Редакцияот 05.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ

ТОКТОМ

 

Торт-Гул айылдык кеңешинин VIII (сегизинчи чакырылышынын) кезексиз XVII- сессиясы

2026-жылы 5-октябры № 28

Төрт-Гүл айыл аймагындагы ичүүчү таза суу түтүктөрүнө абоненттерди кошуу, суу пайдалануу тартибин, кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын жана эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти бекитүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана  Чек, Жаңы-Жер айылдарындагы 2026-жылдын 14-сентябрындагы, жалпы элдик чогулушунун протоколу жана ушул үч айылда түзүлгөн  суу комитетинин 14-сентябрындагы отурумунун протоколдорунун негизинде Төрт-Гүл айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Чек, Жаңы-Жер, Чоң-Талаа, Чоң-Кара, Зар-Таш, Ак-Турпак жана Ак-Өтөк айылдарындагы ичүүчү таза суу түтүктөрүнө кошулуу үчүн абоненттердин долбоор жүрүп жаткан мезгилдеги өздүк салымы суу комитеттеринин отурумдарынын протоколдоруна ылайык бекитилсин (№ 1 тиркеме тиркелет).

2.    Чек, Жаңы-Жер, Чоң-Талаа, Чоң-Кара, Зар-Таш, Ак-Турпак жана Ак-Өтөк айылдарында «Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу» долбоорунун алкагында абоненттерди негизги суу түтүгүнө кошуу боюнча түзүлгөн суу комитетинин, жумушчу топтун, муниципалдык ишкананын жана айыл өкмөтүнүн иш-аракеттери бекитилсин (1 беттен турган № 2 тиркеме тиркелет).

3.    Төрт-Гүл айыл аймагындагы үй чарбаларын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу системасына кошуу жана суу түтүктөрүн үйлөргө киргизүү тартиби бекитилсин (1 беттен турган № 3 тиркеме тиркелет).

4.    «Төрт-Гүл» муниципалдык ишканасы тарабынан сунушталган жана абоненттерге берилүүчү Абоненттик китепче, анын ичинде «Төрт-Гүл» муниципалдык ишканасы менен абоненттин ортосунда түзүлүүчү келишим, техникалык шарттар, ситуациялык чийме, ошондой эле айылдарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу системаларынан ичүүчү таза сууну пайдалануу эрежелери бекитилсин (№ 4 Абоненттик китепче тиркелет).

5.     «Төрт-Гүл» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин Төрт-Гүл айыл аймагындагы ичүүчү таза суу боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн алынуучу төлөмдөр бекитилсин (1 беттен турган № 5 тиркеме тиркелет).

6.    Төрт-Гүл айыл аймагындагы «Төрт-Гүл» муниципалдык ишканасынын абоненттеринин ичүүчү таза сууну пайдалануу учурунда белгиленген эрежелерди бузгандыгы үчүн колдонулуучу жазалар жана айып пулдар бекитилсин (2 беттен турган № 6 тиркеме тиркелет).

7.    Ушул токтомдун аткарылышы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Макановго жана «Төрт-Гүл» муниципалдык ишканасынын жетекчиси И. Дүйшебаевге жүктөлсүн.

8.    Айылдык кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттоого алып, токтомдун көчүрмөсүн https://tort-gul.gov.kg/ веб-сайтына  жарыяласын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

9.    Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн баштап күчүнө кирет.

10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                       Н. Артыков

                                      

 

 

№1 тиркеме

“Төрт-Гүл” муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин жана түзүлгөн жумушчу топтун долбоор жүрүп жаткан мезгилиндеги эмгек маяналары жана кызмат көрсөтүү акылары

 

 

 

 

 

 

 

 

№

Кызматтын аталышы

Сумма (сом)

Эскертүү

 

 

1

Абонентти суу түтүгүнө туташтыруу:

500

Долбоор мезгилинде түзүлгөн сантехникалык топ тарабынан жүргүзүлөт

 

 

а) Байлоочу камыт, туташтыруучу тетик, чөпик ж.б. керектелүүчү буюмдар

 

 

б) Абонентке тийешелүү ПЭ түтүктөрүн тартуу, кудукту тешүү, кудуктун ичиндеги трубаларды жайгаштыруу

