Редакцияот 08.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР

КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

2026-жылдын 8-октябры № 766-т

 

 

Бишкек шаарында көп функционалдуу парк-оюн-зоок комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1.            Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен «Иллюзион.кг» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосундагы Бишкек шаарында көп функционалдуу парк-оюн-зоок комплексин куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу жөнүндө расмий тилде тиркелген инвестициялык макулдашуу жактырылсын.

2.            Бишкек шаарынын мэрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Инвестициялык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы                                                                               А.А. Касымалиев