аялуулуктар (2022-2024-жылдардагы ТУБдун жыйынтыктары)
КИК/ККЛК маселелери боюнча ведомстволор аралык Комиссиянын чечими менен расмий бекитилген (2025-жылдын 11-сентябрындагы № 15 протокол) 2022-2024-жылдар мезгилине ТУБ жөнүндө жыйынтыктоочу отчет криминогендик жагдайдын татаалдашын жана финансылык кылмыштарды жасоо методдорунун трансформацияланышын констатациялайт. КИК/ККЛК жөнүндө Мыйзамдын императивдик талаптарына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтомунун ченемдерине ылайык бул коркунучтарды деталдуу түшүнүү ТБМди ишке ашыруу жана мамлекеттик органдардын ресурстарын бирдей бөлүштүрүүнүн укуктук жана институционалдык негизи болуп чыгат.
Тобокелдиктердин профилинин көрсөтмөлүүлүгүн, түзүмдүк түшүнүүнү камсыз кылуу жана мамлекеттик чара көрүүнүн артыкчылыктуу чараларын иштеп чыгуу үчүн аныкталган коркунучтар жана системалуу аялуулуктар 1-таблицада системалаштырылган. Бул матрица 2022-2024-жылдарга ТУБдун бекитилген Жыйынтыктоочу отчетунун тыянактарына жана массалык кыргын салуучу куралды жайылтууну каржылоо (мындан ары – МКСКЖК) тобокелдиктерин адистештирилген баалоого негизделген.
1-таблица. КИК/ККЛК улуттук системасынын негизги коркунучтарынын жана системалуу аялуулуктарынын матрицасы (2022-2024-жылдардагы ТУБдун жыйынтыктары боюнча)
Тобокелдик категориясы | Аныкталган коркунучтардын жана аялуулуктардын деталдаштырылган сыпаттамасы | Бааланган тобокелдик деңгээли/ артыкчылык |
ККЛ коркунучтары (предикаттык кылмыштар)
| Коррупциялык укук бузуулар, салык кылмыштары жана алдамчылык аркылуу генерациялануучу мыйзамсыз кирешелерди интеграциялоо коркунучу | Жогорку |
Баңгизаттарды (мындан ары – БМЖ) мыйзамсыз жүгүртүүдөн, бажы кылмыштарынан (контрабандадан) жана уюшкан кылмыштуу топтордун (мындан ары – УКТ) ишинен түшкөн кирешелерди интеграциялоо коркунучу | Орточо | |
Тематикалык аялуулуктар | Мыйзамсыз табылган активдерди интеграциялоо жана жашыруу үчүн артыкчылыктуу канал катары кыймылсыз мүлк секторун колдонуу | Жогорку |
ТИК коркунучтары | Куралдуу чыр-чатактар аймактарына чыгып жаткан чет өлкөлүк согушкер-террористтерди колдоо | Жогорку |
Пайда табууну көздөгөн зомбулук кылмыштары («ганимат»), краудфандинг жана социалдык тармактар жана мессенжерлер аркылуу жеке кайрымдуулуктарды чогултуу аркылуу ячейкаларды криминалдык өзүн-өзү каржылоо | Орточо | |
ЭИК коркунучтары | Радикалдаштыруу, азгыруу жана агрессивдүү пропагандалоо максатында банктык эмес каналдар (акча которуу системалары (мындан ары – АКС), электрондук капчыктар) аркылуу деструктивдүү диний-экстремисттик уюмдарды финансылык камсыздоо | Орточо |
МКСКЖК коркунучтары | МФС субъекттерине бенефициардык ээлик кылууну жашыруу жолу менен санкцияларды кыйгап өтүү бөлүгүндө БУУнун МФС режимин потенциалдуу бузуу, аткарбоо же кыйгап өтүү тобокелдиктери | Орточо-төмөн |
УКТ коркунучтары | Трансулуттук жана ички кылмыштуу коомдоштуктар тарабынан (БМЖ, контрабанда, опузалап талап кылуу жана башка оор жана өзгөчө оор предикаттык кылмыштар аркылуу) кийин криминалдык активдердин экономиканын легалдуу секторлоруна кирүүсү менен көмүскө капиталды генерациялоо | Орточо |
Юридикалык жактардын аялуулуктары | Көп деңгээлдүү транзиттик схемаларды түзүү, капиталды чыгаруу жана накталай акчага айландыруу үчүн фиктивдүү жана номиналдык түзүмдөрдү (ЖЧК, ЖИ, «компания-кабыкчаларды») колдонуу | Жогорку |
Финансылык жана финансылык эмес секторлордун аялуулуктары | Жогорку тобокелдиктеги секторлордогу системалык аялуулуктар: ВАКК, лизинг компаниялары, күрөөканалар жана кыймылсыз мүлк сектору | Жогорку |
Коммерциялык банктардагы, төлөм уюмдарындагы, алмаштыруу бюролорундагы, почта байланыш ишканаларындагы, кредиттик союздардагы жана баалуу кагаздар рыногундагы аялуулуктар (транзиттик операцияларды, фиктивдүү зайымдарды, АКСти колдонуу) | Орточо | |
Санариптештирүүнүн жана көмүскө экономиканын аялуулуктары | Накталай жүгүртүүнүн үстөмдүгүнүн сакталышы (акчалай массанын 40 %дан ашыгы). Криминалдык транзакцияларды анонимдүү тейлөө үчүн ВАКК инфраструктурасын, даркнет жана электрондук төлөм каражаттарын колдонуу. Тышкы жөнгө салынбаган сегменттин болушу (Кыргыз Республикасынын резиденттерин лицензиясы жок чет өлкөлүк ВАКК тарабынан тейлөө), ошондой эле КИК/ККЛК системасынын толук эмес камтылышы (ВА эмитенттери жана майнерлер баштапкы финансылык контролдоо субъекттери болуп саналбайт) | Жогорку |
ТБМди имплементациялоо укук коргоо, көзөмөлдөө органдарын, ошондой эле финансылык мекемелерди (мындан ары – ФМ) жана финансылык эмес категориядагы жактарды (мындан ары – ФЭКЖ) алдын алуучу чараларды жана процессуалдык ресурстарды идентификацияланган коркунучтардын деңгээлине пропорционалдуу түрдө концентрациялоого милдеттендирет.
Аталган коркунучтарды жоюу максатында КИК/ККЛК жөнүндө Мыйзамдын 21-беренесинин жоболору жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген Ички контролдоо программасына карата жалпы талаптар жөнүндө жобо ФМ жана ФЭКЖны жогорулатылган тобокелдиктин сыпатталган критерийлерине туура келген кардарларга жана операцияларга карата кардарды талаптагыдай текшерүүнүн (мындан ары – КТТ) кеңейтилген чараларын колдонууга милдеттендирет. Бул каражаттардын келип чыгышынын реалдуу булактарын милдеттүү түрдө белгилөөнү, бенефициардык ээлерди өтмө верификациялоону жана транзакцияларга үзгүлтүксүз, күчөтүлгөн финансылык мониторинг жүргүзүүнү талап кылат.
§ 3. Программалык чара көрүү көйгөйлөрү
Ошону менен бирге жалпы тенденцияларды талдоо бир катар системалык көйгөйлөрдү аныктады. Коррупциядан, салык кылмыштарынан, алдамчылыктан жана БМЖдан түшкөн кирешелерден жогорку коркунуч сакталууда. Транзиттик схемалар жана капиталды оффшордук юрисдикцияларга чыгарып кетүү үчүн фиктивдүү компания-кабыкчаларды массалык түрдө колдонуу байкалууда. Социалдык тармактар аркылуу криминалдык краудфандинг жана БУУнун МФС режимин потенциалдуу кыйгап өтүү тобокелдиктери өсүүдө.
Берилген коркунучтардын жана системалык аялуулуктардын матрицасынын негизинде аныктаган ТУБ коркунучтарды жана аялуулуктарды программалык чара көрүүнү талап кылган так формулировкаланган системалык көйгөйлөргө трансформациялоо мүмкүн болду.
Көйгөйлөр:
– Көп деңгээлдүү транзиттик схемалар жана фиктивдүү түзүмдөр аркылуу криминалдык капиталдардын легалдуу экономикага интеграцияланышынын жогорку даражасы
Кыянатчылар чыныгы бенефициардык ээлерин жашыруу, капиталдын келип чыгуу изин чаташтыруу жана каражаттарды масштабдуу физикалык накталай акчага айландыруу үчүн номиналдык юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди (анын ичинде компания-кабыкчаларды) массалык түрдө колдонушат.
Криминалдык кирешелер (салык кылмыштарынан, коррупциядан, алдамчылыктан, БМЖдан жана бажы төлөмдөрүнөн качуудан) жалган тышкы экономикалык контракттар, анын ичинде фиктивдүү материалдык эмес кызмат көрсөтүүлөр боюнча төлөм түрүндө оффшордук юрисдикцияларга чыгарылууда.
Мыйзамсыз табылган активдерди интеграциялоо үчүн кыймылсыз мүлк секторун (объекттерди жалган жактарга сатып алуу) жана кредиттөө секторундагы схемаларды (фиктивдүү зайымдар, легитимдүү кредиттерди кылмыштуу кирешелер менен мөөнөтүнөн мурда төлөө) активдүү колдонуу белгиленүүдө.
– Сапаттуу ченемдик база болсо да, параллелдүү финансылык териштирүүлөрдү жүргүзүү жана активдерди конфискациялоо бөлүгүндө тергөө органдарынын практикалык натыйжалуулугунун жетишсиз деңгээли
БМЖ, контрабанданын, опузалап талап кылуунун жана көмүскө махинациялардын эсебинен түшкөн трансулуттук жана ички УКТ кирешелери курулушка, транспортко, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө жана жалган жактарды колдонуу менен соодага активдүү киргизилүүдө.
Бул коркунуч мамлекеттин экономикалык коопсуздугу үчүн критикалык тобокелдикти жаратат, бул кылмыштуу коомдоштуктардын экономикалык негиздерин толугу менен бузуу үчүн тергөө органдарынын (ИИМ, УКМК) жана прокуратуранын практикасына параллелдүү финансылык териштирүүлөр механизмдерин милдеттүү түрдө киргизүүнү талап кылат.
– Террористтик (мындан ары – ТИК) жана экстремисттик (мындан ары – ЭИК) ишти каржылоо үчүн санариптик платформалардын жана банктык эмес каналдардын аялуулугу
Тыюу салынган деструктивдүү диний-экстремисттик уюмдар жана ячейкалар социалдык тармактарды жана шифрленген мессенджерлерди кайрымдуулук же социалдык активдүүлүк түрүндө краудфандинг жана жеке кайрымдуулуктарды чогултуу үчүн колдонот.
Чет өлкөлүк согушкер-террористтерди колдоого, азгырууга жана пропагандалоого багытталган чогултулган каражаттарды которуу банктык эмес каналдар (эсеп ачпастан АКС, электрондук капчыктар) аркылуу ишке ашырылууда, бул эмгек мигранттарынын легитимдүү которууларынын фонунда аларды идентификациялоону кыйындатат.
Пайда табууну көздөгөн-зомбулук кылмыштарды жасоо аркылуу ячейкаларды криминалдык өзүн-өзү каржылоо («ганимат» концепциясы) коркунучу сакталууда.
– Накталай жүгүртүүнүн үстөмдүгү сакталууда (акча массасынын 40 %дан ашыгы), бул транспаренттүү финансылык чөйрөгө өтүүгө тоскоолдук кылат
Катталган виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөрдүн (ВАКК) саны туруктуу өсүүнү көрсөтүүдө. Ошону менен бирге жөнгө салынуучу талаадан тышкары иштеген жана баңгитрафикти анонимдүү тейлөө жана терроризмди каржылоо үчүн электрондук төлөм каражаттарын колдонуу менен даркнет платформаларында да пайдаланылган ВАКК иши сакталууда.
Тышкы жөнгө салынбаган контурдун (резиденттерди чет өлкөлүк ВАКК тарабынан тейлөө) болушу, трансчек аралык операцияларга байкоо жүргүзүү үчүн Travel Rule («Жол эрежеси») механизмдеринин жоктугу жана мониторинг субъекттеринин толук эмес камтылышы (виртуалдык активдердин эмитенттери жана майнерлер) белгиленүүдө.
– БУУ МФСны кыйгап өтүү үчүн тышкы экономикалык жана финансылык транзиттик потенциалды колдонуу тобокелдиктери
Өлкөнүн финансы секторунун жана тышкы экономикалык каналдарынын транзиттик потенциалы (анын ичинде кош багыттагы товарлар менен экспорттук-импорттук операциялар) санкцияланган юрисдикциялардын жана БУУнун санкциялык тизмектерине киргизилген жактардын кызыкчылыгында активдерди жашыруун которуу үчүн аялуулуктарды жаратат.
Бул МКСКТК чөйрөсүндөгү МФС режимин бузуу, аткарбоо же кыйгап өтүү коркунучун жаратат, бул КТТнын кеңейтилген чараларын сөзсүз колдонууну талап кылат.
Формулировкаланган көйгөйлөр бизге кийинки этапта мамлекеттик стратегиянын архитектурасын түзүүгө мүмкүндүк берет: башкы максаттан (транспаренттүү финансылык системаны түзүү) баштап конкреттүү милдеттерге (мониторингди санариптештирүү, ВАККты жөнгө салуу, финансылык териштирүүлөрдү киргизүү) жана ведомстволор аралык чаралардын деталдаштырылган планына.
3-глава. Стратегиянын максаты
Стратегиянын башкы стратегиялык максаты 2030-жылга карата Кыргыз Республикасынын финансылык жана экономикалык системасын кылмыштуу кирешелердин кирип кетүүсүнөн комплекстүү, көп деңгээлдүү коргоону камсыз кылуу жана ФАТФ стандарттары боюнча КИК/ККЛК улуттук системасынын натыйжалуулук деңгээлин «Олуттуу» (SE – Substantial Effectiveness) баасынан төмөн эмес деңгээлге жеткирүү аркылуу террористтик, экстремисттик ишти жана массалык кыргын салуучу куралды жайылтууну каржылоого жол бербөө үчүн ишенимдүү тоскоолдуктарды түзүү болуп саналат.
Маанилүү саясий артыкчылыгы мыйзам базасынын техникалык шайкештигинин жогорку көрсөткүчтөрүнө жана эң башкысы, КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин укук колдонуунун далилденген практикалык натыйжалуулугуна жетишүү менен Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (мындан ары – ЕАТ) өз ара баалоолорунун 3-раундунан ийгиликтүү, натыйжалуу өтүү болот.
4-глава. Стратегияны өнүктүрүүнүн
артыкчылыктуу багыттары
Аныкталган аялуулуктарды четтетүү үчүн төмөнкүдөй артыкчылыктуу багыттар жана милдеттер аныкталды:
– Ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана институттук өнүктүрүү:
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ФАТФнын 40-сунуштамасына толук техникалык шайкеш келүүсүн камсыз кылуу.
МФСти кечиктирбестен колдонуунун укуктук механизмин өркүндөтүү.
– Санариптик экономиканы, ВА жана корпоративдик ачык-айкындуулукту жөнгө салуу:
ВА секторун комплекстүү жөнгө салууну киргизүү.
Фиктивдүү компанияларды жана номиналдык бенефициарларды пайдалануу схемаларынын санын минималдаштыруу.
– Алдын алуучу чаралардын жана ТБКнын натыйжалуулугун жогорулатуу:
бардык контролдоочу органдарда ТБК моделин өркүндөтүү. Көзөмөлдөөчү органдардын түзүмүндө ТБМ негизинде КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү өзгөчө функционалы бар обочолонгон адистештирилген бөлүмдөрдү түзүү.
алдын алуучу чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу.
– Жазадан кутулбастык, параллелдүү финансылык териштирүүлөр жана активдерди кайтаруу:
предикаттык кылмыштарды териштирүүдө финансылык териштирүүлөрдү жүргүзүүнүн милдеттүүлүгүн камсыз кылуу.
террористтик ишти каржылоо тармактарына жана алардын көмөкчүлөрүнө бөгөт коюунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
кеңейтилген конфискациялоо жана чет өлкөдөн активдерди кайтаруу механизмдерин өркүндөтүү.
соттук практиканын бирдейлигин камсыз кылуу жана КИК/ККЛК иштери боюнча сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапатын жогорулатуу.
4КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү сот системасынын кадрдык потенциалын өнүктүрүү.
сот системасынын санариптик трансформациясын жана ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү.
– Системаны институттук бекемдөө жана терең санариптештирүү:
маалымат базаларынын финансылык чалгындоо органынын аналитикалык системасына автоматташтырылган интеграциясын камсыз кылуу.
