Редакцияот 02.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.КУЛАТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы

 

2025-жылдын 02-декабры  №14/3

Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 9 айында аткарган иштердин маалыматы жөнүндө

              Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 9 айында аткарган иштери боюнча Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшимбаевдин маалыматын угуп, таанышып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна негиз, Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 9 айында аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Кулатов айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

      Төрага

 

Р.Жунусов