УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ДЕПУТАТТАРДЫН УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
IХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН ХIХ СЕССИЯСЫНЫН
№ 117 Т О К Т О М У
25-август 2026-ж.
«Ак-Булуң» участогунан 60 га жер аянтын жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын категориясына которууга макулдук берүү жөнүндө.
________________________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык, айыл аймагынын экологиялык абалын жакшыртуу, жаратылыш объектилерин сактоо жана коргоо максатында Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- «Ак-Булуң» участогунун 492-контурунан жалпы аянты 60 (алмыш) гектар болгон жер тилкесин «Жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын» жерлери категориясына которууга тиешелүү мыйзам ченемдеринин негизинде макулдук берилсин.
- Айыл өкмөтү бул токтомдун негизинде жер категориясын которуу боюнча тиешелүү долбоордук-сметалык жана укуктук документтерди даярдап, белгиленген тартипте тиешелүү райондук жер комиссиясынын жана облустук мамлекеттик органдардын кароосуна киргизсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Улахол айылдык кеңешинин «Айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
- Токтом катталган күндөн тартып күчүнө кирет жана жергиликтүү маалымат каражаттарында жарыялансын.
Төрага К.Бейшеев