|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-октябрындагы № 697 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк инвесторлорду ыктыярдуу аккредитациялоо тартиби жана критерийлери жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо чет өлкөлүк инвесторлорду ыктыярдуу аккредитациялоо тартибин жана критерийлерин, Аккредитацияланган чет өлкөлүк инвесторлордун реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин, ошондой эле аккредитацияланган чет өлкөлүк инвесторлорду инвестициялык коштоонун негиздерин аныктайт.
2. Бул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк инвесторлорго, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында инвестицияны жүзөгө ашырууга ниеттенген чет өлкөлүк инвесторлорго жайылтылат.
3. Аккредитациялоо ыктыярдуу жана акысыз негизде гана жүзөгө ашырылат. Аккредитациянын жоктугу чет өлкөлүк инвестордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктарын чектебейт, инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт жана мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз боло албайт.
4. Аккредитациялоо чет өлкөлүк инвестор жана анын инвестициялык долбоору (инвестициялык ниети) жөнүндө маалыматтарды ыктыярдуу ырастоону жана инвестициялык коштоону уюштуруу максатында тиешелүү маалыматтарды Аккредитацияланган чет өлкөлүк инвесторлордун реестрине киргизүүнү билдирет.
5. Аккредитациялоо лицензия, уруксат же башка уруксат берүүчү документ болуп саналбайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган уруксаттарды, лицензияларды, макулдашууларды жана башка административдик жол-жоболорду алмаштырбайт, салыктык, бажылык, жер жана башка жеңилдиктерди же преференцияларды автоматтык түрдө берүү үчүн негиз болуп саналбайт, ошондой эле инвестициялык макулдашууну автоматтык түрдө түзүүгө алып келбейт.
6. Аккредитациялоонун негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ыктыярдуулук жана акысыздык;
2) мыйзамдуулук, инвесторлордун теңдиги жана басмырлоонун жоктугу;
3) жол-жоболордун ачыктыгы, божомолдуулугу жана укуктук аныктуулугу;
4) санариптик формат жана маалыматтарды бир жолу берүү;
5) административдик жүктөмдү минималдаштыруу;
6) мамлекеттик органдарга жеткиликтүү болгон маалыматтарды өз алдынча алуу жана берүү милдетин инвесторго жүктөбөстөн ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык персоналдык маалыматтарды, коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды коргоо;
8) чечимдердин жүйөлүүлүгү жана аларга даттануу мүмкүнчүлүгү.
2-глава. Ыйгарым укуктуу орган жана аккредитациялоонун максаттары
7. Аккредитациялоо мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Аккредитациялоонун максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) чет өлкөлүк инвестордун мамлекет менен өз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү санариптик түйүнүн түзүү;
2) чет өлкөлүк инвестордун статусун ырастоо жана анын инвестициялык долбоорун (инвестициялык ниетин) белгилөө;
3) чет өлкөлүк инвесторду инвестициялык коштоо системасына киргизүү;
4) инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу административдик жол-жоболордун ачыктыгын жана божомолдуулугун жогорулатуу;
5) инвестициялык долбоордун өтүшүн ведомстволор аралык координациялоону жана мониторингди камсыз кылуу;
6) мамлекеттик инвестициялык саясаттын натыйжалуулугун баалоо үчүн аналитикалык маалыматтарды түзүү.
3-глава. Аккредитациялоо критерийлери
9. Чет өлкөлүк инвестор төмөнкү критерийлерге бир учурда ылайык келгенде аккредитацияланышы мүмкүн:
1) арыз берүүчү «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген чет өлкөлүк инвестор түшүнүгүнө ылайык келет;
2) арыз берүүчү катталган (жарандыгы бар) мамлекеттин мыйзамдарына ылайык укук жөндөмдүүлүгүнө ээ;
3) арыз берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында инвестицияларды жүзөгө ашырууну караган инвестициялык ниети же инвестициялык долбоор берилген;
4) арыз берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында инвесторлорго карата белгиленген талаптарга ылайык келгендигин ырастоочу маалыматтар жана документтер, анын ичинде төмөнкү маалыматтар берилген:
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу жөнүндө;
– чет өлкөлүк инвестордун ишкердик беделин мүнөздөөчү;
– юридикалык жактын акыркы бенефициардык ээси жөнүндө;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маалыматтар;
5) чет өлкөлүк инвестор берилген маалыматтардын жана документтердин толуктугу жана аныктыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
10. Инвестициялардын минималдуу көлөмү, түзүлүүчү жумуш орундарынын саны, инвестициялык долбоордун өзүнчө тармакка же аймакка таандык болушу, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөн-түз башкача белгиленбесе, аккредитациялоонун милдеттүү критерийлери болуп саналбайт.
4-глава. Арызды жана документтерди берүү тартиби
11. Арыз чет өлкөлүк инвестор же анын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан электрондук түрдө ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган мамлекеттик санариптик технологиялык система аркылуу ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча берилет.
Тиешелүү мамлекеттик санариптик технологиялык система пайдаланууга киргизилгенге чейин арыз кагаз жүзүндө берилет.
12. Арызга төмөнкүлөр тиркелет же көрсөтүлөт:
1) чет өлкөлүк инвестор – жеке жактын ички же чет элдик паспортунун көчүрмөсү же чет өлкөлүк инвестор – юридикалык жакты идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтар жана документтер;
2) эгерде тиешелүү маалыматтарды ведомстволор аралык же эл аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү аркылуу алуу мүмкүн болбосо, чет өлкөлүк юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн жана укук жөндөмдүүлүгүн ырастоочу документ;
3) эгерде арыз чет өлкөлүк инвестордун өкүлү тарабынан берилсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастоочу документ;
4) юридикалык жактын акыркы бенефициардык ээси жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле тиешелүү учурларда – чет өлкөлүк инвестор катталган мамлекеттин мыйзамдарында каралган көлөмдөгү маалыматтар;
5) долбоордун чөйрөсү, болжолдонгон ишке ашыруу жери, инвестициялардын болжолдуу көлөмү, ишке ашыруу мөөнөттөрү, каржылоо булактары, күтүлүүчү натыйжалары жана мамлекеттик коштоого болгон муктаждыктары жөнүндө маалыматтарды камтыган долбоордук карточка;
6) арыз ээсинин берилген маалыматтардын толуктугу жана аныктыгы жөнүндө декларациясы.
13. Ыйгарым укуктуу орган ушул Жободо каралбаган документтерди жана маалыматтарды, ошондой эле «Түндүк» санариптик өз ара аракеттенүү системасы же башка мамлекеттик санариптик технологиялык системалар аркылуу алынышы мүмкүн болгон документтерди жана маалыматтарды талап кылууга укуксуз.
14. Чет мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык келишимдеринде каралган учурларда мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу менен берилет жана апостиль менен мыйзамдаштырылат же күбөлөндүрүлөт.
5-глава. Арызды кароо жана чечим кабыл алуу
15. Арыз келип түшкөн күнү катталат. Санариптик технологиялык система арызга автоматтык түрдө каттоо номерин ыйгарат жана арыз ээсине аны кароонун статусун көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берет.
16. Ыйгарым укуктуу орган 2 жумуш күндүн ичинде берилген маалыматтардын толуктугун текшерет. Берилген маалыматтардын жоюуга мүмкүн болгон толук эместиги аныкталган учурда, арыз ээсине тиешелүү санариптик технологиялык система аркылуу жетишпеген маалыматтардын толук тизмеги менен аны жөнөтүү жана арыз ээси тарабынан алуу фактын ырастоого мүмкүндүк берүүчү ыкма менен кабарлоо жөнөтүлөт.
Арыз ээсине жетишпеген маалыматтарды толуктоо үчүн кабарлоо алынган күндөн тартып 10 жумуш күнгө чейинки мөөнөт берилет. Арызды кароо мөөнөтүнүн өтүшү кабарлоо жөнөтүлгөн күндөн тартып убактылуу токтотулат жана арыз ээси тиешелүү маалыматтарды берген күндөн тартып кайра улантылат.
17. Аккредитациялоо же аккредитациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим арыз катталган күндөн тартып 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө кабыл алынат, анын ичинде берилген маалыматтардын толуктугун текшерүү, аныкталган толук эместикти жоюу жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү аркылуу маалыматтарды алуу мөөнөттөрү да камтылат.
18. Мамлекеттик органдар жана уюмдар суралган маалыматтарды өз компетенцияларынын чегинде жана ушул Жобонун 17-пунктунда белгиленген мөөнөттүн сакталышын камсыз кылуучу мөөнөттөрдө санариптик формада ыйгарым укуктуу органга берет.
19. Аккредитациялоо жөнүндө чечим «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде ыйгарым укуктуу органдын административдик акты менен таризделет.
Аккредитациялоо күнү Аккредитацияланган чет өлкөлүк инвесторлордун реестрине тиешелүү жазуу киргизилген күн болуп саналат.
20. Ыйгарым укуктуу орган аккредитацияланган чет өлкөлүк инвестор жөнүндө маалыматтар тиешелүү реестрге киргизилгенден кийин уникалдуу номери бар аккредитациялоо жөнүндө санариптик күбөлүктү түзөт.
6-глава. Баш тартуу үчүн негиздер
21. Аккредитациялоодон баш тартуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр гана саналат:
1) арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чет өлкөлүк инвестор түшүнүгүнө ылайык келбеши;
2) арыз ээсинин катталган (жарандыгы бар) мамлекеттин мыйзамдарына ылайык укук жөндөмдүүлүгүнүн жоктугу;
3) толук эместикти жоюу үчүн аныкталган мөөнөт аяктагандан кийин милдеттүү маалыматтардын берилбеши;
4) берилген маалыматтардын же документтердин анык эместигинин же жасалмалыгынын аныкталышы;
5) Кыргыз Республикасынын аймагында инвестицияларды жүзөгө ашырууну караган инвестициялык ниеттин же инвестициялык долбоордун жоктугу;
6) арыз ээсинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында инвесторлорго карата коюлган талаптарга ылайык келбеши;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, арыз ээсин аккредитациялоо мүмкүнчүлүгүн түздөн-түз жокко чыгарган тыюу салуунун же чектөөнүн болушу.
22. Инвестициялык долбоордун экономикалык максатка ылайыксыздыгы, анын көлөмүнүн жетишсиздиги, тармактын же региондун артыкчылыктуу эместиги жүйөлөрү боюнча, ошондой эле ушул Жобонун 21-пунктунда каралбаган башка негиздер боюнча баш тартууга жол берилбейт.
23. Баш тартуу жөнүндө чечим жүйөлүү болууга, баш тартуунун иш жүзүндөгү жана укуктук негиздерин жана ага даттануунун тартибин камтууга тийиш. Баш тартуу ага негиз болгон жагдайларды жойгондон кийин кайталап кайрылууга тоскоолдук кылбайт.
7-глава. Аккредитацияланган чет өлкөлүк инвесторлордун реестри
24. Ыйгарым укуктуу орган Аккредитацияланган чет өлкөлүк инвесторлордун реестрин ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык түзүм боюнча санариптик формада түзөт жана жүргүзөт.
25. Аккредитацияланган чет өлкөлүк инвесторлордун реестринин ачык бөлүгүндө төмөнкүлөр жайгаштырылат:
1) чет өлкөлүк юридикалык жактын аталышы же жеке маалыматтар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жол берилген көлөмдө чет өлкөлүк инвестордун – жеке адамдын фамилиясы жана инициалдары;
2) катталган мамлекет (жарандыгы);
3) инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тармагы жана региону;
4) аккредитациянын номери жана датасы;
5) аккредитациянын статусу.
26. Акыркы бенефициардык ээлери, финансылык шарттары, каржылоо булактары, коммерциялык модели, инвестициялардын конкреттүү көлөмү жөнүндө маалыматтар, эгерде инвестор аны ачыкка чыгарууга макул болбогон учурда жана жеткиликтүүлүгү чектелген башка маалыматтар Аккредитацияланган чет өлкөлүк инвесторлордун реестринин ачык бөлүгүндө жайгаштырылбайт.
27. Аккредитацияланган чет өлкөлүк инвестор тиешелүү өзгөрүү болгон күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде төмөнкү маалыматтардын өзгөргөндүгү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлоого милдеттүү:
1) юридикалык жактын аталышы жөнүндө;
2) юридикалык жактын катталган жери жөнүндө;
3) чет өлкөлүк инвестордун өкүлү жөнүндө;
4) юридикалык жактын акыркы бенефициардык ээси жөнүндө;
5) юридикалык жактын статусу же уюштуруу-укуктук формасы жөнүндө;
6) эгерде мындай өзгөрүүлөр инвестициялык долбоордун билдирилген предметине же багытына таасирин тийгизсе, инвестициялык долбоор жөнүндө маалыматтар;
7) аккредитациялоо жөнүндө арызда көрсөтүлгөн, өзгөрүшү ушул Жобонун 9-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келбөөгө алып келген башка маалыматтар.
28. Көрсөтүлгөн маалыматтарды бербөө же өз убагында бербөө ыйгарым укуктуу орган тарабынан 10 жумуш күндөн кем эмес мөөнөт берүү менен бузууларды четтетүү жөнүндө кабарлама жөнөтүү үчүн негиз болуп саналат.
Бузуу белгиленген мөөнөттө жоюлбаган учурда ыйгарым укуктуу орган ушул Жободо белгиленген тартипте аккредитациялоону токтотууга укуктуу.