КИК/ККЛК/МКСКТК боюнча ведомстволор аралык кырдаалдык борборду түзүү.
КИК/ККЛК чөйрөсүндө ведомстволор аралык статистикалык эсепке алуунун комплекстүү системасын киргизүү.
– Үзгүлтүксүз окутуу, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана финансылык коопсуздук:
КИК/ККЛК боюнча даярдоо программаларын ведомстволук окуу жайларга интеграциялоо.
калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча масштабдуу өнөктүктөрдү ишке ашыруу.
КИК/ККЛК/МКСКТК боюнча ведомстволор аралык кырдаалдык борбордун базасында үзгүлтүксүз окутуу системасын камсыз кылуу.
чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен ар тараптуу эл аралык кызматташтыкты активдештирүү.
5-глава. Күтүлүүчү натыйжалар
Стратегияны ишке ашыруу төмөнкүдөй жыйынтыктоочу макроэкономикалык жана институттук өзгөрүүлөргө алып келет:
– өлкөнү ФАТФтын «боз тизмесине» киргизүүдөн жана глобалдык финансылык изоляциядан (де-рискингден) коргоону кепилдеген натыйжалуулук рейтингдерине жетишүү менен ЕАТтын өз ара баалоолорунун 3-раундунан ийгиликтүү өтүү;
– бир күндүк фирмалардын ишине бөгөт коюунун жана төлөмдөрдү санариптештирүүнүн эсебинен көмүскө экономиканын деңгээлин ИДПга карата учурдагы 40 %дан 25 %га чейин төмөндөтүү;
– лицензияланган ВАККтарды бенефициарларды верификациялоо талаптары жана Travel Rule ( «Жол эрежеси») механизмдери менен 100 % камтуу;
– аныкталган, камакка алынган жана мамлекеттин кирешесине иш жүзүндө конфискацияланган криминалдык мүлктүн көлөмүнүн эселеп (өлчөнүүчү) көбөйүшү, бул уюшкан кылмыштуулуктун экономикалык негиздерин биротоло бузат.
Бул стратегиялык максатты ишке ашыруу ФАТФты баалоонун глобалдык методологиясы негизделген ФАТФтын 11 ТТН менен улуттук ведомстволук милдеттерди тикелей интеграциялоо менен тыгыз байланышкан. 2-таблицада мамлекеттик жооп кайтаруу үчүн милдеттүү укуктук алкакты түзүүчү деталдаштырылган шайкештик матрицасы берилген.
2-таблица. Улуттук саясаттын ФАТФтын ТТНдери
менен стратегиялык интеграциялануу матрицасы
ФАТФтын ТТН | Кыргыз Республикасынын стратегиялык интеграциясы жана улуттук милдеттери |
1-ТТН. Тобокелдиктерди баалоо, саясат жана координация | КИК/ККЛК тобокелдиктерин терең, институционалдык жактан бекитилген түшүнүүнү камсыз кылуу. ТУБдун (2022–2024-жж.) жана сектордук баалоолордун корутундуларын бардык компетенттүү органдардын стратегиялык документтерине жана тобокелдик-профилдерине милдеттүү түрдө интеграциялоо |
2-ТТН. Эл аралык кызматташтык | Оффшордук юрисдикцияларга чыгарылган көмүскө капиталдарды ыкчам трансулуттук издөө, камакка алуу жана репатриациялоо үчүн эл аралык укуктук жардам (ЭУЖ) механизмдерин жана «Эгмонт» тобунун корголгон каналдарын проактивдүү колдонуу |
3-ТТН. Көзөмөл | Текшерүүчү органдардын ТБКга толук масштабдуу өтүшү. Ченемдерди сактабагандыгы үчүн натыйжалуу, пропорциялуу жана ооздуктоочу санкцияларды колдонуу менен жогорку тобокелдиктүү секторлорду (анын ичинде виртуалдык активдердин провайдерлерин жана ФЭКЖди) катуу контролдоо |
4-ТТН. Алдын алуу чаралары | Отчет берүүчү субъекттер тарабынан КТТнын күчөтүлгөн чараларын кыйшаюусуз колдонуу. Каражаттардын келип чыгуу булактарын милдеттүү түрдө белгилөө, бенефициарларды верификациялоо, коомдук кызмат адамдарына мониторинг жүргүзүү жана виртуалдык активдер үчүн Travel Rule ( «Жол эрежеси») сактоо |
5-ТТН. Юридикалык жактар жана түзүлүштөр | «Бир күндүк фирмаларды» массалык түрдө каттоого, номиналдык жетекчилердин жана транзиттик фиктивдүү компаниялардын ишине өбөлгө түзгөн аялуулуктарды жоюу. Бенефициардык менчик ээлеринин реестрлерине компетенттүү органдардын тоскоолдуксуз кирүүсү аркылуу корпоративдик сектордун абсолюттук ачык-айкындуулугун камсыз кылуу |
6-ТТН. Финансылык чалгындоо | Уюмдагы мүчөлүктү токтотуп туруу жана эл аралык маалымат алмашуунун корголгон тармагына кирүүгө бөгөт коюу тобокелдигин болтурбоо максатында ФАТФнын 29 сунуштамасына жана «Эгмонт» тобунун базалык принциптерине так ылайык институционалдык коллизияларды четтетүү жана финансылык чалгындоо органынын толук оперативдүү көз карандысыздыгын, кадрдык жана финансылык автономиясын камсыз кылуу. Ыкчам жана стратегиялык талдоо үчүн алдынкы технологиялык IT-чечимдерди киргизүү жана кылмыш териштирүүлөрүн демилгелөө үчүн ФЧБ материалдарын активдүү пайдалануу |
7-ТТН. ККЛКны териштирүү жана кылмыш куугунтуктоосу | Предикаттык кылмыштар (коррупция, УКТ, баңги трафиги) жөнүндө бардык иштер боюнча милдеттүү параллелдүү финансылык териштирүүлөрдү ченемдик бекитүү жана практикада кыйшаюусуз колдонуу. ККЛК үчүн өкүмдөрдү чыгаруунун туруктуу соттук практикасын калыптандыруу |
8-ТТН. Конфискациялоо | Мыйзамсыз алынган активдерди конфискациялоону кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн биринчи кезектеги милдетине айландыруу. Кеңейтилген конфискациялоо, эквиваленттүү нарктагы активдерди конфискациялоо, административдик конфискациялоо жана соттун айыптоо өкүмүнө негизделбеген конфискациялоо механизмдерин мыйзамдык бекитүү жана колдонуу |
9-ТТН. ТИКти териштирүү жана куугунтуктоо | Терроризмди жана экстремизмди каржылоонун гибриддик формаларын, анын ичинде электрондук капчыктар аркылуу краудфандингге, виртуалдык активдерди пайдаланууга жана ячейкаларды криминалдык өзүн-өзү каржылоого («ганимат») бөгөт коюуну өз убагында аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу |
10-ТТН. ТИК алдын алуу чаралары жана санкциялары | МФСти (активдерди тоңдурууну) «кечиктирбестен» (24 саатка чейин) сөзсүз жана автоматташтырылган түрдө колдонуу. Коммерциялык эмес уюмдардын (мындан ары – КЭУ) секторун жарандык коомдун легитимдүү ишине тоскоолдук кылууну кескин жокко чыгарган террористтик кыянатчылыктардан коргоонун максаттуу, пропорциялуу чараларын киргизүү |
11-ТТН. МКККЖК финансылык санкциялары | МКККЖКны алдын алуу боюнча БУУнун МФСин автоматташтырылган имплементациялоо. Санкциялык режимдерди улуттук юрисдикция аркылуу кыйгап өтүүнүн ар кандай аракеттерине, анын ичинде кош багыттагы товарлардын экспортун контролдоо жолу менен бөгөт коюу |
Жогоруда көрсөтүлгөн параметрлерди мамлекеттик саясат системасына жана укук колдонуу практикасына толук масштабдуу интеграциялоо Кыргыз Республикасынын формалдуу ченем чыгаруудан улуттук экономиканы КИК/ККЛК коркунучтарынан коргоо чөйрөсүндө реалдуу, өлчөнүүчү жана далилденген натыйжалуулукка, ошондой эле трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө практикалык натыйжалуулукка өтүүсүн камсыз кылат.
