КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-сентябры № 597
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүн андан ары регламентациялоо, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 «Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринде:
– төмөнкүдөй мазмундагы 1931-пункт менен толукталсын:
«1931. Такси айдоочулары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобонун 61-тиркемесине ылайык жол кыймылынын коопсуздугу боюнча нускама өтүү баракчасына кийинчерээк белги коюу менен өткөндүгүн милдеттүү түрдө белгилеп, жол кыймылынын коопсуздугу боюнча квартал сайын нускамадан өтүүгө милдеттүү.»;
– 1941-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«– жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык суроо-талабы боюнча айдоочунун статусу жөнүндө (каттамда турат жана жаңы заказдарды кабыл алууга даяр, заказды аткарууда, заказдарды алуу жана аткаруу үчүн жеткиликтүү эмес) маалымат берүүнү;
– айдоочулардын жүргүнчүлөрдүн алдындагы ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин фотоконтролдоо функциясынын болушун;
– ташуучулардын рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автомобилдерди колдонбогонун контролдоо функциясынын болушун;
– милдеттүү лицензия болгондо жана ушул пункттун талаптарын сактоо менен 60 км ашык аралыкка шаарлар аралык жүргүнчүлөрдү ташууну.
Лицензиясы жок, убактылуу токтотулган же болбосо жараксыз экендиги аныкталган учурда такси заказынын маалыматтык системасы заказдарды (чакырууларды) тиешелүү ташуучуга берүүнү токтотот жана бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга токтоосуз кабарлайт.».
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
– 30-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн – юридикалык жак жана жеке ишкер үчүн же ишкердик ишке патенттин көчүрмөсүн – жеке жак үчүн (жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга заказ маалыматтык системасы аркылуу жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү, FORM STI-024 формасы боюнча салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарын берген жеке жактарды кошпогондо);»;
– 227-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Лицензиялануучу транспорт каражатына жарнамалык материалдарды, сүрөттөрдү, жазууларды жана эмблемаларды жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында белгиленген талаптары сакталган шартта жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен кошумча макулдашууну албастан жүзөгө ашырылат.»;
– 228-пунктта «календардык» деген сөз алып салынсын;
– 229-пунктта:
5-пунктчада «(автотранспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн, автотранспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним каттын жана техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөлөрүн)» деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
«8) Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) катышуучу мамлекеттердин жарандарынан тышкары чет өлкөлүк жарандар үчүн – мамлекеттик же расмий тилди А1 же А2 деңгээлинен төмөн эмес билүүсүн ырастаган сертификатты.»;
– 2291-пунктта:
биринчи абзацтагы «, ошондой эле айдоочунун ордун кошпогондо отуруу үчүн төрттөн ашык орундугу бар, шаардык жана шаар четиндеги ташуулар үчүн арналган (60 км ашык эмес) жеңил автомобиль-таксилер менен» деген сөздөр алып салынсын;
1-пунктчанын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн:»;
2-пунктчада:
экинчи абзацтагы «, транспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним каттын» деген сөздөр алып салынсын;
сегизинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– КМШга катышуучу мамлекеттердин жарандарынан тышкары чет өлкөлүк жарандар үчүн – мамлекеттик же расмий тилди А1 же А2 деңгээлинен төмөн эмес билүүсүн ырастаган сертификат.»;
– 2292-пунктта:
биринчи абзацтагы «, айдоочунун ордун кошпогондо отуруу үчүн төрттөн ашык эмес орундугу бар» деген сөздөр алып салынсын;
1-пунктчанын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн:»;
2-пунктчада:
экинчи абзацтагы «, транспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним каттын» деген сөздөр алып салынсын;
сегизинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– КМШга катышуучу мамлекеттердин жарандарынан тышкары чет өлкөлүк жарандар үчүн – мамлекеттик же расмий тилди А1 же А2 деңгээлинен төмөн эмес билүүсүн ырастаган сертификат.»;
– 2301-пунктта:
биринчи абзацтагы «, ошондой эле айдоочунун ордун кошпогондо отуруу үчүн төрттөн ашык орундугу бар, шаардык жана шаар четиндеги ташуулар үчүн арналган (60 км ашык эмес) жеңил автомобиль-таксилер менен» деген сөздөр алып салынсын;
1-пунктчанын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн:»;
2-пунктчанын тогузунчу абзацындагы «, адамды кылмыш ишине катышууга мажбурлоо, уюшкан топту түзүү же ага катышуу, кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу» деген сөздөр алып салынсын;
– 2302-пунктта:
биринчи абзацтагы «, айдоочунун ордун кошпогондо төрттөн ашык эмес орундуу» деген сөздөр алып салынсын;
1-пунктчанын биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1) юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн:»;
2-пунктчанын жетинчи абзацындагы «, адамды кылмыш ишине катышууга мажбурлоо, уюшкан топту түзүү же ага катышуу, кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу» деген сөздөр алып салынсын;
– ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакциядагы 61-тиркеме менен толукталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |