Загрузка документа…
Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 05-сентябры №10/4
Т.Кулатов айыл аймагындагы бала бакчалардын ата-энелердин взносунан түшкөн акча каражатын планга коюуга макулдук берүү жөнүндө
Т.Кулатов айыл аймагындагы бала бакчалардын ата-энелердин взносунан түшкөн акча каражатын планга коюуга макулдук берүү жөнүндө маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Т.Кулатов айыл аймагындагы бала бакчалардын ата-энелердин взносунан түшкөн 5 085 400 (беш миллион сексен беш миң төрт жүз) сом акча каражатын планга коюуга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
А.Эшимбаев |