БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы
2026-жылдын 22-майы №16-3
2025-жылдын бюджетинен үнөмдөлүп калган акчаны багыттар боюнча бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы №81 токтомуна негиз Бел айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына айлык акы кароо жөнүндө жана айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасына күйүүчү май жана башка бөлүмдөргө акча каражатын кароо боюнча айылдык кеңештин депутаттары №16 сессияда карап чыгып, айыл өкмөтүнүн жана ФЭБ башчынын маалыматын угуп 34-статьясынын 2-пунктуна Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексинин” 102-беренесине ылайык Бел айылдык кеңеш токтом кылат:
- 2025-жылдын үнөмдөлүп калган жалпы 335 (үч жүз отуз беш миң) сом акчаны төмөнкү багыттарга;
- 200 000 (эки жүз миң) сом, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына айлык акы үчүн;
- 45 000 (кырк беш миң) сом айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасына күйүүчү майга;
- 90 000 (токсон миң) сом башка бөлүмдөргө каралып берүүгө макулдук берилсин.
- Мыйзам чегинде аталган бөлүмдөргө акча каражатын төлөп берүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана ФЭБ башчы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
- Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
- 4.Бул токтом Бел айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялансын.
5. 5.Бул токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ураимов М.А. |