Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-октябры № 660
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Д. Садырбаев айыл аймагында жайгашкан жер тилкесин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 13-пунктуна, «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 121-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2026-жылдын 6-июлундагы № 01-12/5142 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 26 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Д. Садырбаев айыл аймагынын Масы айылынын № 439а контурунда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 9,16 га сугат айдоо жер тилкеси «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалга келтирүү боюнча чараларды көрүүнү;
4) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
5) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды, ошондой эле тиешелүү аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо боюнча колдонмону сактоону;
6) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды күтүүнү жана коргоону, Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык казуу жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөлдөө үчүн адис археологду тартууну;
7) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
8) чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы мыйзамдарына ылайык экологиялык жана санитардык-эпидемемиологиялык талаптарды аткарууну;
9) жарандык коргонуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоону;
10) «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолдорунун бөлүнгөн тилкесин сактоону, «Темир жол транспорту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык темир жол транспортунун транспорттун башка түрлөрү менен өз ара аракетте иштешин;
11) Чыңалуусу 1000 вольттон жогору электр тармактарын коргоо эрежелерине ылайык электр берүү аба линияларын коопсуз жана талаптагыдай иштетүү үчүн тийиштүү коргоо аралыктарын сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |