Редакцияот 10.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

  VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ  XVI СЕССИЯСЫ

  

2026-жылдын  10-сентябры  № 16/2

 

 Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы ФПСтин жерлерин аукцион-конкурс түрүндө берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө

 

 

            Депутаттардын VIII чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243-токтому менен бекитилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү тууралу Жобого ылайык жер адиси Н.Осмонов ФПСтин жерлерин аукцион-конкурс түрүндө берүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши, токтом кылат:

1.    Кум-Дөбө айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн ФПСтин жерлерин аукцион-конкурс түрүндө берүүдө төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлүп жана бекитилсин.

 

1.    Нияман уулу Баатырбек-а/к депутаты, ком. төрагасы.

2.    Э.Мааткалымов- а/ө орун басар, ком.мүчөсү.

3.    Д.Сыдыков –а/к жооптуу катчы ком. мүчөсү.

4.    Н.Осмонов-жер адис,  ком. мүчөсү.

5.    Н. Мусаев. –турак жай адис ком мүчөсү.

6.   Сарыпбек уулу Тилек - а/к депутаты, ком.мүчөсү.

7.   Өмурбаев Замирбек - а/к депутаты, ком.мүчөсү.

8.   Байгазиев Калмырза - а/к депутаты, ком.мүчөсү.

9.   Бейшенбек уулу Амантур - а/к депутаты, ком.мүчөсү.

           10.   Т.Мыктыбеков.  Шамшы айыл башчысы.

           11. Жаркынбек уулу Нурлан. Ак-Жар айыл башчысы.

           12. У .Дүйшеналиев.  Арсы  айыл башчысы.

           13. Т. Самудинов. Кара-Тоо айыл башчысы.  

 

2. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

   

Төрага

К. Ыбышов