Редакцияот 09.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 9-октябры № 123

 

 

Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү тууралуу

 

 

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

–       Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;

– Чаткал аймактык шайлоо комиссияcынын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими 2-тиркемеге ылайык;

– Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.

2. 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.

3. Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссиялары 3-тиркемеге ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырышсын.

4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жана Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жарыялансын.

5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Т. Шайназаров

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын 2026-жылдын

9-октябрындагы № 123 токтомуна

1-тиркеме

 

 

 

 

Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери

 

 

№

АШКнын аталышы, чечимдин датасы, номери жана негизи

Жергиликтүү кеңештин аталышы

Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештин депутатынын аты-жөнү

Чүй облусу

Жайыл району

1.

Жайыл АШК, 2026-жылдын

28-сентябры, № 7, 2026-жылдын 23-сентябрындагы өз арызы

Ак-Башат айылдык кеңеши (№ 1 Ново- Николаевка шайлоо округу)

Таштанбеков Кайрат Таштанбекович

Сокулук району

 

2.

Сокулук АШК, 2026-жылдын 5-октябры, № 6, 2026-жылдын 28-сентябрындагы өз арызы

Гавриловка айылдык кеңеши (№ 4 шайлоо округу)

Кубанычбекова Гүлүкан Кубанычбековна

3.

Сокулук АШК, 2026-жылдын 5-октябры, № 5,

2026-жылдын 22-сентябрындагы өз арызы

Гавриловка айылдык кеңеши (№ 2 шайлоо округу)

Артыкбек уулу Нуртилек

Ош облусу

Өзгөн району

4.

Өзгөн АШК, 2026-жылдын 29-сентябры, № 18, 2026-жылдын 14-сентябрындагы өз арызы

Өзгөн шаардык кеңеши

“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан Ураимова Махаёохон Махамаджановна (9)

5.

Өзгөн АШК, 2026-жылдын 29-сентябры, № 18, 2026-жылдын 21-сентябрындагы өз арызы

 

Жалпак-Таш айылдык кеңеши (Курбу-Таш-Кара-Тарык шайлоо округу)

Калдыбаев Адилбек Арзымаматович

Ноокат району

6.

Ноокат АШК, 2026-жылдын 30-сентябры, № 17, 2026-жылдын 29-сентябрындагы өз арызы

Зулпуев айылдык кеңеши (№ 6 Калдай  шайлоо округу)

Абдикеримов Үсөн Аскарбекович

Жалал-Абад облусу

Сузак району

7.

Сузак АШК, 2026-жылдын

8-сентябры, № 12, 2026-жылдын 24-августундагы өз арызы

Көк-Арт айылдык кеңеши (№ 6 Жоон-Күнгөй шайлоо округу)

Малашев Кубанычбек Сатыбалдиевич

 Чаткал району

8.

Чаткал АШК, 2026-жылдын 2-октябры, № 8, 2026-жылдын 25-сентябрындагы өз арызы

Терек-Сай айылдык кеңеши (№ 4 Сумсар шайлоо округу)

Куниева Динара Анарбаевна

Талас облусу

Айтматов району

9.

Айтматов АШК, 2026-жылдын 1-октябры,  № 4,

Айтматов районунун № 07-02 Калкты тейлөө борбору тарабынан берилген 2026-жылдын 22-сентябрындагы

№ KG05 0033183 каза болгондугу тууралуу күбөлүк

Чолпонбай айылдык кеңеши (№ 1 Жоон-Дөбө шайлоо округу)

Суюнтбеков Фархад Маратович

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын 2026-жылдын

9-октябрындагы № 123 токтомуна

2-тиркеме

 

 

 

Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын катталган талапкерди депутаттыкка талапкердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими

 

№

АШКнын аталышы, чечимдин датасы, номери жана негизи

Жергиликтүү кеңештин аталышы

 

Катталган талапкердин

аты-жөнү

                                                          Жалал-Абад облусу

Чаткал району

1.     

Чаткал АШК,

2026-жылдын 2-октябры,

№ 8, 2026-жылдын 1-октябрындагы өз арызы

Терек-Сай айылдык кеңеши (№ 4 Сумсар шайлоо округу)

Каракулова Миргүл Сармановна

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын 2026-жылдын

9-октябрындагы № 123 токтомуна

3-тиркеме

 

 

 

 

Жайыл, Сокулук, Өзгөн, Сузак, Чаткал жана Айтматов аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери

 

№

АШКнын аталышы, чечимдин датасы, номери жана негизи

Жергиликтүү кеңештин аталышы

Жергиликтүү кеңештин шайланган депутатынын аты-жөнү

Иштеген жери, ээлеген кызмат орду

Чүй облусу

Жайыл району

1.

Жайыл АШК, 2026-жылдын 28-сентябры,

№ 8, 2026-жылдын 24-сентябрындагы өз арызы

Ак-Башат айылдык кеңеши (№ 1 Ново-Николаевка шайлоо округу)

Кадыркулов Данияр Асылбекович

Убактылуу иштебейт

Сокулук району

2.

Сокулук АШК, 2026-жылдын 5-октябры, № 6, 2026-жылдын

5-октябрындагы өз арызы

Гавриловка айылдык кеңеши (№ 4 шайлоо округу)

Мырсаканова Астра Шадыбековна

Бала бакча тарбиячысы

3.

Сокулук АШК, 2026-жылдын 5-октябры, № 5, 2026-жылдын 28-сентябрындагы өз арызы

Гавриловка айылдык кеңеши (№ 2 шайлоо округу)

Абдыкулов Таалайбек Асаналиевич

Жеке ишкер

Ош облусу

Өзгөн району

4.

Өзгөн АШК,  2026-жылдын 29-сентябры,

№ 21, 2026-жылдын 24-сентябрындагы өз арызы

Өзгөн шаардык кеңеши

“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан Усманова Екутхан Халдаралиевна (12)

№ 8 Курманжан Датка атындагы орто мектептин мугалими

Жалал-Абад облусу

Сузак району

5.

Сузак АШК,  2026-жылдын 8-сентябры,

№ 12, 2026-жылдын 3-сентябрындагы өз арызы

Көк-Арт айылдык кеңеши (№ 6 Жоон-Күнгөй шайлоо округу)

 

Орунбекова Айымкан Кадыралиевна 

№ 28

Т. Кочкоров атындагы орто билим берүү мектебинин мугалими

Чаткал району

6.

Чаткал АШК, 2026-жылдын 2-октябры, № 8, 2026-жылдын

1-октябрындагы өз арызы

Терек-Сай айылдык кеңеши (№ 4 Сумсар шайлоо округу)

Курмантаев Нурдин Туралиевич

“Сумсар” № 80 өрт коопсуздук бөлүмүндө айдоочу

Талас облусу

Айтматов району

7.

Айтматов АШК, 2026-жылдын 1-октябры, № 4, 2026-жылдын 1-октябрындагы өз арызы

Чолпонбай айылдык кеңеши (№ 1 Жоон-Дөбө шайлоо округу)

Чормонов Эрдос Төлөгөнович

“Альянс Алтын” ЖЧКсында эколог