Редакцияот 22.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бел айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 16-сессиясы

 

2026-жылдын 22-майы  №16-8

Бел айыл аймагынын Каракчы –Кол бөлүмүнө 15 га жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Бел айыл аймагынын Каракчы-Кол бөлүмүнөн суралган 15 га жер аянтын кум-шагыл майдалоочу жана бетон курулмаларды чыгаруучу ишкана куруу боюнча маселени сессияда депутаттар карап чыгып, кошумча айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн угуп Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Бел айылдык кеңеш  токтом кылат:

  1. Бел айыл аймагынын Каракчы-Кол бөлүмүнөн кум-шагыл майдалоочу жана бетон курулмаларды чыгаруучу ишкана курууга суралган 15 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин жана аткарууга алынсын.
  2. Аталган жер боюнча  келип түшкөн жарандардын арыздары канааттандырылсын.
  3.  Жерди которууда мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы А.Эшматовго жана жер адис С.Эргешовго милдеттендирилсин.
  4. Токтом кабыл алынган күндөн баштап күчүнө кирет.
  5. Бул токтом Бел айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялансын.
  6. Бул токтом ченемдик укуктук  актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин  “бюджет, экономика, муниципалдык менчик,айыл чарбасы, инвестиция ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

Ураимов М.А.