Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-февралы № 13
Сокулук, Ысык-Ата, Москва жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери келип түштү:
1. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 9-февралындагы № 1 Чүй облусунун Сокулук районунун Сары-Өзөн айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 6-февралындагы № 1 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык кеңеши боюнча;
- Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 9-февралындагы № 1 Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 3-февралындагы № 1 Баткен облусунун Кадамжай районунун Молдо Нияз айылдык кеңеши боюнча жана 2026-жылдын 6-февралындагы № 3 Айдаркен шаардык кеңеши боюнча.
2) "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 9-февралындагы № 1 Чүй облусунун Сокулук районунун Сары-Өзөн айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 6-февралындагы № 1 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айылдык кеңеши боюнча;
- Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 9-февралындагы № 1 Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айылдык кеңеши боюнча;
- Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 3-февралындагы № 2 Баткен облусунун Кадамжай районунун Молдо Нияз айылдык кеңеши боюнча.
3) Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 6-февралындагы № 4 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 11-бөлүгүнүн негизинде Баткен облусунун Айдаркен шаардык кеңеши боюнча бош калган мандатты саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечим.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, катталган талапкерди жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдерин бекитет".
Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Сокулук, Ысык-Ата, Москва жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Сокулук, Ысык-Ата, Москва жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды депутаттыкка талапкерлердин тизмесиндеги катталган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык.
2. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Сокулук, Ысык-Ата, Москва жана Кадамжай аймактык шайлоо комиссиялары 2-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С.Жупуевага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы |
| Т.Шайназаров |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 11-февралындагы № 13 токтомуна 1-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө ЧЕЧИМДЕРИ
№ | АШКнын депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечиминин № жана датасы, негиз | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын аты-жөнү |
Чүй облусу | |||
Сокулук району | |||
1 | Сокулук АШК, № 1, 09.02.2026-ж. (02.02.2026-ж. өз арызы) | Сары-Өзөн айылдык кеңеши (№ 6 шайлоо округу) | Темирканов Туратбек Уланович |
Ысык-Ата району | |||
2 | Ысык-Ата АШК, № 1, 06.02.2026-ж. (26.01.2026-ж. өз арызы) | Узун-Кыр айылдык кеңеши (№ 5 шайлоо округу) | Султанбекова Саламат Султанбековна |
Москва району | |||
3 | Москва АШК, № 1, 09.02.2026-ж. (09.02.2026-ж. өз арызы) | Ак-Суу айылдык кеңеши (№ 2 шайлоо округу) | Эржан уулу Бекзат |
4 | Москва АШК, № 1, 09.02.2026-ж. (09.02.2026-ж. өз арызы) | Ак-Суу айылдык кеңеши (№ 6 шайлоо округу) | Данияров Калмырза Даниярович |
Баткен облусу | |||
Кадамжай району | |||
5 | Кадамжай, № 1, 03.02.2026-ж. (02.02.2026-ж. өз арызы) | Молдо Нияз айылдык кеңеши (№ 3 Кайтпас шайлоо округу) | Абдубаннопова Рузигул Абдумалик кизи |
6 | Кадамжай АШК, № 3, 06.02.2026-ж. (05.02.2026-ж. өз арызы) | Айдаркен шаардык кеңеши | Хамбаров Руслан Хамдамалиевич (2) "Ынтымак" депутаттык фракциясы |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 11-февралындагы № 13 токтомуна 2-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндө ЧЕЧИМДЕРИ
№ | АШКнын бош калган депутаттык мандатты өткөрүп берүү жөнүндө чечиминин № жана датасы | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызмат орду |
Чүй облусу | ||||
Сокулук району | ||||
1 | Сокулук АШК, № 1, 09.02.2026-ж. | Сары-Өзөн айылдык кеңеши (№ 6 шайлоо округу) | Шамбеталиев Рамис Буланбекович | Убактылуу иштебейт |
Ысык-Ата району | ||||
2 | Ысык-Ата АШК, № 1, 06.02.2026-ж. | Узун-Кыр айылдык кеңеши (№ 5 шайлоо округу) | Багаудинова Мадина Гайратовна | Сатуучу |
Москва району | ||||
3 | Москва АШК, № 1, 09.02.2026-ж. | Ак-Суу айылдык кеңеши (№ 2 шайлоо округу) | Раимбеков Бекназар Мусаевич | ЖЧК "Алтын Кен", котормочу |
4 | Москва АШК, № 1, 09.02.2026-ж. | Ак-Суу айылдык кеңеши (№ 6 шайлоо округу) | Мирлан уулу Алтынбек | "Бакас" дыйкан чарбасы-фермер |
Баткен облусу | ||||
Кадамжай району | ||||
5 | Кадамжай, № 2, 03.02.2026-ж. | Молдо Нияз айылдык кеңеши (№ 3 Кайтпас шайлоо округу) | Кулмаматова Зулхумор Машраповна | Ак-Тилек жалпы билим берүү мектебинде мугалим |
6 | Кадамжай АШК, № 4, 06.02.2026-ж. | Айдаркен шаардык кеңеши | Саттиев Бобур Рустамович (7) "Ынтымак" саясий партиясы | "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын "Ошгаз" филиалынын Баткен эксплуатациялык кызматынын Кадамжай газ ишканасында слесарь |