Редакцияот 09.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 9-октябры № 683

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336-беренесинин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 336 жана 345-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемесинде:

- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

12

2025-жылдын 1-январынан тартып ТЭИ ТН 271012110-271012900, 2710191100-2710191500, 2710192500-2710192900, 2902600000, 2902700000, 2909199000, 2921420001 товардык позицияларында классификациялануучу кышкы дизель отунунан тышкары, мотордук бензиндер, атайын, жеңил жана орто дистилляттар, башка бензиндер, дистилляттар жана компоненттер

5000 сом/тонна

".

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев