Редакцияот 07.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 7-июлу № 104

Жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34, 39-беренелерин  негизинде,Жер маселелери боюнча жетектөөчү адис Б. Ашимовдун Субанова Рахат Абсаматовна арызын боюнча маалыматын угуп,   , Мамлекеттик акт, ошондой эле Панфилов райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 2024-жылдын 01-апрелиндеги №267  шаар куруу корутундусун карап чыгып, Фрунзе айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Фрунзе айыл аймагында №390 контур,  жайгашкан, жалпы аянты 3000,0 м2 болгон жер тилкесинин максаттуу багытын   сенаждык траншеядан кой короо жана чабандык турак үйү  куруу үчүн жер категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т. Ашыкеевге жүктөлсүн.

 

Төрага

 

Дюшалиев М.К.