Редакцияот 06.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Датка айылдык аймак кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 18-сессиясы

 

2026-жылдын 6-августу  №2/18

Ош шаардык "Ошшаарсууканал"муниципалдык ишканасынын тутумунан эмессууну керектеген Датка айыл аймагындагы бюджеттик жана коммерциялык уюмдар үчүн ичүүчү сууга тарифти бекитүү жөнүндө токтому

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктун "айылдык аймактардын, шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин ыйгарым укуктары" 11- пунктун жетекчиликке алып, "Датка" көп тармактуу муниципалдык ишканасынын жетекчилигинин каттын (2026-ж. 5 августундагы кир. №48/4) жана берген маалыматын эске алып, карап чыгып, талкуулап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

Токтом кылат:

1. Ош шаардык "Ошшаарсууканал"муниципалдык ишканасынын тутумунан эмес сууну керектеген Датка айыл аймагындагы бюджеттик жана коммерциялык уюмдар үчүн ичүүчү суунун тарифи 1 метр куб. үчүн 20 (жыйырма) сом өлчөмдө бекитилсин;

2. Бул тариф кол коюлган күндөн тартып ишке киргизилсин;

3. Бул токтомдун аткарылышы "Датка" Көп тармактуу муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Рыскелдиевке жүктөлсүн;

4. Бул токтом кол койгондон тартып күчүнө кирет;

5. Бул токтомду Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.datka-kara-suu. gov.kg сайтында жарыялоо жагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;

6.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К.Курбановко жүктөлсүн;

7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төраганын биринчи орун басары

 

Р.Юлдашева