БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
2026-жылдын 21-августу №17-11
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына акча каражатын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өткөрүлө тургангандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн бюджетинен тиешелүү өлчөмдө акча каражатын бөлүү каражатын карап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары”жөнүндөгү мыйзамынын 34-беренесине ылайык Бел айыл аймагынын айылдык кеңеш токтом кылат:
- Бел айыл аймагынын 2026-жылга бекитилген айыл өкмөтүнүн бюджетинен 230 000(эки жүз отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу 5(беш )күндүк мөөнөттө жүргүзүлсүн.
- Бул токтом Бел айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялансын.
- Бул токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы “жаштар жана спорт маданият жана социалдык маселелер боюнча “ комиссиясына тапшырылсын.
Сессияны алып баруучу |
Абдилазиз уулу Ч. |