Редакцияот 12.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 689 токтомуна)

 

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Технологиялар жана инновациялар трансфери борбору» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Технологиялар жана инновациялар трансфери борбору» мамлекеттик мекемесинин (мындан ары – Борбор) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.

2. Борбор Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесин кайра атоо жолу менен түзүлгөн.

3. Борбор Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин (мындан ары – Министрлик) ведомстволук уюму болуп саналат.

4. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жөнүндө жобону, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

5. Борбор мамлекеттик менчикте турган обочолонгон мүлктү ыкчам башкаруу укугу берилген мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык өз алдынча балансы, казыналык өздүк эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы менен мөөрү, башка мөөрлөрү жана штамптары, белгиленген үлгүдөгү фирмалык бланктары бар. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.

6. Борбордун толук фирмалык аталышы:

1) мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Технологиялар жана инновациялар трансфери борбору» мамлекеттик мекемеси;

2) расмий тилде: государственное учреждение «Центр трансфера технологий и инноваций» при Министерстве науки, высшего образования и инноваций Кыргызской Республики.

7. Кыскартылган фирмалык аталышы:

1) мамлекеттик тилде: «Технологиялар жана инновациялар трансфери борбору» ММ;

2) расмий тилде: ГУ «Центр трансфера технологий и инноваций».

8. Борбордун юридикалык дареги: 720021, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58а.

 

2-глава. Борбордун максаттары

 

9. Борбор технологиялар трансферинин жана инновациялык инфраструктуранын натыйжалуу мамлекеттик системасын калыптандыруу жана өнүктүрүү, илимге мамлекеттик инвестицияларды натыйжалуу башкаруу, интеллектуалдык иштин натыйжаларын коммерциялаштырууну камсыз кылуу, ошондой эле илимдин, билим берүүнүн, бизнестин жана мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү системалуу координациялоо максатында түзүлөт.

 

3-глава. Борбордун милдеттери

 

10. Борбордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) технологиялардын трансфери жана интеллектуалдык менчикти башкаруу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, анын ичинде аларды натыйжалуу коммерциялаштырууну жана экономикага киргизүүнү камсыз кылуу;

2) улуттук инновациялык жана стартап-экосистеманы өнүктүрүү, анын ичинде технологиялык ишкердикти жана инновациялык долбоорлорду аларды өнүктүрүүнүн бардык баскычтарында колдоо;

3) Борбордун компетенциясынын алкагында технологиялар жана инновациялар трансфери чөйрөсүндө санариптик жана уюштуруучулук инфраструктураны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө катышуу;

4) технологиялар трансфери жана инновациялык өнүктүрүү чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;

5) мамлекеттик патенттик жана илимий-техникалык маалымат фондун түзүү жана пайдалануучулардын суроо-талаптарын тейлөө;

6) автоматташтырылган режимде маалымдама-библиографиялык аппаратты жана маалыматтар базаларын уюштуруу жана жүргүзүү;

7) пайдалануучуларды ыкчам жана толук китепканалык жана маалыматтык-библиографиялык тейлөө;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.

 

4-глава. Борбордун функциялары

 

11. Борбор өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:

1) интеллектуалдык менчикти башкаруу жана технологиялар трансфери чөйрөсүндө:

– интеллектуалдык иштин натыйжаларын аныктоодон тартып аларды өндүрүшкө киргизүүгө жана коммерциялаштырууга чейинки технологиялардын трансферинин толук циклин уюштуруу жана коштоо;

– инновациялык иштелмелерге технологиялык, экономикалык жана коммерциялык экспертизаларды жүргүзүү;

– интеллектуалдык менчик объекттерине болгон укуктарды каттоо жол-жоболорун, анын ичинде патенттик кооперация жөнүндө келишимге (PCT) ылайык эл аралык патенттөөнү коштоо;

– лицензиялык келишимдердин, технологияларды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуулардын жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү башка келишимдердин долбоорлорун даярдоо;

– укук ээлерине өзгөчө укуктарды коргоо жана сактоо маселелери боюнча консультациялык жана укуктук жардам көрсөтүү;

– университеттик технологиялар трансфери борборлорунун, технопарктардын, бизнес-инкубаторлордун жана инновациялык инфраструктуранын башка элементтеринин ишин координациялоо;

– технологиялар трансфери чөйрөсүндө методикалык сунуштамаларды, стандарттарды жана регламенттерди иштеп чыгуу жана киргизүү;

2) инновациялык жана стартап-экосистеманы өнүктүрүү жаатында:

– инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды акселерациялоо, инкубациялоо жана коштоо программаларын ишке ашыруу;

– инновациялык долбоорлордун конкурстарын, стартап-форумдарды, хакатондорду, көргөзмөлөрдү жана презентациялык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;

– келишимдик негизде жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү;

– инновациялык долбоорлорду жана стартаптарды гранттык колдоо программаларын башкаруу;

– Борбордун инфраструктурасын пайдалануу менен ата мекендик инновациялык ишканаларды жана ойлоп табуучуларды алардын иштелмелерин түзүүгө жана коммерциялаштырууга жана андан ары киргизүүгө көмөк көрсөтүү жолу менен илгерилетүү;

– Борбордун инфраструктурасын пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын креативдүү индустриясынын өкүлдөрүн жана инновациялык ишканаларын колдоо;

– Кыргыз Республикасынын региондорунда инновациялык ишти колдоо үчүн инновациялык аянтчаларды өнүктүрүү жана илгерилетүү;

– инновациялык экосистеманын субъекттерин колдоо программаларын иштеп чыгуу;

– стартап-долбоорлорду масштабдаштырууга жана инвестицияларды тартууга даярдоо;

– технологиялык ишкердик, инновациялык менеджмент жана илимий иштин натыйжаларын коммерциялаштыруу чөйрөсүндө окутууну жана квалификацияны жогорулатууну уюштуруу;

3) инвестициялар жана эл аралык кызматташтык чөйрөсүндө:

– Кыргыз Республикасынын инновациялык секторуна чет өлкөлүк инвестицияларды, гранттык каражаттарды жана башка финансылык ресурстарды тартууга көмөк көрсөтүү;

– инновациялык долбоорлорду венчурдук, жеке жана мамлекеттик-жеке каржылоо механизмдерин өнүктүрүү;

– инвесторлор, венчурдук фонддор, бизнес-ангелдер, банктар жана өнүктүрүү институттары менен өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;

– инновациялар жана технологиялар чөйрөсүндөгү инвестициялык долбоорлорду коштоо;

– эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк технологиялар трансферинин борборлору, фонддор жана инновациялык түзүмдөр менен кызматташууну өнүктүрүү;

– ата мекендик технологияларды, инновациялык продукцияларды жана стартаптарды чет өлкөлүк рынокторго илгерилетүүгө көмөк көрсөтүү;

– инновациялар жана технологиялар трансфери чөйрөсүндөгү эл аралык программаларга, долбоорлорго жана демилгелерге катышуу;

– улуттук инновациялык системага алдынкы эл аралык тажрыйбаларды жана стандарттарды киргизүү;

– Кыргыз Республикасында алдынкы технологиялардын трансфери, адаптациялоо жана киргизүү маселелери боюнча эл аралык уюмдар, чет өлкөлүк өнөктөштөр жана инвесторлор менен өз ара аракеттенүү;

4) мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана чөйрөсүндө:

– библиографиялык, аналитикалык, маалыматтык жана методикалык материалдарды даярдоо;

– патенттик, илимий-техникалык адабияттарды жана документтерди, ошондой эле лицензияланган маалымат базаларын жана электрондук маалымат сактагычтардагы маалымат булактарын алуу;

– патенттик, илимий-техникалык адабияттар, ченемдик документтер менен китепкана фондун түзүү жана комплекттөө, эл аралык лицензияланган маалымат базаларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, анын ичинде маалыматтык ресурстарды эл аралык алмашуу аркылуу;

– инновациялык иш маселелери боюнча маалыматтык, окуу жана маалымдама материалдарын иштеп чыгуу, системалаштыруу жана жайылтуу;

– китепкана фондунун жана маалыматтык ресурстардын сакталышын, эсепке алынышын жана сарамжалдуу пайдаланылышын камсыз кылуу;

– кызыкдар мамлекеттик органдарды, юридикалык жана жеке жактарды патенттик-техникалык маалымат чөйрөсүндөгү маалымдама жана аналитикалык материалдар менен камсыз кылууну уюштуруу;

– башка китепканалар, илимий-техникалык маалымат органдары жана башка мекемелер менен ишти координациялоо жана кооперациялоо;

– технологиялар трансфери, инновациялык иш, интеллектуалдык менчик, китепкана иши жана илимий-техникалык маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды жүзөгө ашыруу.

