БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы
2026-жылдын 22-майы №16-1
Таш-Булак айылындагы жарандарга тамарка үчүн берилүүчү жер аянтын кыскартуу жөнүндө
Бел айыл аймагынын Таш-Булак айылынан муктаж жарандарга тамарка үчүн берилүүчү жер аянтын айыл өкмөтүнө келип түшкөн арыздардын көптүгүнө байланыштуу карап чыгып ар бир арыз ээсине 8сотых берилүүчү жер аянтын 6 сотыхка төмөндөтүү боюнча маселени карап чыгып депутаттар №16 сессияда талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бел айылдык кеңеш токтом кылат:
- Бел айыл аймагынын Таш-Булак айылынан муктаж жарандарга тамарка үчүн жер аянтын берүүдө комиссия курамы бекитилсин.
- Ар бир арыз ээсине 6 сотых өлчөмүндө жер аянты тартылсын.
- Бул токтом боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана жер адистерине милдеттендирилсин.
- Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
- Бул токтом Бел айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялансын.
- Бул токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
1.
Төрага |
Ураимов М.А. |