 

 

2

Транспорттук чыгымдар (унаа, күйүүчү май, айдоочунун маянасы ичинде)

100

Айыл башчы, суу комитети, МИ тарабынан уюштурулат

 

 

3

Абоненттик китепче даярдоо (келишим, суу эрежелери, тех. шарттар, кеңсе чыгымдары)

500

МИ тарабынан даярдалат жана эсеп чотуна которулат

 

 

4

Капиталдык салым

500

Бул каражат МИ эсеп чотуна которулат

 

 

5

Баардыгы

1600

 

 

 

 

Эскертуу: Урматтуу Чек, Жаңы-Жер, Чоң-Талаа, Чоң-Кара, Зар-Таш, Ак-Турпак, Ак-Өтөк айылдарынын жашоочулары! Төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн суммалар абоненттерди негизги суу түтүгүнө кошуу мезгилинде жумушчу топтун мүчөлөрүнө төлөнөт (казуу көмүү учурунда экскаватор кызматы өзгөрүлүшү мүмкүн).

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

№

Кызматтын аталышы

бирдиги

өлчөмү

сом

эскертуу

 

 

1

Экскаватор кызматы (казуу, көмүү)

метр

1

175

Казылган жана көмүлгөн метрине жараша төлөнөт

 

 

2

Түтүктөрдү сатып алуу (сапар чыгымдары менен бирдикте)

 

 

 

 

метр

1

35

Негизги кудуктан абоненттин үйүнө чейинки аралык

 

 

 

 

 

 

3

Жергиликтүү тургундар экскаватор  өздөрү жалдап каздырууга болот. 

 

метр

1

 

Негизги кудуктан абоненттин үйүнө чейинки аралык

Муниципалдык ишкананын кызматкерлери көзөмөл жүргүзүү керек.

 

3

Жумшак топурак ташып келүү жана түтүктүн алдына 10 см төшөө

 

 

50

Жумшак топурак жок болгондугуна байланыштуу, ар бир кожолук өзү топуракты элгеп салышат.

 

 

4

Жумшак топурак ташып келүү жана түтүктүн устуно 20 см төшөө

 

 

70

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

№2 тиркеме

 

Чек, Жаңы-Жер, Чоң-Талаа, Чоң-Кара, Зар-Таш, Ак-Турпак, Ак-Өтөк айылдарындагы “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында абоненттерди негизги суу түтүгүнө кошууда түзүлгөн суу комитетинин, жумушчу топтун, МИнын жана айыл өкмөттүн иш-аракеттери

 

Абоненттерди негизги суу түтүккө туташтыруу үчүн түзүлгөн жумушчу топко төмөнкү иш-аракеттер жүктөлсүн:

·         Абоненттерди негизги түтүккө сапаттуу туташтыруу;

·         Түтүктөрдү сапаттуу көмүү (курулуш нормаларын кармоо);

·         Өздүк салымды максаттуу пайдалануу

·         Жумушчу топ өздору жасаган иштерине 6 айга кепилдик беришет.

·         Долбоор аяктаганда өздүк салым боюнча суу комитетине отчет берүү.

Суу комитетин мучолору томондогу иштерди камсыз кылсын:

Ø  Казуу жана көмүү иштерине экскаватор уюштурууга жардамдашуу;

Ø  Сертификаты бар түтүктөрдү сатып алууга комок корсотуу;

Ø  Казуу учурунда чыккан тосмолорду жана мыйзамсыз курулуштарды алуу маселесин чечүүдо кызматташуу;

Ø  Өздүк салымды суу комитети топтоо жана МИга тиешелуу акча каражаттарын эсеп чотуна которуу, долбоор буткондо торайымы элге отчет берууну;

МИ төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

Ø  Абоненттик китепчелерди даярдоо;

Ø  Келишим;

Ø  Суу пайдалануу эрежелери;

Ø  Техникалык шарттар (ситуациялык схема менен);

Ø  Абонентти негизги түтүккө кошуу учурун толук көзөмөлдойт жана анын сапатына жооп беруу;

Ø  Казуу жана көмүү иштерине экскаватор уюштурууга;

Ø  Сертификациясы бар түтүктөрдү сатып алууга;

Ø  Казуу учурунда чыккан тосмолорду жана мыйзамсыз курулуштарды алуу маселесин чечүүдо кызматташуу жагын.

