Редакцияот 10.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

  VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ  XVI СЕССИЯСЫ

  

2026-жылдын  10-сентябры  № 16/4

 

  Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылына жаңы курулган каналдын бир тарабын тосуу жөнүндө

 

КыргызРеспубликасынын«Жергиликтүү  мамлекеттик администрация  жана  жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу органдары  жөнүндөгү»  мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде, Кум-Дөбө айыл  аймагынын  айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы  Дур уулу Улукбектин   Өнүктүрүү фондунун эсебинен курула турган долбоорлорго өздүк салым каражатын бөлүп берүү сунушун угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын  айылдык Кеңеши токтом кылат: 

1.   Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Шамшы айылына жаңы курулган латоктун бир тарабын тосуу үчүн өздүк салым катары  355 476   (үч жүз элүү беш миң торт жүз жетимиш алты )сом Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.

 

2.   Өздүк салым үчүн акча каражатын которуп берүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы  Дур уулу Улукбеке  милдеттендирилсин.

 

3.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө  айылдык Кеңешинин бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

 

   

Төрага

К. Ыбышов