Стратегияны ишке ашыруу ФАТФтын 40-сунуштамасына жана «Эгмонт» финансылык чалгындоо бөлүмдөрү тобунун стандарттарына шайкеш келтирүү боюнча системалык чаралардын комплексин жүргүзүү аркылуу төмөнкүдөй натыйжаларга жетишүүгө багытталган:
– «бир күндүк фирмаларды», транзиттик фиктивдүү компанияларды каттоо каналдарын жоюу жана номиналдык жетекчилердин ишине бөгөт коюу үчүн натыйжалуу укуктук тоскоолдуктарды имплементациялоо (ФАТФтын 24, 25-сунуштамаларына ылайык). Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомунун ченемдерин өнүктүрүү менен компетенттүү органдардын ага тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылуу аркылуу бенефициардык ээлердин бирдиктүү электрондук маалыматтар базасын калыптандыруу каралууда;
– КИК/ККЛК жөнүндө Мыйзамга так багытталган оңдоолорду киргизүү жолу менен МФСти колдонуу механизмдерин деталдаштыруу, бенефициардык ээлердин ачык-айкындуулугуна талаптарды күчөтүү жана финансылык мониторинг субъекттеринин тизмегин актуалдуу тобокелдиктерге шайкеш кеңейтүү;
– укук бузууларды жасоодон пайданы жокко чыгаруу максатында, КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү жоопкерчиликти күчөтүү менен КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын сактабагандыгы үчүн айыптардын жана башка администрациялык жазалардын өлчөмдөрүн кайра кароо жана субъекттерди мыйзамдардын талаптарын так аткарууга түрткү берүү;
– Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекетик кызматына анын толук ыкчам жана финансылык автономиясын камсыз кылуу үчүн ведомстволук баш ийүүдөн чыгаруу аркылуу өз алдынча мамлекеттик органдын статусун берүү;
– КР Министрлер Кабинетине караштуу Комиссиянын 2024-жылдын 13-июнундагы протоколу менен бекитилген ЕАТнын өз ара баалоосуна даярдануу боюнча стратегиялык иш планында каралган бардык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кабыл алуу;
– инспекциялык бөлүмдөрдүн негизги ресурстарын ККЛК жогорку тобокелдигин түзүүчү секторлорго: ВАККка, алмаштыруу бюролоруна, АКСке, коммерциялык банктарга жана кыймылсыз мүлк агенттерине кайра багыттоо;
– лицензиясыз ишти жүзөгө ашыргандыгы, виртуалдык активдер менен иштөө эрежелерин бузгандыгы жана КТТ чараларына көңүл бурбагандыгы үчүн ВАКК жана башка жактар үчүн катуу, пропорционалдуу жана ооздуктоочу санкцияларды белгилөө;
– террористтик кыянаттыктарга объективдүү аялуу болгон КЭУлардын тар тобуна жана диний уюмдарга карата максаттуу, пропорционалдуу жана тобокелдикке багытталган мониторинг чараларын киргизүү;
– оор жана өзгөчө оор предикаттык кылмыштар (коррупция, уюшкан кылмыштуулук, контрабанда, БМЖ жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу) боюнча кылмыш иштерин козгоо менен бир эле мезгилде параллелдүү финансылык териштирүүлөрдү практикалык демилгелөө боюнча тергөө органдарынын (ИИМ, УКМК, МБК) жана прокуратуранын милдеттерин ченемдик бекитүү жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу;
– предикаттык (негизги) кылмыш боюнча соттун өкүмүнүн бар экендигине карабастан, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) үчүн айыптоо өкүмдөрүн чыгаруунун туруктуу соттук жана укук колдонуу практикасын калыптандыруу;
– чыгарылган өкүмдөрдү жалпылоо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун КИК/ККЛ жөнүндө иштер боюнча түшүндүрмөлөрүн (токтомдорун) даярдоо, ошондой эле мүлктү конфискациялоону жана кылмыш-жаза-укуктук таасир этүүнүн башка чараларын колдонуу менен сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу аркылуу соттук практиканын бирдейлигин камсыз кылуу;
– Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине терең ревизия жүргүзүү (ФАТФтын 4-сунуштамасына ылайык);
– эл аралык келишимдерге жана ФАТФтын стандарттарына ылайык сотторго чет өлкөдө жайгашкан кылмыштуу кирешелерди, кылмыш жасоо каражаттарын жана эквиваленттүү көлөмдөгү мүлктү тоңдуруу, камакка алуу жана конфискациялоо жөнүндө токтомдорду чыгаруу боюнча ыйгарым укуктарды берүү;
– жасалма юридикалык жактарды кесиптик көмүскө аянтчаларды («адалдоочу жайларды») аныктоо максатында ведомстволор аралык тергөө-оперативдүү топтору тарабынан үзгүлтүксүз масштабдуу биргелешкен операцияларды жүргүзүү;
– кылмыштуу ишти каржылоого каршы аракеттенүү (ТИК/ЭИК/МКСКЖК) чөйрөсүндөгү МФС системасын модернизациялоо;
– МКСКЖК боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин санкциялык тизмектерине киргизилген жактарга финансылык кызмат көрсөтүүлөргө кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө жол бербөө, ошондой эле подсанкциялык юрисдикцияларга кош багыттагы товарларды жеткирүүгө бөгөт коюу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жана финансылык чалгындоо органынын маалымат базаларын интеграциялоо жүргүзүү;
– комплаенс системаларынын транзакцияларды токтоосуз бөгөттөөгө оперативдүү даярдыгын текшерүүгө багытталган банк сектору жана ВАКК үчүн ведомстволор аралык окууларды жана симуляцияларды үзгүлтүксүз өткөрүү.
6-глава. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Билдирилген стратегиялык максаттарга жетүү жана КИК/ККЛК улуттук системасынын техникалык шайкештигинин жана натыйжалуулугунун жогорку деңгээлин камсыз кылуу үчүн КИК/ККЛК чөйрөсүндөгү реформаларды жогорку саясий колдоо бар, ведомстволор аралык комиссия (мындан ары – ВАК) иштейт, мыйзамдардын техникалык шайкештигинин алдынкы деңгээли камсыз кылынган, финансылык чалгындоо органынын окуу борборунун базасында кадрларды үзгүлтүксүз кесиптик даярдоо жолго коюлган. Санариптештирүүгө глобалдык тренд мамлекеттик башкаруунун транспаренттүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүүчү позитивдүү фактор катары чыгат.
Ушул Стратегияны комплекстүү жана кыйшаюусуз ишке ашыруу КИК/ККЛК улуттук системасынын терең сапаттык трансформациясын камсыз кылат, аны формалдуу ченемдик шайкештик режиминен далилденген практикалык натыйжалуулук режимине өткөрөт.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздугунун концепциясына ылайык кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу, терроризмди каржылоо жана көмүскө экономиканын жогорку деңгээли мамлекеттин эгемендүүлүгүнө, экономикалык көз карандысыздыгына жана конституциялык түзүлүшүнө тикелей жана түздөн-түз коркунуч катары идентификацияланат. Ушуга байланыштуу Стратегияны ишке ашыруунун күтүлгөн макроэкономикалык жана институционалдык натыйжалары төмөнкүлөр болот:
– ЕАТтын өз ара баалоолорунун 3-раундунан ийгиликтүү өтүү (2026–2027-жж.) – 2024–2026-жылдарга стратегиялык иш планды максаттуу ишке ашыруунун алкагында (ВАКтын 2024-жылдын 13-июнундагы № 10 протоколу менен бекитилген) мамлекет улуттук системанын натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн түп-тамырынан бери жогорулатууну амбициялуу максат кылып коёт. Эгерде өз ара баалоолордун 2-раундунун жыйынтыгы боюнча (2018-жыл) Кыргыз Республикасына ТТНдин көбү боюнча натыйжалуулуктун төмөн жана орточо деңгээлдери ыйгарылса, анда алдыдагы циклде мамлекет орточо, олуттуу же жогорку деңгээлдеги рейтингдерди алууну көздөйт. Бул Кыргыз Республикасынын глобалдык финансы системасындагы ишенимдүү жана транспаренттүү өнөктөш катары статусун расмий түрдө ырастайт;
– улуттук экономиканы ФАТФтын «боз тизмесине» киргизүүдөн кепилденген коргоо – юрисдикцияны ФАТФтын күчөтүлгөн мониторинги астында турган өлкөлөрдүн тизмесине («боз тизме») киргизүү сөзсүз түрдө глобалдык финансылык изоляция (де-рискинг) процесстерине – улуттук коммерциялык банктардын корреспонденттик эсептеринин чет өлкөлүк институттар тарабынан массалык түрдө жабылышына, трансчек аралык төлөмдөрдүн кымбатташына, экспорттук-импорттук операциялардын үзгүлтүккө учурашына жана чет өлкөлүк түз инвестициялардын кескин агылып чыгышына алып келет. Кыргыз Республикасы 2009-жылы өлкөнү «боз тизмеге» киргизгенден кийин де-рискингдин эң оор кесепеттерине туш болгон, анда ата мекендик банк сектору иш жүзүндө глобалдык эсептешүү системасынан (өзгөчө АКШ доллары жана евро менен) чыгып калган. Түз корреспонденттик мамилелерди калыбына келтирүү эбегейсиз күч-аракеттерди талап кылган. Ушул Стратегияны өз убагында, алдын ала жана толук масштабдуу ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын финансы системасынын туруктуулугун тышкы геоэкономикалык шоктордон коргоо менен бул критикалык макроэкономикалык тобокелдикти толугу менен минималдаштырат;
– көмүскө экономиканын деңгээлин олуттуу төмөндөтүү – 2022–2024-жылдарга ТУБдун актуалдуу корутундуларына ылайык Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканын деңгээли ИДПга карата 21 %дан 40 %га чейинки критикалык диапазондо бааланат, ал эми банк системасынан тышкаркы накталай акчанын (М0 агрегаты) үлүшү тарыхый жактан 49–57 %га жетет. Контролдонбогон накталай акчанын мындай көлөмү криминалдык транзиттик схемалардын иштеши үчүн фундаменталдуу база катары чыгат. 2023–2027-жылдарга накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Мамлекеттик стратегиянын максаттары менен тыгыз байланышта накталай жүгүртүүнү радикалдуу төмөндөтүү пландалууда. Бул номиналдык жеке ишкерлердин (ЖИ), бир күндүк фирмалардын жана транзиттик фиктивдүү компаниялардын ишин натыйжалуу аныктоо жана бөгөт коюу аркылуу ишке ашат, бул акырында акча жүгүртүүнүн фискалдык ачык-айкындуулугун камсыз кылат;
– УКТнын экономикалык негиздерин бузуу жана социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүү – Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун саясий курсуна ылайык капиталды мыйзамсыз чыгарууга каршы күрөшүү жана активдерди кайтаруу локалдык операциялык милдеттердин катарынан мамлекеттик жогорку артыкчылыктуу рангга которулган. Стратегия милдеттүү параллелдүү финансылык териштирүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылат, бул аныкталган, камакка алынган жана конфискацияланган кылмыштуу активдердин көлөмүнүн эселеп өсүшүнө алып келет, андан кийин алар мамлекеттин кирешесине кайтарылат. Бул механизм трансулуттук УКТлардын жана коррупциялык тармактардын финансылык базасын биротоло буза турган негизги кылмыш-жазык-укуктук чара катары, ошондой эле мамлекеттик бюджетти толуктоонун жана стратегиялык маанилүү объекттерди элдин менчигине кайтаруунун реалдуу инструменти катары позицияланат;
– жарандык эркиндиктерди жана легитимдүү жарандык коомду коргоо – мамлекеттик саясат ак ниет КЭУларга карата терроризмге каршы инструменттерди (ТКА чараларын) негизсиз жана кеңири колдонуу практикасын толук, караманча жокко чыгарууга багытталган. 2022-жылга КЭУ секторундагы ТСБнын натыйжаларына ылайык сектордун субъекттеринин басымдуу көпчүлүгү үчүн тобокелдиктер төмөн катары бааланат. ФАТФтын 8-сунуштамасына так, кыйшаюусуз ылайык келүүдө мамлекет жалаң гана максаттуу, пропорциялуу жана тобокелдикке багытталган башкаруу чараларын киргизет. Көзөмөлдөө иш-чаралары терроризмди жашыруун каржылоо үчүн кыянаттык менен пайдалануу коркунучуна объективдүү дуушар болгон уюмдардын (айрыкча, айрым аялуу фонддордун) тар үлүшүнө гана багытталат. Мындай чекиттүү, такталган мамиле легитимдүү өкмөттүк эмес сектордун мыйзамдуу укук коргоочулук, кайрымдуулук жана социалдык ишин эч кандай чектебестен, улуттук коопсуздукту ишенимдүү коргоого кепилдик берет;
– виртуалдык активдер секторунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу – чараларды практикалык ишке ашыруу чет өлкөлүк ВАККтын 40–60 %ын каттоо боюнча милдеттүү талаптар менен камтууга; лицензиясы бар ВАККтын 80–90 %ында Travel Rule («Жол эрежеси») талаптарынын имплементацияланышын камсыз кылууга; бенефициардык ээлерин толук ачкан ВАККтын үлүшүн 95–100 %га жеткирүүгө жана 2030-жылга карата виртуалдык активдер секторундагы ККЛдин калдык тобокелдигинин деңгээлин «орточо/төмөнгө» чейин төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет.
Мамлекеттик ресурстардын фокусу ырасталган тобокелдиги бар секторлорго гана багытталган. Бул мамиленин алкагында адвокаттар жана бухгалтерлер өз кардарлары үчүн ФАТФтын сунуштамаларынын аракетине кирген тармактарда бүтүмдөрдү жүзөгө ашырбагандыгына байланыштуу алар 2018-жылдан бери КИК/ККЛК субъекттеринин катарынан чыгарылган, ал эми алардын иши жалаң гана коммерциялык эмес (укук коргоочулук) мүнөзгө ээ, бул мамлекетке ресурстарды чачыратпоого жана көзөмөлдөө потенциалын аялуу финансылык институттарга гана топтоого мүмкүндүк берет.
Ишке ашыруу үчүн шарттарды баалоо
Ушул стратегиялык документти натыйжалуу, толук масштабдуу жана өз убагында ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасында бекем институционалдык, ченемдик-укуктук жана оперативдүү пайдубал түзүлгөн. КИК/ККЛК улуттук системасы жетиштүү бекемдик запасына жана практикалык натыйжалуулук фазасына өтүү үчүн зарыл өбөлгөлөргө ээ:
– КИК/ККЛК чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформаларды жогорку саясий колдоону камсыз кылуу, бул Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-апрелиндеги № 09-8714 түз тапшырмасы менен императивдик түрдө бекитилген. Ушул Стратегиянын максаттарын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 20-декабрындагы № 570 Жарлыгы менен бекитилген Улуттук коопсуздуктун концепциясына интеграциялоо жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан стратегиялык пландоонун бирдиктүү стандарттарын ишке ашыруу бардык бийлик бутактарынын күч-аракеттерин консолидациялоого жана Стратегияны ишке ашырууда ведомстволор аралык тоскоолдуктарды абсолюттук жоюуга кепилдик берет;
– өлкөдө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын төрагалыгы астында ВАКтын иштеши. Ар тараптуу контролду камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 «Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) карты аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтому менен ВАКтын курамы стратегиялык жактан кеңейтилген: ага кошумча Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары, Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин (ВАУА) жетекчиси киргизилген. ВАКтын үзгүлтүксүз жыйналыштары (анын ичинде 2026-жылдын июнь айында МКСКЖК ТУБ жыйынтыктарын бекиткен 17-жыйналыш) бул органдын тармактар аралык милдеттерди ыкчам чечүү үчүн координациялык аянтча катары натыйжалуулугун далилдеди;
– Кыргыз Республикасында профилдик мыйзамдарды түзүү жана үзгүлтүксүз өркүндөтүү, анын өзөгүн КИК/ККЛК жөнүндө Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 739 токтому менен бекитилген мыйзам алдындагы актылардын пакети түзөт. Эл аралык талаптарды имплементациялоо боюнча план ченемдүү иштин натыйжасында ЕАТтын өз ара баалоолорунун учурдагы 3-раундунун жүрүшүндө улуттук укуктук система техникалык шайкештиктин алдынкы деңгээлин көрсөтүүдө. ФАТФтын негизги сунуштамалары боюнча «жарым-жартылай шайкештик» же «шайкеш эместик» рейтингдеринин жоктугу Кыргыз Республикасын өз ара баалоонун 2-раундунун жыйынтыгы боюнча ишенимдүү укуктук каркасты түзөт. Бул мамлекетке Стратегияны ишке ашыруунун алкагында бардык бошотулган ресурстарды улуттук системанын практикалык укук колдонуу натыйжалуулугун жогорулатууга гана кайра багыттоого мүмкүндүк берет;
– жаңы технологияларды көзөмөлдөөнүн функционалдык архитектурасы курулган. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын (мындан ары – Финкөзөмөл) 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча отчетуна ылайык ВАКК сектору «боз» зонадан чыгарылган: лицензиялоо режими ийгиликтүү иштеп жатат (алмашуу операторлоруна жана криптобиржаларга лицензиялар берилген), транзакцияларга математикалык скоринг-мониторинг киргизилген, алардын жүгүртүүсү 2,7 трлн сомго жеткен. Бул инфраструктуранын жана профилдик Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин болушу мамлекеттин татаал технологиялык чечимдерди, анын ичинде Travel Rule (Жол эрежеси – виртуалдык активдерди которууда берилүүчү коштоочу маалыматка коюлган талаптар) имплементациялоого даярдыгын камсыз кылат;
– мамлекеттик кызмат системасынын алкагында финансылык чалгындоо органынын окуу борборунун (ФЧМК ОБ) базасында тергөө, прокуратура органдарынын жана текшерүүчү (көзөмөлдөөчү) органдардын кадрларын үзгүлтүксүз кесиптик даярдоонун жолго салынышын камсыз кылуу. Глобалдык КИК/ККЛК архитектурасына проактивдүү интеграциялануу, анын ичинде ЕАТтын, КМШга катышуучу мамлекеттердин финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңешинин жана «Эгмонт» тобунун алкагында активдүү өз ара аракеттенүү компетенттүү органдардын алдынкы ыкчам тажрыйбага, аналитикалык IT-инструменттерге жана корголгон маалымат алмашуу механизмдерине туруктуу жетүүсүн камсыз кылат. Муну менен катар финансы секторунун трансформациялануучу тобокелдиктерине адекваттуу чара көрүү үчүн профилдик кызматкерлердин (комплаенс-офицерлердин жана инспекторлордун) квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатууну камсыз кылуучу КИК/ККЛК улуттук системасынын кадрдык потенциалын жогорулатуу жана өнүктүрүү боюнча чаралардын комплекси ишке ашырылууда;
– текшерүүчү органдар тарабынан тобокелдикке багытталган санкцияларды колдонуунун адекваттуу практикасы калыптанган. КИК/ККЛК бузуулары үчүн административдик айып пулдар КЭУларга эмес, максаттуу түрдө профилдик ФМге жана ФЭКЖге салынат, бул катуу көзөмөл менен жарандык секторго негизсиз басым жасоого жол бербөөнүн ортосундагы баланстын сакталышын ырастайт.
Аткарылбай калуу тобокелдиктери
жана аларды минималдаштыруу механизмдери
Стратегиялык пландоо Стратегиянын өзүнүн аткарылбай калуу тобокелдиктерин болжолдоо менен ажырагыс байланыштуу. Чаралар комплексин ийгиликтүү имплементациялоо мамлекеттин институттук, укуктук, ресурстук жана операциялык тоскоолдуктарды алдын ала аныктоо жана нейтралдаштыруу жөндөмүнөн түздөн-түз көз каранды.
3-таблицада ички жана тышкы тобокелдиктердин кеңейтилген матрицасы аларды минималдаштыруунун императивдик укуктук жана административдик механизмдерин деталдаштыруу менен келтирилген.
3-таблица. Стратегияны ишке ашыруу тобокелдиктеринин матрицасы жана аларды минималдаштыруу механизмдери
Стратегиянын аткарылбай калуу тобокелдигинин сыпатталышы | Тобокелдик деңгээли | Тобокелдикти төмөндөтүү механизмдери |
Мамлекеттик ведомстволордун IT-системаларын капиталдык модернизациялоо (МФСти автоматташтыруу) үчүн бюджеттик каражаттардын жетишсиздиги. Көзөмөлдөөчү органдардын тез өсүп жаткан виртуалдык активдер секторун натыйжалуу технологиялык контролдоону камсыз кылууга жөндөмсүздүгү (ВАККтын жалпы жүгүртүүсү 2025-жылы 2,7 трлн сомдон ашкан) | Жогору | Деталдуу финансылык-экономикалык негиздемени колдонуу менен донордук жардамдын механизмдерин (ЕККУнун, БУУ БКБнын, ЭВФтин, Европа Бирлигинин түзүмдөрүнүн ж.б. программаларын) активдүү тартуу жана ЕАТ боюнча өнөктөш мамлекеттерден техникалык көмөк алуу. ВАКК транзакцияларына өтмө мониторинг жүргүзүү жана Travel Rule (Жол эрежеси) контролдоо үчүн адистештирилген аналитикалык блокчейн-платформаларды жана көзөмөлдүн математикалык скоринг-моделдерин киргизүү |
Тергөө органдарында жана соттордо өзгөчө компетенциялардын курч тартыштыгы, бул милдеттүү параллелдүү финансылык териштирүүлөрдү этибарга албоодон, кеңейтилген конфискациялоону колдонуунун төмөн деңгээлинен жана акчаны автономдуу адалдагандыгы үчүн куугунтуктоо практикасынын жоктугунан көрүнөт | Жогору | ККЛ категориясындагы кылмыш иштерин кароо жана конфискациялоо практикасы боюнча КР Жогорку сотунун Пленумунун деталдаштырылган методикалык сунуштамаларын иштеп чыгуу жана киргизүү. Укук коргоо органдарынын жетекчилери үчүн ВАК жыйналыштарында индикаторлорго жетишүүнүн квартал сайын мониторингин жүргүзүү менен сандык өлчөнүүчү натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн (ННК) киргизүү |
КИК/ККЛК жөнүндө мыйзамдардын императивдик талаптарынын (ведомстволор аралык маалымат алмашуу жана бенефициардык ээлер бөлүгүндө) жана «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин ортосунда юридикалык карама-каршылыктардын келип чыгышы, бул көзөмөлдөөчү жана аналитикалык ишти бөгөттөшү мүмкүн | Орточо | ТККА/КА талаптарынын маалыматтарды коргоо эрежелерине шайкештигин камсыз кылуу боюнча кызматташуунун жана координациялоонун адистештирилген тартибин имплементациялоо. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин милдеттүү катышуусу менен ВАКтын арбитражынын алкагында коллизияларды чечүүнүн бекитилген үч деңгээлдүү алгоритмин колдонуу |
Кыргыз Республикасын транзиттик тобокелдиктердин жогорулатылган деңгээли жана корпоративдик сектордогу аялуулуктары бар юрисдикция катары классификацияланышынын натыйжасында глобалдык финансылык институттар тарабынан корреспонденттик мамилелердин чектелиши же токтотулушу | Жогору | Проактивдүү маалымат саясатын ишке ашыруу: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана финансылык чалгындоо органынын чет өлкөлүк жөнгө салуучулар жана эл аралык өнөктөштөр менен алдын алуучу өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу. Номиналдык «бир күндүк фирмаларды» жоюунун натыйжалуулугу жана КИК/ККЛК улуттук системасынын абсолюттук ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жөнүндө верификацияланган маалыматтарды системалуу түрдө берүү |
Финансылык чалгындоо органынын ведомстволук баш ийүүдө (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмүндө) болушу маалыматтарды изоляциялоо принцибинин бузулушунан улам «Эгмонт» тобуна мүчөлүктүн токтошунун критикалык тобокелдигин жана ФАТФтын 29-сунуштамасы боюнча шайкеш эместик рейтингин коюу тобокелдигин алып жүрөт | Жогору | Финансылык чалгындоо органына өз алдынча мамлекеттик органдын статусун берүү боюнча түзүмдүк институттук реформаны демилгелөө. Финансылык талдоо жана эл аралык маалымат алмашуу процесстерине кандай гана болбосун укуксуз ведомстволук кийлигишүүнү болтурбоо үчүн финансылык чалгындоо органынын толук кадрдык, финансылык жана операциялык автономиясын ченемдик бекитүү |
ТИК жана ККЛ криминалдык агымдарынын банктык эмес сектордун аялуу сегменттерине жылышы (атап айтканда, накталай акчага айландыруу үчүн күрөөканалардын инфраструктурасын жана ТИК көмүскө которуулары үчүн алыскы региондордогу почта байланыш ишканаларын колдонуу) | Орточо | Күрөөканалардын жана почта байланыш ишканаларынын бекитилген ТСБ отчетторунун базасында иштелип чыккан көзөмөлдүн адистештирилген матрицаларын жана инспекторлорду окутуу программаларын киргизүү |
БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкциялык тизмектеринин автоматташтырылган скринингинин жоктугунан улам жеке сектордун субъекттеринин активдерди кечиктирбестен бөгөттөөнү камсыз кылууга жөндөмсүздүгү же даяр эместиги | Жогорку | Жеке секторду даректүү окутуу үчүн 2025-жылдагы МКСКЖК ТУБдун тыянактарын имплементациялоо жана «Түндүк» СӨС аркылуу бирдиктүү санкциялык шлюзду интеграциялоо
|
Мүмкүн болгон системалык тобокелдиктер – IT-системаларды модернизациялоо үчүн бюджеттик каражаттардын курч тартыштыгы жана тергөө органдарында параллелдүү финансылык териштирүүлөрдү жүргүзүү боюнча өзгөчө компетенциялардын тартыштыгы. Жеке маалыматтарды коргоо жөнүндө ченемдердин КИК/ККЛК талаптары менен институттук конфликт тобокелдиги.
