Редакцияот 21.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бел айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы

 

2026-жылдын 21-августу  №17-12

Бел айыл өкмөтүнүн оргтехника каражатын жаңылоо жөнүндө

          Бел айыл өкмөтүнүн иш кагаздарынын, өз убагында жана сапаттуу жүргүзүүдө кыйынчылыктар жаралып жаткандыгын карап чыгып ,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Мыйзамынын 34-статьясынын 2-пунктуна Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин “102 –беренесине ылайык Бел айылдык кеңеши токтом кылат:    

  1. Бел айыл өкмөтүнүн оргтехника каражаттарын жаңылоо үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен  120 000(жүз жыйырма миң)сом өлчөмүндө каражат каралсын.
  2. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  5(беш )күндүк мөөнөттө жүргүзүлсүн.
  4. Бул токтом Бел айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялансын.
  5. Бул токтом ченемдик укуктук  актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  6. Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы “Бюжет, экономика,муниципалдык менчик,айыл чарбасы,инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча “ комиссиясына тапшырылсын.

    1.         

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

    Сессияны алып баруучу

 

Абдилазиз уулу Ч.