Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 7-октябры № 675
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 23-июлундагы № 411 «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясынын 2-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
– төмөнкүдөй мазмундагы 81-пункт менен толукталсын:
«81. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жарандын добуш берүүгө катышкан убактысын камсыздандыруу стажына киргизүү үчүн Социалдык фонддун органдары тарабынан «Түндүк» санариптик өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары – «Түндүк» СӨС) аркылуу шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдын санариптик технологиялык системасынан алынган добуш берүүгө катышкандыгы жөнүндө маалыматтар берилүүгө тийиш.
Көрсөтүлгөн маалыматтарды «Түндүк» СӨС аркылуу алуу мүмкүн болбогон учурда, тиешелүү маалыматтар Социалдык фонддун органдары тарабынан түздөн-түз шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча ыйгарым укуктуу органдан суралат.»;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия дайындоо үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобо:
– төмөнкүдөй мазмундагы 171-пункт менен толукталсын:
«171. Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо жарандын добуш берүүгө катышкан убактысы шайлоого катышкан фактысын ырастаган маалыматтардын негизинде камсыздандыруу стажына эсептелет.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |