Редакцияот 08.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 8-октябры № 682

 

 

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагында жайгашкан жер тилкесин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагында жайгашкан "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун куруу зонасына туура келген турак үйлөрдү которуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2026-жылдын 24-сентябрындагы № 04-01/7600 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 12-июнундагы № 82, 2026-жылдын 22-сентябрындагы № 127 токтомдорун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 13-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Мамлекеттик менчикте турган жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагында № 3752 (1,20 га), № 4872 (6,20 га) жана № 784 (6,88 га) контурларда жайгашкан жалпы аянты 14,28 га кайрак айдоо жер тилкелери "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолун куруу зонасына туура келген турак үйлөрдү которуу максатында "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).

2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:

1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

2) курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелеринин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелерин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;

4) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы планды иштеп чыгууда жер титирөөгө каршы иш-чараларды жүргүзүүнү, ошондой эле тиешелүү аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо боюнча колдонмону сактоону;

5) жергиликтүү бюджеттин, жергиликтүү жамааттын жана жер тилкелеринин менчик ээлеринин каражаттарынын эсебинен аймактын инфраструктурасынын, жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү уюштурууну;

6) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелери пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;

7) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкелеринде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды күтүүнү жана коргоону, казууларды жана курулуш иштерин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык археологиялык көзөмөлдөө үчүн адис археологду тартууну;

8) "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкени сактоону;

9) Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жаатындагы мыйзамдарына ылайык чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууну;

10) жарандык коргонуу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоону.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев