Редакцияот 10.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

  VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ  XVI СЕССИЯСЫ

  

2026-жылдын  10-сентябры  № 16/1

 

Балабакчаларга кошумча тайпа ачуу  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү  мамлекеттик  администрация  жана  жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу органдары  жөнүндөгү» мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде, “Куруучу МЧББУ” “Бүбүкан апа МЧББУ” жана “Сезим” бала бакчаларынын кошумча тайпа ачып берүү сунушун карап, талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын  айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.    Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн алдындагы «Куруучу МЧББУ» “Бүбүкан апа МЧББУ”   жана «Сезим-М» бала бакчаларында иштеп жаткан 3 сааттык бала бакча топторун 10 сааттык топторго өткөрүүгө макулдук берилсин.

2.    Тиешелүү мекеме жетекчилерине 10 сааттык топтордун ишин уюштуруу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү тапшырылсын.

 

 

  

Төрага

К. Ыбышов