Редакцияот 17.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

2026-жылдын 17-октябры № 789-т

 

Мамлекеттик маанидеги долбоор статусуна ээ болгон «2026-жылы Кыргыз Республикасында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнү жана аларды өткөрүүнү материалдык-техникалык камсыздоо боюнча жалпы улуттук маанидеги долбоор» долбоорун ишке ашыруу максатында, «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

Ушул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн, «2026-жылы Кыргыз Республикасында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнү жана аларды өткөрүүнү материалдык-техникалык камсыздоо боюнча жалпы улуттук маанидеги долбоор» долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасына ташып келинүүчү товарлар товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А.Касымалиев

 

 

Тиркеме

 

 

«2026-жылы Кыргыз Республикасында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүүнү жана аларды өткөрүүнү материалдык-техникалык камсыздоо боюнча жалпы улуттук маанидеги долбоор» долбоорун ишке ашыруунун алкагында сатылып алынган, товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон товарлардын тизмеги

                                                                                                                                                                                

№

ЕАЭБ ТЭИ ТН коду

Товардын аталышы

Саны

 

Импорттоочу

Транспорт каражаттары

1

8703 23 198 8

BMW 740i xDrive автомобили

30

«БЛ групп» жоопкерчилиги чектелген коому

(ИСН: 01305202410388)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2

8703 24 109 2, 8703 24 109 8

Toyota Land Cruiser 300 автомобили

40

3

8703 32 199 0

Mercedes-Benz VC300 автомобили

30

4

8702 90 119 0

Hongqi GUOYUE 17 Seater Luxury Version автобусу

20

5

8702 90 119 0

Hongqi GUOYUE 12 Seater Flagship Version автобусу

20

6

8703 32 191 0

Mercedes-Benz Sprinter 3019 cdi медициналык тез жардам транспорт каражаты

42

7

8703 32 191 0

Mercedes-Benz Sprinter 316 cdi AMBULANCE B-CLASS медициналык тез жардам транспорт каражаты

 

20

Сувенирлер

8

6911, 6913, 6914

Сувенирлер

380

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы

Идиш-аяк

9

6911, 6912 00, 7013499900, 8215991000

Идиш-аяк

97 730

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясы» мамлекеттик мекемеси