КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-сентябры № 621
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын актуалдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 «Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-мартындагы № 154 «Мамлекеттик сырлар камтылган ченемдик укуктук актылардын эсебин алуу тартиби жөнүндө» токтомунун -пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын10-июнундагы № 327 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын19-ноябрындагы № 657 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 743 «Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын7-августунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |