Редакцияот 23.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 23-сентябрындагы № 98 токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жөнүндө ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.

2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди (мындан ары - Президенттин кызмат ордуна талапкер) колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу тартибин, ошондой эле кол коюу барагынын формасын жана аны толтуруу жол-жобосун аныктайт.

3. Талапкерлер жана (же) алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан берилген кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча ишти Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ (мындан ары - Жумушчу топ) жүзөгө ашырат.

2. Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон колдорду чогултуу тартиби

4. Президенттин кызмат ордуна талапкер 30000ден кем эмес шайлоочунун колу менен колдоого алынууга тийиш.

Мында берилген колдордун саны 60000 шайлоочунун колунан ашпоого тийиш.

5. Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу "Кол чогултуу" автоматташтырылган маалыматтык тутуму (мындан ары - Тутум) аркылуу электрондук форматта жүзөгө ашырылат.

Тутумду иштетүүгө катышкан негизги маалыматтык тутумдар болуп төмөнкүлөр саналат:

- "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы;

- Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестри (КБМР);

- "Э-Талапкер" маалыматтык тутуму;

- жарандардын туулган датасы жөнүндө маалыматтарды алуу сервиси (ЖААК).

6. Тутум Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорунун "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу шайлоочуну авторизациялоо жолу менен жана анын тандаган талапкерин колдой турганын билдирүүсү аркылуу электрондук түрдө чогултулушун камсыз кылат, ошондой эле талапкерлерге жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) ыйгарым укуктуу кызмат адамдарына чогултулган колдор жөнүндө маалыматтарды көрүү жана кол коюу барактарын түзүү мүмкүнчүлүгүн берет.

"Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында катталуу жана аны андан ары пайдалануу жаран өзүнүн жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдук берген учурда жүзөгө ашырылат. "Түндүк" порталы аркылуу берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаран өзүнүн жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун берген шартта жүзөгө ашырылат.

7. Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан жүзөгө ашырылат жана Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдой турганын билдирүү болуп саналат.

8. Шайлоочулардын колдорун чогултуу укугу Кыргыз Республикасынын жашы жеткен, аракетке жөндөмдүү жаранына таандык.

9. Колдорду чогултуу менен байланышкан бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фонду аркылуу гана жүргүзүлөт.

10. Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу иштеген, кызмат өтөгөн, окуган жана жашаган жерлеринде, шайлоо алдындагы иш-чараларда, ошондой эле шайлоо мыйзамдарында үгүт жүргүзүүгө жана колдорду чогултууга тыюу салынбаган башка жерлерде жүргүзүлүшү мүмкүн.

11. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, мекемелердин башкаруу органдарынын, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн колдорду чогултууга катышуусуна, ошондой эле колдорду чогултуу процессинде шайлоочуларды мажбурлоого жана кол койгондугу үчүн аларды сыйлоого жол берилбейт.

12. Эмгек жамааттарында Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу ички эмгек тартибинин эрежелерин бузбоого тийиш.

13. Коомдук жерлерде, көчөлөрдө, жашаган жери боюнча Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултуу коомдук тартипти, жарандардын эс алууга укугун жана турак жайынын кол тийбестигин бузбоого тийиш.

14. Кол коюу барагына кол коюуга Кыргыз Республикасынын активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана мыйзамдарга ылайык биометрикалык каттоодон өткөн жарандары укуктуу.

15. Шайлоочулар бир нече талапкерди колдоп, бирок бир эле талапкерди колдоп бир гана жолу кол коюуга укуктуу.

16. Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колдорун чогултууда шайлоочунун талапкерди колдоосу акыркы болуп саналат жана кайра чакыртып алынбайт.

17. Эгерде шайлоочу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондуктан же ден соолугунун абалы боюнча Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдоп өз алдынча кол коё албаса, анда ал башка шайлоочунун жардамын пайдаланууга укуктуу.

3. Шайлоочунун кол коюу барагын толтуруусунун тартиби

18. Кол коюу барагы Тутум тарабынан электрондук формада түзүлөт жана Президенттин кызмат ордуна талапкерди колдой турганын билдирген шайлоочулар жөнүндөгү маалыматтарды (аты-жөнү жана датасы) камтыйт.

