Загрузка документа…
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-сентябры № 71/XXII -1
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер
ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик
агенттигинин Панфилов филиалына Кайыңды шаары, Гагарин көчөсү,
№ 7 дарегинде жайгашкан жер тилкесин берүүгө макулдук берүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 23-беренесинин 1-пунктунун жана 30-беренесинин 2-пунктунун негизинде, Кайыңды шаарынын мэриясынын «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр жана картография мамлекеттик агенттигинин Панфилов филиалына Кайыңды шаары, Гагарин көчөсү, № 7 дарегинен административдик имарат куруу үчүн аянты 1000,0 чарчы метр жер тилкесин берүү жөнүндө» катын карап чыгып, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн муниципалдык менчигинде турган, Кайыңды шаары, Гагарин көчөсү, № 7 дарегинде жайгашкан, аянты 1000,0 чарчы метр жер тилкесин административдик имарат куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр жана картография мамлекеттик агенттигинин Панфилов филиалына мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.
2.Аталган жер тилкеси 3 жылдын ичинде максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн балансына кайтарылсын.
3.Кайыңды шаардык кеңешинин 2023-жылдын 16-мартындагы №63/XXI-4 “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесине Кривенко 23\1 көчөсүндөгү жер тилкесин колдонууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын, Кайыңды шаары, Кривенко 23/1 көчөсүндө жайгашкан жер тилкеси Кайыңды шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн балансына кайтарылсын.
4.Ушул токтом катталсын жана Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кайыңды шаардык кеңешинин агрардык, жер жана турак-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 6-октябрында https://kainda-gk.kg/ky/2026/10/06/toktom-%e2%84%96-71-xxii-1-kyrgyz-respublikasynyn-ministrler-kabinetine-karashtuu-zher-resurstary-kadastr-geodeziya-zhana-kartografiya-mamlekettik-agenttiginin-panfilov-filialyna-kajy%d2%a3dy-shaary/ расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Ж. Н. Капалов |