         Жооптуу катчы    Т.Сапаров

 

 

№3 тиркеме

 

 

Абоненттерди негизги ичүүчү таза суу түтүктөрүнө кошуу тартиби:

1)    Негизги ичүүчү таза суу тутугундо жайгашкан кудуктан баштап, абоненттин үйүнө киргенге чейинки аралыктагы ПЭ ичүүчү таза суу тутукчосу ташталуучу чункурдун терендиги 1, 50 метрден кем болбоосу зарыл (абоненттер суу түтүгүн үйүнө чейин алып кирүүсү шарт, себеби кыштын суук күндөрү тоңуп калуусу күтүлөт).

2)    Абоненттин үйүнө тартылуучу ПЭ ичүүчү таза суу тутукчосунун сапаты сертификацияланган, сапаты жакшы, ички диаметри 15 мм болуусу шарт.

3)    Абоненттин үйүнө тартылуучу ПЭ ичүүчү таза суу тутукчосун көмүү учурунда, анын алдынкы тарабына 10 см жана жогорку тарабына 20 см.ден кем эмес жумшак топурак же майда кум тошолуусу абзел.

4)    Абоненттердин негизги ичүүчү таза суу түтүгүнө туташтырганга чейин ПЭ ичүүчү таза суу тутукчосунун эки жагындагы уучтары жабык болуп(заглушка) турушу шарт.

5)    Абоненттердин негизги ичүүчү таза суу түтүгүнө кошулуу учурундагы: экскаватор менен казуу, көмүү, ПЭ ичүүчү таза суу тутукчосу жана ага кетуучу каражаттар абоненттин өз эсебинен жургузулот.

6)    Аткарыла турган жумуштардын баары «Төрт-Гүл» муниципиалдык ишканасынын көзөмөлундо болсун жана абоненттердин ичүүчү таза суу түтүгүнө кошуу жагы түзүлгөн жумушчу топко жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

                   

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                                                 Тиркеме №5

«Төрт-Гүл» муниципалдык ишканасынын ичүүчү таза сууну пайдалануу учурундагы эрежелерди бузгандыгы үчүн жазалар

№

Бузуулардын аталышы

Жеке адам

Юридикалык жак

Эскертүү

1

Борбордук ичүүчү таза суу түтүгүнө уруксатсыз туташуу

200 эсептелген көрсөткүч

650 эсептелген көрсөткүч

1201-берене. Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кароочу кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды күтүү эрежелерин бузуу

2

Суу алгычка (Скважинага), суу сактагычка (резервуарга) уруксатсыз туташуу

200 эсептелген көрсөткүч

650 эсептелген көрсөткүч

116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу

3

Суу алгычтын (Скважинанын ж.б.), суу сактагычтын (Резервуар) бүтүндүгүн бузуу

200 эсептелген көрсөткүч

650 эсептелген көрсөткүч

116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу Суу алгычтын (Скважинанын), суу сактагычтын (резервуардын) ичиндеги бузулган баардык жабдыктарды, каражаттарды толук калбына келтирет жана административдик жаза кодексине ылайык жоопко тартылат.

4

«Таян-Тазалык»  МИнин кызматкерлери болбогон учурда суу алгычта (скважинада), суу сактагычта (резервуарда) ондоп түзөө жана башка иш аракеттерди жүргүзүү

200 эсептелген көрсөткүч

650 эсептелген көрсөткүч

116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу. Суу алгычтын (Скважинанын), суу сактагычтын (резервуардын) ичиндеги бузулган баардык жабдыктарды, каражаттарды толук калбына келтирет жана административдик жаза кодексине ылайык жоопко тартылат.

5

Өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн ичүүчү таза сууну өчүрүү

500 сом

1000 сом

1 жолу

6

Карызды төлөгөндөн кийин ичүүчү сууну туташтыруу

200 сом

400 сом

1 жолу

7

Кудуктун бүтүндүгүн бузуу

200 эсептелген көрсөткүч

650 эсептелген көрсөткүч

116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу Кудукту калыбына келтирет

8

Борбордук ичүүчү таза суу түтүгүн бузуу

200 эсептелген көрсөткүч

650 эсептелген көрсөткүч

116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу Толук калыбына келтирүү, жумуштарды толук төлөө

9

Суу алуучу (скважина) жана суу сактоочу  кампалардын (резервуардын) аймагына мал жаю (шарттуу 1 малдын башы менен)

75 эсептик көрсөткүч

230 эсептик көрсөткүч

269-берене. Суу топтоо курулмаларын эксплуатациялоо тартибин бузуу

10

Кудукту сугат суу менен каптатуу

75 эсептик көрсөткүч

230 эсептик көрсөткүч

269-берене. Суу топтоо курулмаларын эксплуатациялоо тартибин бузуу. Толук калыбына келтирет

11

Абонентин күнөөсү менен счетчиктерди тоңдүруу жана иштен чыгаруу, шарттуу ар бир суу эсептегичке

200 эсептелген көрсөткүч

650 эсептелген көрсөткүч

116-берене. Суу чарба курулмаларын зыянга учуратуу Толук калыбына келтирүү, жумуштарды толук толоо

12

Кудукка уруксатсыз тушуу, ондоп түзөө жана башка иш аракеттерди жүргүзүү

55 эсептелген көрсөткүч

170 эсептелген көрсөткүч

118-берене. Люктарды, кудуктарды ачуу, тээктерин жөнгө салуу, пломбаларды жулуу Кудуктун ичиндеги бузулган баардык жабдыктарды, каражаттарды толук калбына келтирет жана административдик жаза кодексине ылайык жоопко тартылат.

 

 

 

Жооптуу катчы                              Т.Сапаров

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тиркеме №6

«Төрт-Гүл» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин абоненттерге кызмат көрсөтүү акылары

№

Кызматтын аталышы

Сумма (сом)

Эскертүү

1

Ичүүчү таза суу түтүгүно жаны кошула турган абоненттерди туташтыруу

 

7000

Бул сумма «Төрт-Гүл» МИге взнос катары эсептелинет жана абонентке: Абоненттик китепче (эрежелери менен), келишим, техникалык шарт, ситуациялык чийме берилет.

2

Суу эсептегич

100%

Негизги ичүүчү таза суу системасында жайгашкан кудукчаларга суу эсептгич орнотуу - суу эсептегичтин 100% суммасы абонент тарабынан толонот жана «Таян-Тазалык» МИнин макулдашуусу менен сатып алынат.

3

Негизги ичүүчү таза суу системасына кошулуу учун, абоненттин уйунун ичинен тартып - ичүүчү таза суу системасында жайгашкан кудукчанын ичине чейинки казуу, көмүү иштери жана ичүүчү таза суу тутуктору

100%

Абоненттин өз каражатынан толонот жана «Төрт-Гүл» МИнин кызматкерлеринин көзөмөлу алдында ишке ашырылат.

4

-Вентил алмаштыруу;

- Гусак орнотуп берүү;

-Муфта переходник алмаштыруу;

Абоненттин трубасын алмаштырып берүү;

300

150

100

 

1 м -150

Кетүүчү тетиктерди, каражаттарды абонент өз эсебинен жургузот. Кызматты негизги ичүүчү таза суу системасында жайгашкан кудукчалардан тышкаркы учурда «Төрт-Гүл» МИнин кызматкерлери же башка сантехниктер аткарууга болот, бирок ишкананын көзөмөлундо (абонентин өз ыктыяры), казып көмүү иштерин абонент өзү жургузот(түтүктүн алдына 10 см, устуно 20 см жумшак топурак алып келүү төшөө ишкана алып барат)

5

Кудук ичиндеги суу эсептегич, вентиль, фильтр жана башка каражаттарды алмаштыруу (бир чакыруусу)

200

 

Кетүүчү тетиктерди, каражаттарды абоненттин эсебинен алынат жана кудук ичиндеги жумуштарды «Төрт-Гүл» МИнин кызматкерлери тарабынан алмаштырылат

 

 

Жооптуу катчы                                            Т.Сапаров