Редакцияот 06.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 6-октябры № 1/22-96

 

“Кызыл-Октябрь айыл аймагында жайгашкан суткалык жөнгө салуучу бассейндерди (СЖБ) Кемин райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү” жөнүндө

 

Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган «Шабдан» жана «Истам» суткалык жөнгө салуучу бассейндерин (СЖБ) Кемин райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү маселесин талкуулап, Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги төмөнкү суткалык жөнгө салуучу бассейндер (СЖБ) белгиленген тартипте Кемин райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүлүп берилсин:

·         № 264 контурда жайгашкан, аянты 3,2 гектарды түзгөн «Шабдан» суткалык жөнгө салуучу бассейни;

·         № 169 контурда жайгашкан, аянты 3,4 гектарды түзгөн «Истам» суткалык жөнгө салуучу бассейни.

2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы аталган суткалык жөнгө салуучу бассейндерди өткөрүп берүү боюнча тиешелүү документтерди даярдоо, кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларын түзүү жана мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүп берүү иштерин уюштурсун.

3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлүн Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

Кызыл-Октябрь айылдык

кеңешинин төрагасы

 

 

Карамырзаев А.Т.