Редакцияот 10.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЫСЫК-АТА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Ысык-Ата айылдык Кенешинин 29-чакырылган кезексиз XХ (жыйырманчы) сессиясы

 

2026-жылдын 10-сентябры № 100/XX-29

 

Маршруттук унаалардын жол кире тарифин өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 7-сентябрындагы №03-13/899 кайрылуусунун негизинде, жергиликтүү тургундардын жыйынын эске алуу менен, күйүүчү-майлоочу материалдардын, запастык бөлүктөрдүн жана техникалык тейлөөнүн баасынын жогорулашына байланыштуу, Ысык-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Калкты ташуучу маршруттук унаалар үчүн жол киренин тарифи төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:

·         Тогуз-Булак жана Кебек-Бий айылдары – 90 (токсон) сом;

·         Алмалуу жана Жогорку Ичке-Суу айылдары – 80 (сексен) сом;

·         Норус жана Ичке-Суу айылдары – 70 (жетимиш) сом;

·         Үч-Эмчек айылы 60 (алтымыш) сом.

2. Маршруттук каттамдарды тейлеген айдоочуларга төмөнкүдөй кыймыл графигин так сактоо милдеттендирилсин:

·         Эң көп жүргүнчү ташылган убакта (час-пик) — каттамдардын ортосундагы интервал 30 (жарым) сааттан ашпоого тийиш;

·         Ишемби жана жекшемби күндөрү — каттамдар мурдагы бекитилген график менен калтырылсын (бир саат аралык).

3. Жаңы тариф ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып колдонулсун;

4. Маршруттук каттамдарды тейлеген айдоочуларга бекитилген тарифти так сактоо жана жүргүнчүлөргө алдын ала маалымдоо милдеттендирилсин;

5. Бекитилген тарифтердин колдонулушуна жана маршруттардын социалдык абалына көзөмөл жүргүзүү Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын;

6. Бул токтомдун аткарылышы Ысык-Ата айылдык Кенешинин социалдык иштер (ден-соолук, билим берүү, маданият, укук коргоо, мыйзамдуулук жана туризм) боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

Н. Ибраимов