Минималдаштыруу механизмдери – финансылык ажырымды жабуу үчүн өнөктөш мамлекеттерден жана эл аралык донорлордон (ЕККУ, БУУ БКБ, ЭВФ, Европа бирлигинин түзүмдөрү жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөр) максаттуу техникалык жардамды тартуу. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун методикалык сунуштамаларын иштеп чыгуу, тергөө органдарынын жетекчилери үчүн натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн (ННК) жана ВАКтын арбитражы аркылуу коллизияларды чечүү алгоритмдерин ишке киргизүү.
7-глава. Мониторинг жүргүзүү
жана натыйжалуулукту баалоо
Стратегияны ишке ашырууга стратегиялык контролду жүргүзүүчү улуттук координациялоочу орган катары ВАК чыгат. Техникалык мониторинг жүргүзүү, комплекстүү статистиканы чогултуу жана прогрессти баалоо финансылык чалгындоонун ыйгарым укуктуу органына жүктөлөт.
Баалоо ФАТФтын 11 түздөн-түз натыйжаларына (мындан ары – ТТН) жана улуттук туруктуу өнүгүү максаттарына так байланган ННКнын индикаторлорунун деталдаштырылган матрицасынын негизинде жүргүзүлөт. Ишке тартылган мамлекеттик органдар финансылык чалгындоо органына отчетторду үзгүлтүксүз берет, ал жыйынды аналитикалык отчетту түзөт.
Мониторингдин жыйынтыктары түзөтүүчү чечимдерди кабыл алуу үчүн ВАКтын жыйналыштарында (жылына бир жолудан кем эмес) талкууланат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилет, кийин ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жарыяланат. Иш-чараларды базалык каржылоо өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн ресурстарын тартуу менен республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
Системалык мониторинг жүргүзүү, аткарылышын ведомстволор аралык контролдоо жана ушул Стратегияны ишке ашыруунун орто аралыктагы натыйжаларын баалоо процесси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-августундагы № 484 токтому менен бекитилген Мамлекеттик стратегиялык документтерди түзүү боюнча стандарттын талаптарына ылайык так, кыйшаюусуз түзүлгөн. Кыргыз Республикасын ЕАТтын алдыдагы өз ара баалоонун 3-раундуна даярдоонун контекстинде Стратегиянын ийгиликтүүлүгүнүн фундаменталдык критерийи катары пландалган иш-чаралардын формалдуу техникалык аткарылышы гана эмес, ФАТФтын 11 ТТНнын алкагында улуттук системанын иштөөсүнүн далилденген практикалык натыйжалуулугу да чыгат.
Стратегиянын жооптуу аткаруучулары катары аныкталган бардык профилдик министрликтер, укук коргоо ведомстволору жана текшерүүчү (көзөмөлдөөчү) мамлекеттик органдар ВАКтын кезектеги жыйналышын өткөрүү күнүнө чейин 15 жумуш күндөн кечиктирбестен верификацияланган статистикалык маалыматтар менен бекемделген кеңири жазуу жүзүндөгү отчетторду финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү. Мониторинг жүргүзүүдө текшерүүчү органдардын тобокелдик деңгээли жогору болгон секторлор боюнча деталдаштырылган отчеттуулугуна өзгөчө көңүл бурулат.
Иш-аракеттердин ведомстволук пландары менен интеграциялоо механизмдери жана Индикаторлор матрицасы
Билдирилген стратегиялык максаттарга жетүүнү жана чаралардын аткарылышынын толуктугун баалоо Чаралар планына (Жол картасына) милдеттүү тиркемелер түрүндө иштелип чыгуучу мониторингдин үч негизги инструментине: Индикаторлор матрицасына (базалык, орто аралыктагы жана максаттуу сандык көрсөткүчтөрдү камтыган, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрүн түз интеграциялоо менен), Ресурстук наркты баалоо жөнүндө отчетко (республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, бюджеттен тышкаркы каржылоонун деталдуу көлөмдөрүн жана финансылык ажырымдарды аныктоочу), ошондой эле үзгүлтүксүз стандартташтырылган ведомстволор аралык отчеттуулуктун форматына негизделет.
Ушул Стратегиянын максаттары, милдеттери жана максаттуу индикаторлору аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын тартылган бардык укук коргоо, сот, текшерүүчү (көзөмөлдөөчү) жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын иш-аракеттеринин ведомстволук пландарына (өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарына) ырааттуу имплементацияланууга жана түз интеграцияланууга тийиш.
Пландалган натыйжаларга жетүүнү объективдүү баалоо Стратегияны ишке ашыруу индикаторлорунун деталдаштырылган матрицасынын негизинде гана жүргүзүлөт. Индикаторлор матрицасы 2022-2024-жылдарда ТУБда аныкталган алсыздыктарды жоюу боюнча милдеттерге жана ФАТФтын 11 ТТНнын максаттарына так байланган өлчөнүүчү сандык жана сапаттык натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүнүн (ННК) көп деңгээлдүү системасын билдирет.
Ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча финансылык чалгындоо органы укук колдонуунун натыйжалуулугунун жетишилген жыйынтыктарын, эл аралык стандарттарга техникалык шайкештик даражасын белгилөөчү жана пландалган иш-чаралардын аткарылбай калуу тобокелдиктерин чагылдыруучу Стратегиянын аткарылышы жөнүндө жыйынды аналитикалык отчетту түзөт. Бул отчет ВАКтын жыйналышында каралгандан жана жактырылгандан кийин, мамлекеттик стратегиялык документтер боюнча отчеттуулуктун белгиленген тартибине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана КР ПАнын тиешелүү профилдик түзүмдүк бөлүмүнө жиберилет.
Мындан тышкары Индикаторлор матрицасы милдеттүү тартипте Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан расмий жарыялануучу туруктуу өнүгүү максаттарынын 5тен 10го чейинки глобалдык жана улуттук көрсөткүчтөрүн камтыйт.
Мамлекеттик Стратегияга өзгөртүүлөр мониторингдин жыйынтыктары боюнча жылына бир жолудан көп эмес (форс-мажордук кырдаалдарды кошпогондо), анын ичинде 2024-жылы жаңыланган ФАТФтын техникалык шайкештигин жана натыйжалуулугун баалоо методологиясына шашылыш институттук адаптациялоо зарыл болгондо киргизилиши мүмкүн.
