Редакцияот 07.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 7-июлу № 109

«Бачечекей» Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин балдардын тамактануусу үчүн ата-энелердин төлөмүнүн өлчөмүн бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 17, 34, 39-беренелерине ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси «Байчечекей» балдарды толук кандуу тамак-аш менен камсыз кылуу максатында, азык-түлүккө болгон баалардын жогорулашына байланыштуу, тарбиялануучулардын ата-энелеринин кайрылуусунун жана 2026-жылдынын 02-февралындагы №1 протоколунун негизинде, Фрунзе айылдык кеңешинин токтом кылат:

1.«Байчечекей» мектепке чейинки билим берүү мекемесинде балдардын тамактануусу үчүн ата-энелердин төлөмүнүн өлчөмү бир балага күнүнө 100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.« Байчечекей » мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси түшкөн каражаттарды бекитилген тамак-аш нормаларына ылайык максаттуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3.Айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Бектурганова Д.Т. каражаттардын туура эсептелишине жана сарпталышына көзөмөл жүргүзүүнү камсыз кылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Дюшалиев М.К.