БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 17-сессиясы
2026-жылдын 21-августу №17-13
Тегирмен башы бөлүмүнө электр мамыларын жана зымдарын алуу жөнүндө
Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Кенжебаевдин айыл аймагындагы эл менен болгон жолугушуусунда көтөрүлгөн маселелердин негизинде берилген тапшырманы аткаруунун максатында Тегирмен –Башы бөлүмүнө электр мамыларын жана электр зымдарын алуу үчүн акча каражатын бөлүү маселесин карап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Мыйзамынын 34-статьясынын 2-пунктуна Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодексинин “102 –беренесине ылайык Бел айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Тегирмен-Башы бөлүмүнө электр мамыларын зымдарын алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 400 000 (төрт жүз миң)сом акча каражаты каралсын.
2.Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Сайдаматовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу 5(беш )күндүк мөөнөттө жүргүзүлсүн.
4.Бул токтом Бел айыл өкмөтүнүн сайтына жарыялансын.
5.Бул токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы “Бюжет, экономика,муниципалдык менчик,айыл чарбасы,инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча “ комиссиясына тапшырылсын.
Сессияны алып баруучу |
Абдилазиз уулу Ч. |