Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 12-октябры № 691

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 614 «Кыргыз Республикасынын аймагына курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 614 «Кыргыз Республикасынын аймагына курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пунктта:

– 4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен жактырылган инвестициялык макулдашууларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда каралган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында ташып келинүүчү;»;

– төмөнкүдөй мазмундагы 5, 6-пунктчалар менен толукталсын:

«5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 «Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө» токтому менен каралган улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмегине киргизилген долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ташып келинүүчү, тиешелүү долбоорго бекитилген жооптуу куратордун товарлардын ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн ташып келингендигин ырастоочу расмий каты болгон учурда;

6) тиешелүү товарды коштоочу документтер менен ырасталган, ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген убактылуу тыюу салуу колдонулуп баштаган датага чейин Кыргыз Республикасындагы алуучулардын дарегине жүктөлүп жөнөтүлгөн жана жолдогу, алар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып эки айдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген шартта.»;

2) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 77 (3838) саны менен жарыяланды

 

 

Председатель Кабинета Министров Кыргызской Республики

 

А.А. Касымалиев

 

 

 

 

 

 

Тиркеме

«1-тиркеме

 

 

Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу киргизилип жаткан курулуш материалдарынын айрым түрлөрүнүн тизмеги

 

 

ЕАЭБ ТЭИ ТН коду

ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифи боюнча товардын расмий аталышы

6810 11 100 0

Жеңилдетилген бетондон (майдаланган пемзадан, майда тоголоктолгон күлдөн ж.б. жасалган негиз менен) курулуш блоктору жана кыштар, арматураланбаган же арматураланган

6810 11 900 0

Цементтен, бетондон же жасалма таштан башка курулуш блоктору жана кыштар, арматураланбаган же арматураланган

6907 21 100 0,

6907 21 900 9,

6907 22 100 0,

6907 22 900 9,

6907 23 100 0,

6907 23 900 9,

6907 40 100 0,

6907 40 900 9дан

Төшөө үчүн плиталар, полдор, мештер, каминдер жана дубалдар үчүн каптоочу плиткалар, өлчөмү 58 × 58 см, 59 × 59 см, 60 × 60 см, 61 × 61 см, 62 × 62 см, 58 × 118 см, 59 × 119 см, 60 × 120 см, 61 × 121 см жана 62 × 122 см

7005 29 250 0

Термикалык жылтыратылган айнек жана жылмаланган же жылтыратылган бети бар айнек, калыңдыгы 3,5 мм ашык эмес

7005 29 350 0

Термикалык жылтыратылган айнек жана жылмаланган же жылтыратылган бети бар айнек, калыңдыгы 3,5 мм ашык, бирок 4,5 мм ашык эмес

7005 29 800 0

Термикалык жылтыратылган айнек жана жылмаланган же жылтыратылган бети бар айнек, калыңдыгы 4,5 мм ашык

8544 49 950 9дан

Алюминий өзөктүү кабелдер (АВВГ/АВВГнг/АВВГнг-LS):

– кесиги: 2,5 мм2 тартып 240 мм2 чейин;

– өзөктүүлүгү: 1ден 5 өзөккө чейин.

Жез өзөктүү кабелдер (ВВГ/ВВГнг/ВВГнг-LS):

– кесиги: 1,5 мм2 тартып 240 мм2 чейин;

– өзөктүүлүгү: 1ден 5 өзөккө чейин.

Өзү көтөрүүчү изоляцияланган өткөргүчтөр (СИП-1, СИП-2, СИП-3, СИП-4, СИП-5):

– кесиги: 16 мм2 тартып 150 мм2 чейин;

– өзөктүүлүгү: 1ден 5 өзөккө чейин

».