19. Ар бир катталган колго автоматтык түрдө иреттик номер ыйгарылат.

20. Иреттик номер ырааттуу түрдө түзүлөт жана бир талапкердин чегинде уникалдуу болуп саналат.

21. Колдорду номерлөө алардын келип түшүшүнө жараша үзгүлтүксүз жүзөгө ашырылат.

22. Шайлоочунун талапкерди колдой турганын билдирүүсү ушул Жобонун 14-пунктунун талаптары сакталган шартта "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу гана жүзөгө ашырылат.

23. "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында шайлоочуга:

1) колдорду чогултууга катышуу үчүн катталган талапкерлердин тизмеси менен таанышуу;

2) колдоосун билдирүү үчүн талапкерди/талапкерлерди тандоо;

3) Тутумда каралган талапкерди/талапкерлерди колдой турганын билдирүү боюнча аракетти жасоо аркылуу өз тандоосун ырастоо мүмкүнчүлүгү берилет.

24. Шайлоочунун колун Тутумда каттоо шайлоочу "Түндүк" электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында авторизациялоодон ийгиликтүү өткөндөн жана тиешелүү талапкерди/талапкерлерди колдой турганын билдиргенден кийин жүзөгө ашырылат.

Колду каттоодо Тутум шайлоочу жөнүндөгү маалыматтарды, колдоосун билдирген датасын жана убактысын автоматтык түрдө каттайт, ошондой эле колго иреттик номер ыйгарат.

4. Талапкердин Тутумга кирүү укугун алуусунун жана кол коюу барактарын түзүүнүн тартиби

25. Жаран Президенттин кызмат ордуна талапкер болуп көрсөтүлгөн учурдан тартып 2 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы көрсөтүлгөн талапкер жөнүндө маалыматтарды "Э-Талапкер" маалыматтык тутумуна киргизет.

26. "Э-Талапкер" маалыматтык тутумунан алынган талапкердин маалыматтары Тутумга өткөрүлүп берилет.

27. Тутум талапкерлердин авторизацияланышын камсыз кылат. Авторизациялоо:

- талапкердин жеке идентификациялык номерин (ЖИН);

- бир жолку сыр сөздү пайдалануу менен жүзөгө ашырылат.

28. Эгерде талапкер сыр сөздү унутуп калса, бул учурда аны калыбына келтирүү үчүн талапкердин Президенттин кызмат ордуна талапкерлигин коюу ниети жөнүндө арызында көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине Тутумга кирүү үчүн жаңы сыр сөз жөнөтүлөт.

29. Тутумга биринчи жолу киргенде талапкер сыр сөздү милдеттүү түрдө алмаштырууну аткарууга тийиш.

30. Тутумда талапкерге анын талапкерлигине колдоосун билдирген шайлоочулар жөнүндөгү маалыматтарды көрүү мүмкүнчүлүгү камсыздалат.

Талапкерге:

- иреттик номерин;

- аты-жөнүн;

- чөлкөмүн;

- колдоосун билдирген датасын камтыган шайлоочулардын катталган колдорунун жалпы саны жана тизмеси көрсөтүлөт.

31. Талапкер Тутумда колдордун белгиленген минималдуу санына жеткенден кийин колдорду чогултууну аяктоого жана басып чыгаруу үчүн кол коюу барактарын түзүүгө укуктуу. Бул учурда колдорду чогултуу токтотулат жана кайра жандандырылбайт.

32. 30000 колдон турган минималдуу чекке жеткенге чейин кол коюу барактарын түзүүгө жол берилбейт.

33. 60000 колдон турган максималдуу чекке жеткенде талапкерди колдогон колдорду чогултуу токтотулат.

34. Талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан учурда чогултулган колдор жокко чыгарылат жана талапкер кайра көрсөтүлгөндө кол чогултуу кайрадан башталат.

35. Талапкерди каттоодон баш тартылган учурда колдорду чогултуу токтотулат, ал эми чогултулган колдор колдорду чогултуунун белгиленген мөөнөтү аяктаганга чейин сакталат.

36. Кол коюу барактарын барактын арткы бетине басып чыгарууга жол берилбейт.

37. Талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү ар бир басып чыгарылган кол коюу барагына өз колу менен кол коёт.

38. Талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү кол коюу барактарын өзүнчө папкага брошюралайт.

39. Кол коюу барактары салынган папка талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан шайлоо күнүнө чейин 50 календардык күндөн кечиктирилбестен Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырылат.

40. Талапкердин жана (же) анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, ошондой эле Жумушчу топтун мүчөлөрүнүн катышуусунда ар бир кол коюу барагы Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт, берилген кол коюу барактарынын санынын Тутумда катталган санга шайкештиги текшерилет, андан кийин кабыл алынган кол коюу барактары салынган брошюраланган папкалардын саны жана шайлоочулардын катталган колдорунун саны, датасы жана убактысы (сааты жана мүнөтү) көрсөтүлгөн кол коюу барактары кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастама берилет.

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕРДИ КОЛДОГОН КОЛ КОЮУ БАРАГЫ

Биз, төмөндө кол койгондор, ______-жылдын "___" _________________ туулган,

___________________________________________________________________                     (кайсы саясий партиядан экенин же өзүн-өзү көрсөтүү                                     жолу менен экенин көрсөтүү зарыл)

көрсөтүлгөн _________________________________________________________                                                               (аты-жөнү)

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп көрсөтүлүшүн колдойбуз.

№ к/н

Аты-жөнү

Колдоосун билдирген дата

1

 

 

2

 

 

3

 

 

4

 

 

5

 

 

6

 

 

7

 

 

8

 

 

9

 

 

10

 

 

11

 

 

12

 

 

13

 

 

14

 

 

15

 

 

16

 

 

17

 

 

18

 

 

19

 

 

20

 

 

21

 

 

22

 

 

23

 

 

24

 

 

25

 

 

…

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү/талапкер

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси/мүчөсү

___________________________________________________ (аты-жөнү, колу)

___________________________________________________ (аты-жөнү, колу)

___________________________________________________ (каттоо күбөлүгүнүн номери)

 

 

М.О.                                                                                              

20___-жылдын "___" _____________

20___-жылдын "___" _____________

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕР

________________________________________________________________________________________ (аты-жөнү)

КОЛ КОЮУ БАРАГЫ

№ к/н

Аты-жөнү

Колдоосун билдирген дата

1

 

 

2

 

 

3

 

 

4

 

 

5

 

 

6

 

 

7

 

 

8

 

 

9

 

 

10

 

 

11

 

 

12

 

 

13

 

 

14

 

 

15

 

 

16

 

 

17

 

 

18

 

 

19

 

 

20

 

 

21

 

 

22

 

 

23

 

 

24

 

 

25

 

 

26

 

 

27

 

 

28

 

 

29

 

 

…

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү/талапкер

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси/мүчөсү

___________________________________________________ (аты-жөнү, колу)

___________________________________________________ (аты-жөнү, колу)

___________________________________________________ (каттоо күбөлүгүнүн номери)

 

 

М.О.                                                                                              

20___-жылдын "___" _____________

20___-жылдын "___" _____________

 

Кол коюу барагынын акыркы бети

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН КЫЗМАТ ОРДУНА ТАЛАПКЕР

______________________________________________________________________________________ (аты-жөнү)

КОЛ КОЮУ БАРАГЫ

№ к/н

Аты-жөнү

Колдоосун билдирген дата

1

 

 

2

 

 

3

 

 

4

 

 

5

 

 

6

 

 

7

 

 

8

 

 

9

 

 

10

 

 

11

 

 

12

 

 

13

 

 

14

 

 

15

 

 

16

 

 

17

 

 

18

 

 

19

 

 

20

 

 

21

 

 

22

 

 

23

 

 

24

 

 

25

 

 

26

 

 

27

 

 

…

 

 

 

Кол коюу барактарын тапшырды:

Кол коюу барактарын кабыл алды:

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү/талапкер

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо талапкерлер тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси/мүчөсү

___________________________________________________ (аты-жөнү, колу)

___________________________________________________ (аты-жөнү, колу)

___________________________________________________ (каттоо күбөлүгүнүн номери)

 

 

                                                                                            М.О.

20___-жылдын "___" _____________

20___-жылдын "___" _____________