Редакцияот 10.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

  VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ  XVI СЕССИЯСЫ

  

2026-жылдын  10-сентябры  № 16/5 

   Өнүктүрүү фондунун эсебинен  компьютер жана принтер алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү  мамлекеттик администрация  жана  жергиликтүү өз  алдынча  башкаруу органдары  жөнүндөгү»  мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде, Кум-Дөбө айыл  аймагынын  айыл өкмөтүнүн  башчысы   М.Исраиловдун Өнүктүрүү фондунун эсебинен 9 даана комплект компьютер принтерге   өздүк салым каражатын бөлүп берүү сунушун угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын  айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1.     Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине 9 даана компьютердик комплект жана принтер сатып алуу үчүн өздүк салым катары 153 779 (жүз элүү үч миң жети жүз жетимиш тогуз) сом Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.

2.   Өздүк салым үчүн акча каражатын которуп берүү жагы Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы  Дур уулу Улукбеке  милдеттендирилсин.

 

3.   Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кум-Дөбө  айылдык Кеңешинин бюджет, экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

 Төрага

К. Ыбышов