 

5-глава. Борбордун укуктары

 

12. Борбор өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкү укуктарга ээ:

1) ушул Жобо менен аныкталган милдеттерди ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз ишин жүзөгө ашырууга;

2) «Инновациялык иш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана инновациялык ишти жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларга ылайык Кыргыз Республикасында инновациялык ишти стимулдаштыруу максатында уюштуруучулук, маалыматтык-консультациялык колдоо жана башка жардам көрсөтүүгө;

3) Борбор тарабынан берилген жумушчу аянтчанын жана техникалык жабдуулардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышына контролду жүзөгө ашырууга;

4) Борбордун мүлкүн пайдалануу эрежелерине ылайык пайдалануучулар тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүн аныктоого;

5) Борборго жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө;

6) гранттарды алуу боюнча конкурстарга катышууга, эгерде аларды берүү шарттары Борбордун максаттарына жана милдеттерине ылайык келсе жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбесе;

7) финансылык каражаттарды тартуунун тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Борборду өнүктүрүү үчүн фонддордон гранттарды, юридикалык жана жеке жактардан, анын ичинде чет өлкөлүк жактардан ыктыярдуу кайрымдуулуктарды жана максаттуу төгүмдөрдү тартууга жана алууга;

8) инновациялык иш жаатында маалыматтык материалдарды, методикалык колдонмолорду, ошондой эле башка адабияттарды иштеп чыгууга;

9) Борбор тарабынан көрсөтүлүүчү иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө бааларды жана тарифтерди белгилөө, өзгөртүү боюнча Министрликке сунуштарды киргизүүгө;

10) өзүнүн компетенциясынын чегинде министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, административдик ведомстволордон жана башка уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды, документтерди, материалдарды жана башка маалыматтарды суроого;

11) кызматкерлерге консультация берүү, окутуу үчүн белгиленген тартипте келишимдик негизде адистерди жана эксперттерди тартууга;

12) инновациялык экосистеманын субъекттерин колдоо программаларын иштеп чыгууга;

13) Борбордун иш чөйрөсүндө ушул Жободо каралган укуктарды жүзөгө ашырууга.

 

6-глава. Борбордун ишин уюштуруу

 

13. Борбордун ишине жалпы жетекчиликти Министрлик жүзөгө ашырат.

14. Борборду Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин (мындан ары – министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кызмат ордуна дайындоочу жана кызмат ордунан бошотуучу директор жетектейт.

Борбордун директору министрге түздөн-түз баш иет жана өзүнө жүктөлгөн милдеттердин чегинде Борбордун ишин уюштурат.

15. Борбордун директору:

1) Борбордун ишине жетекчилик кылат жана Борборго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

2) Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Борбордун атынан чыгат;

3) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген тартипте Борбордун кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;

4) Министрликке Борбордун түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгымдар сметасын бекитүүгө киргизет;

5) өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды жана тескемелерди чыгарат, Борбордун ишин жөнгө салуучу документтерди бекитет;

6) коррупциянын алдын алууга жана профилактикасына багытталган чараларды көрөт, анын ичинде инновациялык, инвестициялык жана гранттык долбоорлорду ишке ашырууда;

7) коррупциянын алдын алуу боюнча ички системаны түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу, анын ичинде чет өлкөлүк жана жеке уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө коррупциялык тобокелдиктерди баалоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

8) Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бекитилген чыгымдар сметасына ылайык банктык документтерге биринчи кол коюу укугу менен Борбордун мүлкүн жана акча каражаттарын тескейт;

9) Борбордун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;

10) мамлекеттик мекемелердин ишин, илимди, инновацияларды жана технологиялар трансферин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

16. Директордун министр тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу орун басары болот.

Директордун орун басары ага жүктөлгөн милдеттердин чегинде Борбордун ишин уюштурат.

17. Директор жок болгон учурда анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык кол коюу укугу менен директордун орун басарына жүктөлөт.

18. Борборду каржылоонун булактары болуп төмөнкүлөр саналат:

1) республикалык бюджеттин каражаттары;

2) атайын казыналык эсептерде топтолгон каражаттар;

3) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттар.

Борбордун каражаттары ушул Жободо каралган максаттарга жана милдеттерге пайдаланылат.

 

7-глава. Корутунду жоболор

 

19. Борбор өз ишинде Министрликке отчет берет.

20. Борборду жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

21. Борбордун иши токтотулган учурда анын мүлкү Министрликке өткөрүлүп берилет. Анын ишинин жүрүшүндө түзүлгөн документтер «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.