КИК/ККЛК улуттук системасындагы
комплекстүү статистикалык эсепке алуу
КИК/ККЛК улуттук системасынын натыйжалуулугун далилдөөнүн фундаменталдык шарты катары бардык компетенттүү органдар тарабынан ар тараптуу жана актуалдуу статистиканы колдоо чыгат. Мамлекет системанын иштөөсүн объективдүү баалоо жана ЕАТтын өз ара баалоосунан өтүү үчүн статистикалык эсепке алуунун бирдиктүү стандартын ишке киргизет. Деталдаштырылган статистиканы жүргүзүү бардык ишке тартылган субъекттер үчүн милдеттүү болот жана төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:
– алдын алуу чаралары жана көзөмөлдөө: финансы секторунун жана ФЭКЖ секторунун өлчөмү жана түзүмү, жиберилген ШОБдун саны жөнүндө маалыматтарды чогултуу, ошондой эле көзөмөлдөө ишин деталдуу эсепке алуу (көчмө/камералдык текшерүүлөрдүн, аныкталган бузуулардын жана салынган санкциялардын саны);
– юридикалык жактардын ачык-айкындуулугу: базалык жана бенефициардык маалыматты бербегендиги үчүн санкциялар, КИК/ККЛК максаттарында фиктивдүү компанияларды колдонуу фактыларынын жана мажбурлап жоюлган юридикалык жактардын саны боюнча статистиканы белгилөө;
– финансылык териштирүүлөр жана конфискациялоо: КИК/ККЛК боюнча козголгон, сотко жиберилген жана токтотулган кылмыш иштеринин, айыптоо жана актоо өкүмдөрүнүн санын, камакка алынган, тоңдурулган жана иш жүзүндө конфискацияланган мүлктүн (анын ичинде эквиваленттүү көлөмдөгү каражаттардын) көлөмдөрүн милдеттүү эсепке алуу;
– МФС жана эл аралык кызматташуу: ТИК/МКСКЖК боюнча санкциялык тизмектерге киргизилген/чыгарылган адамдардын санын, тоңдурулган активдердин көлөмдөрүн белгилөө, ошондой эле бардык келген жана чыккан эл аралык суроо-талаптарды (өз ара укуктук жардам, экстрадициялоо, ФЧБ линиясы боюнча алмашуу) эсепке алуу. Унификацияланган статистикалык формаларды иштеп чыгуу жана аталган маалыматтарды консолидациялоо текшерүүчү, укук коргоо жана сот органдары менен өз ара аракеттенүүдө финансылык чалгындоо органына жүктөлөт.
Майнаптуулуктун жана натыйжалуулуктун индикаторлоруна негизделген мониторинг системасы жана мамлекеттик Стратегияны ишке ашыруунун мониторинги жөнүндө отчеттун бирдиктүү формасы мониторинг процессин автоматташтырууну ишке киргизүү менен КР МК тарабынан аныкталат. Мониторинг жөнүндө отчеттун түзүмү: иш-чаралардын аталышын, баштапкы мөөнөттөрдү/аяктоо даталарын жана күтүлгөн натыйжаларды, отчеттук мезгилде аткарылган иштин учурдагы абалын/натыйжаларын, отчеттук мезгилде чаралардын аткарылышынын прогрессин жана аткарылбай калуу/толук эмес аткаруу тобокелдиктерин, жооптуу аткаруучуларды, кийинки мониторинг мезгилинин ичинде кырдаалды оңдоо боюнча чараларды камтууга тийиш.
Ресурстук камсыздалышын баалоо
Иш-чараларды ишке ашырууну базалык финансылык камсыздоо КИК/ККЛК чөйрөсүндө мамлекеттин таасирдүү саясатын жүргүзүү үчүн зарыл шарт болуп саналган республикалык бюджетти түзүүдө жана аткарууда мамлекеттин бюджетинен, ошондой эле КИК/ККЛК жаатындагы кызматташтыктын алкагында көрсөтүлүүчү техникалык жана эксперттик жардам багыты боюнча эл аралык уюмдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн тартылган ресурстарынан жүзөгө ашырылат.
Ишке тартылган мамлекеттик органдар Стратегияны ишке ашырууну тиешелүү жылдарга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын алкагында алардын ишин каржылоого каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүүгө тийиш.
Иш-чаралар планы стратегиялык документтин планын бюджеттөө баскычында белгилене турган мүмкүн болгон булактардан реалдуу каржылоо менен камсыздалышы керек.
Жогорку технологиялык жана инфраструктуралык чараларды (жасалма интеллект системаларын киргизүү, Кырдаалдык борбор үчүн серверлерди сатып алуу, маалымат базаларын интеграциялоо модулдарын иштеп чыгуу, ВАККны көзөмөлдөө үчүн эл аралык блокчейн-аналитикалык платформаларына жазылуу) ишке ашырууда болжолдонуучу финансылык ажырым (тартыштык) бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуунун эсебинен жабылууга тийиш. Белгиленген Стандартка жана эл аралык баалоолордун практикасына ылайык тартыштыкты жабуу эл аралык донордук уюмдардан (ЕККУ, БУУ БКБ, ЭВФ, Европа Бирлигинин түзүмдөрү, Дүйнөлүк банктын түзүмдөрүнүн программалары жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөр) жана ЕАТ боюнча өнөктөш мамлекеттерден максаттуу техникалык жардамды жана гранттарды мобилизациялоо жолу менен камсыз кылынат.
Стратегия 2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча биргелешип бекитилген Иш-чаралар планы (Жол картасы) жана белгиленген иш-чаралардын ресурстук наркын баалоо менен Индикаторлор матрицасы аркылуу ишке ашырылууга тийиш.
Кыскартуулардын тизмеси
КР ПА | – | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы |
БЭ | – | бенефициар ээси |
ВА | – | виртуалдык активдер |
ИДП | – | ички дүң продукт |
ӨУЖ | – | өз ара укуктук жардам |
КР ЖС | – | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту |
УКМК | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети |
МСК | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы |
КР БП | – | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы |
ФЧМК | – | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (финансылык чалгындоо органы) |
МБК | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы |
ЕАТ | – | Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топ |
ЖИ | – | жеке ишкер |
КР МК | – | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети |
ННК | – | натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрү |
КР | – | Кыргыз Республикасы |
ККЛ | – | кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) |
ВАК | – | Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия |
ИИМ | – | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги |
ЭВФ | – | Эл аралык валюта фонду |
ТИМ | – | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги |
ЮМ | – | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги |
ЭКМ | – | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги |
ВАУА | – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттик |
КР УБ | – | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы |
КЭУ | – | коммерциялык эмес уюм |
БМЖ | – | баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү |
ТУБ | – | Кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин улуттук баалоо |
ЧУА | – | ченемдик укуктук акт |
КТТ | – | кардарды талаптагыдай текшерүү |
ТТН | – | Түздөн-түз натыйжа (ФАТФ техникалык шайкештикти жана натыйжалуулукту баалоо методологиясы боюнча) |
ФЭКЖ | – | финансылык эмес категориядагы жактар |
ЕККУ | – | Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму |
БУУ | – | Бириккен Улуттар Уюму |
УКТ | – | уюшкан кылмыштуу топ (коомдоштук) |
ЖЧК | – | жоопкерчилиги чектелген коом |
ИКП | – | Ички контролдоо программасы |
АА/ТККА | – | акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү |
ВАКК | – | Виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчү |
КА/ТКК | – | Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү |
ФЧБ | – | Финансылык чалгындоо бөлүмү |
ТБК | – | тобокелдикке багытталган көзөмөл |
ТБМ | – | тобокелдикке багытталган мамиле |
БУУ КК | – | Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши |
АКС | – | акча которуу системалары |
КМШ | – | Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги |
ТСБ | – | Кылмыштуу ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин сектордук баалоо |
ШОБ | – | шектүү операция (бүтүм) жөнүндө билдирүү |
ӨЖУ | – | өзүн-өзү жөнгө салуу уюму |
ФЧБЖК | – | КМШга катышкан мамлекеттердин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңеши |
«Түндүк» СӨС | – | «Түндүк» санариптик өз ара аракеттенүү системасы |
КР КЖК | – | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси |
БУУ БКБ | – | БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы |
КР КЖПК | – | Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси |
ФАТФ (FATF) | – | Кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобу |
Финкөзөмөл | – | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы |
КИК | – | Кылмыштуу ишти каржылоо (ТИК, ЭИК, МКСКЖК жана УКТны каржылоону камтыйт) |
МКСКЖК | – | массалык кыргын салуучу куралды жайылтууну каржылоо |
ТИК | – | террористтик ишти каржылоо |
ФМ | – | финансылык мекемелер |
ЭИК | – | экстремисттик ишти каржылоо |
ТӨМ | – | туруктуу өнүктүрүү максаттары |
МФС | – | максаттуу финансылык санкциялар |
SE | – | ФАТФ Substantial Effectiveness натыйжалуулугунун түздөн-түз жыйынтыктары боюнча олуттуу шайкештик (ОШ) |
Travel Rule | – | Жол эрежеси – ФАТФтын виртуалдык активдерди жөнөтүүчү жана алуучу жөнүндө маалыматты берүү боюнча ВАККка карата императивдик талабы (16-сунуш) |
IT | – | Information Technology маалыматтык технологиялар |