БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы
2026-жылдын 22-майы №16-1
Ош областтык өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн акча каражаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Кенжебаевдин Бел айыл аймагындагы элдер менен жолугушуусунда берилген тапшырмада Бел айылындагы жаңыдан курулган Сражидинова Канзада ажы эне атындагы “Райхан” бала бакчасынын оңдоп түзөө иштерин бүткөрүп бала бакчаны 1-июлга ачылуусуна жалпы смета түзүү жагы айтылган. Аталган жумуштардын сметалык жалпы сумма 3 242 265 ( үч миллион эки жүз кырк эки миң эки жүз алтымыш беш) сом болуп белгиленгендиги боюнча маселе айылдык кеңештин 16-сессиясында каралып акча каражатын Ош областтык өнүктүрүү фондунан ажыратуу боюнча, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бел айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Кенжебаев тарабынан бөлүнгөн 3 242 265 ( үч миллион эки жүз кырк эки миң эки жүз алтымыш беш) сом акча каражаты Ош областтык өнүктүрүү фондунан суралсын.
- Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана финансы-экономика боюнча бөлүм башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
- Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Бул токтом Бел айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялансын.
5. Бул токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ураимов М.А. |