Редакцияот 19.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                      УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

 

ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

IХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  ХIХ СЕССИЯСЫНЫН

                                                        

                                             № 116 Т О К Т О М У

25-август 2026-ж.

 

Шор-Булак айылынын Фапка тиешелүү жер тилкесинен жаңы почта имаратын куруу үчүн жер участогун бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

________________________________________________________________________________

Шор-Булак айылынын тургундарынын социалдык муктаждыктарын камсыз кылуу, калкка почта жана байланыш кызматтарын көрсөтүү сапарын жакшыртуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин», «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын талаптарын жетекчиликке алып, Улахол айылдык Кеңеши

                                                                ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Шор-Булак айылынын ФАПка тиешелүү болгон аймактан жаңы почтанын имаратын куруу максатында 500 чарчы метр жер участогун бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Айыл аймагынын тиешелүү профилик адистери жана жер маселелери боюнча комиссиясы бөлүнгөн жер тилкесине тиешелүү токтом жана архитектуралык-пландоо документтерин мыйзамда белгиленген тартипте расмийлештирүү иштерин жүргүзсүн.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Улахол айылдык кеңешинин «Айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                            К.Бейшеев