Редакцияот 26.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 26-февралы № 226-VIII

 

"2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы "Түштүк региондорундагы рефералдык ооруканаларда медициналык жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Түштүк региондорундагы рефералдык ооруканаларда медициналык жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген "2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы "Түштүк региондорундагы рефералдык ооруканаларда медициналык жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы "Түштүк региондорундагы рефералдык ооруканаларда медициналык жабдууларды жакшыртуу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (2026-жылдын 19-февралындагы чыг. № 18-1692) биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрагасынын орун басары

 

Ж.Таалайбек кызы