8-глава. Инвестициялык коштоо
29. Аккредитациялоодон кийин ыйгарым укуктуу орган чет өлкөлүк инвесторго жооптуу кызматкерди (координаторду) дайындайт, ал инвестициялык долбоорду ишке ашырууга байланышкан маселелер боюнча инвестордун ыйгарым укуктуу орган менен өз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү түйүнү болуп саналат жана ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча инвестициялык долбоорду коштоонун санариптик карточкасын түзөт.
30. Инвестициялык коштоонун алкагында ыйгарым укуктуу орган өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) маалыматтык-консультациялык колдоо көрсөтүүнү;
2) инвестордун мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууларын багыттоону;
3) өз ара байланышкан административдик жол-жоболорду координациялоону;
4) инвестициялык долбоорду ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди кароонун мөөнөттөрүнө мониторинг жүргүзүүнү;
5) көйгөйлүү маселелер боюнча ведомстволор аралык кеңешмелерди уюштурууну;
6) жер тилкелери, инфраструктура, уруксат берүүчү жана башка жол-жоболор жөнүндө маалыматтарды алууга көмөк көрсөтүүнү;
7) инвестициядан кийинки коштоо, анын ичинде кеңейтүүгө жана кайра инвестициялоого көмөк көрсөтүүнү.
31. Аккредитациялоо жана инвестициялык коштоо мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясын өзгөртпөйт жана чет өлкөлүк инвесторду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоодон бошотпойт.
9-глава. Аккредитацияны колдонуу мөөнөтү, токтотуу жана даттануу
32. Аккредитация 3 жылдык мөөнөткө берилет, же эгер билдирилген инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун мөөнөтү кыскараак болсо, ошол долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнө берилет. Инвестордун арызы боюнча маалыматтарды актуалдаштырууда аккредитациялоо жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте узартылышы мүмкүн.
33. Аккредитацияны колдонуу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) инвестордун арызы боюнча;
2) чет өлкөлүк юридикалык жактын иши токтогон учурда же жеке жак каза болгон учурда;
3) инвестициялык долбоорду ишке ашыруу токтогон жана билдирилген башка инвестициялык ниеттер жок болгон учурда;
4) аккредитациялоодо атайылап анык эмес же жасалма маалыматтар берилгендиги фактысы аныкталганда;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган, аккредитацияны сактап калуу мүмкүнчүлүгүн түздөн-түз жокко чыгарган жагдай келип чыккан учурда, анын ичинде кылмыштуу ишти каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда.
34. Четтетүүгө мүмкүн болгон бузуу болгон учурда ыйгарым укуктуу орган аккредитацияны токтотуудан мурун инвесторго кабарлама жөнөтөт, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, мыйзам бузууну жоюу үчүн 10 жумуш күндөн кем эмес мөөнөт берет.
35. Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерине, аракеттерине же аракетсиздигине Кыргыз Республикасынын административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга болот.
10-глава. Натыйжалуулукка мониторинг жүргүзүү жана корутунду жоболор
36. Ыйгарым укуктуу орган аккредитациялоо механизминин жана инвестициялык коштоонун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт.
37. Мониторинг жүргүзүүдө төмөнкүлөр эске алынат:
1) аккредитациялоонун орточо мөөнөтү;
2) толугу менен санариптик формада каралган арыздардын үлүшү;
3) инвестордон кайрадан талап кылбастан, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү аркылуу алынган маалыматтардын үлүшү;
4) аккредитацияланган инвестициялык долбоорлордун ичинен практикалык ишке ашыруу баскычына өткөн долбоорлордун саны;
5) коштолуучу долбоорлор боюнча иш жүзүндө өздөштүрүлгөн инвестициялардын көлөмү;
6) түзүлгөн жумуш орундарынын саны жана башка өлчөнүүчү натыйжалар;
7) коштоо механизми аркылуу жөнгө салынган инвесторлордун маселелеринин үлүшү;
8) реинвестициянын көлөмү;
9) инвесторлордун коштоонун сапатына канааттануусуна баа берүү.
38. Аккредитациялоонун жана коштоонун жүрүшүндө алынган маалыматтар жана документтер мыйзамдарда каралган максаттарда гана пайдаланылат жана Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар, коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка сырлар жөнүндө мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш.
|
| Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк инвесторлорду ыктыярдуу аккредитациялоо тартиби жана критерийлери жөнүндө жобого 1-тиркеме
|
Чет өлкөлүк инвесторду ыктыярдуу аккредитациялоо жөнүндө арыздын формасы
Мен, ______________________________________________________,
(аты-жөнү)
Кыргыз Республикасынын инвестициялар чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк инвестор катары ыктыярдуу аккредитациялоодон өткөрүүнү суранам.
1. Арыз ээси жөнүндө маалыматтар
Арыз ээсинин тиби | ☐ юридикалык жак ☐ жеке жак |
Юридикалык жактын толук аталышы/жеке жактын аты-жөнү |
|
Уюштуруу-укуктук формасы (юридикалык жак үчүн) |
|
Катталган өлкөсү/ жарандыгы |
|
Каттоо номери жана каттоо датасы (юридикалык жак үчүн) |
|
Юридикалык/почта дареги |
|
Расмий веб-сайт (бар болсо) |
|
Телефон |
|
Электрондук почта |
|
2. Акыркы бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтар (юридикалык жак үчүн)
Аты-жөнү |
|
Жарандыгы |
|
Түз/кыйыр ээлик кылуунун же контролдоонун негизи жана үлүшү |
|
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган көлөмдө башка маалыматтар |
|
3. Арыз ээсинин өкүлү жөнүндө маалыматтар
Аты-жөнү |
|
Кызмат орду |
|
Ыйгарым укуктардын негизи |
|
Телефон/электрондук почта |
|
4. Инвестициялык долбоор (инвестициялык ниет) жөнүндө маалыматтар
Долбоордун аталышы |
|
Экономикалык иштин тармагы/түрү |
|
Ишке ашыруу региону жана болжолдуу жери |
|
Долбоордун кыскача сыпатталышы |
|
Инвестициялардын болжолдуу жалпы көлөмү жана валюта |
|
Каржылоо булактары | ☐ өздүк ☐ зайымдык ☐ финансы институттары ☐ инвестициялык фонддор ☐ башка |
Ишке ашырууну баштоонун пландалган мөөнөтү |
|
Аяктоонун пландалган мөөнөтү |
|
Учурдагы баскыч | ☐ ниет ☐ долбоорго чейинки даярдык ☐ техникалык-экономикалык негиздеме ☐ долбоорлоо ☐ каржылоо ☐ куруу ☐ пайдалануу ☐ кеңейтүү |
Пландалган жумуш орундарынын саны |
|
Экспорттук потенциал/ импорт алмаштыруу (бар болсо) |
|
Технологияларды трансферлөө/ инновациялык иш/ илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер (бар болсо) |
|
Жергиликтүү берүүчүлөрдү пайдалануу (бар болсо) |
|
Күтүлүүчү региондук, инфраструктуралык же башка социалдык-экономикалык натыйжа |
|
5. Мамлекеттик инвестициялык коштоого болгон муктаждык
Зарыл багыттарды белгилөө керек:
☐ жер маселелери;
☐ инженердик инфраструктурага туташтыруу;
☐ уруксат берүү жана макулдашуу жол-жоболору;
☐ мамлекеттик каттоо;
☐ бажы маселелери;
☐ компетенциянын чегинде салыктык консультация берүү;
☐ миграция жана виза маселелери;
☐ жергиликтүү органдар менен өз ара аракеттенүү;
☐ мыйзамдуу негиздер бар болсо инвестициялык макулдашуу;
☐ инвестициялык аянтчаны тандоо;
☐ ведомстволор аралык координация;
☐ инвестициядан кийинки коштоо;
☐ башка: ___________________________________________________.
6. Тиркелүүчү документтер жана маалыматтар
1) эгерде тиешелүү маалыматтарды маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибинде алуу мүмкүн болбосо, чет өлкөлүк юридикалык жактын каттоодон өткөндүгүн жана укук жөндөмдүүлүгүн ырастоочу документ;
2) өкүлдүн ыйгарым укуктары жөнүндө документ (өкүл аркылуу кайрылган учурда);
3) акыркы бенефициардык ээси жөнүндө маалыматтар (юридикалык жак үчүн);
4) инвестициялык долбоордун (инвестициялык ниеттин) долбоордук карточкасы;
5) ушул Жободо түздөн-түз каралган башка документтер.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маалыматтык системаларында болгон жана белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органга жеткиликтүү болгон документтер жана маалыматтар арыз ээсинен кайра талап кылынбайт.
7. Арыз ээсинин декларациясы
Мен, _________________________________________________
(аты-жөнү)
төмөнкүлөрдү ырастайм
– берилген маалыматтардын толуктугун жана аныктыгын;
– Кыргыз Республикасында инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу ниети же аны жүзөгө ашыруу факты бар экенин;
– аккредитациялоо ыктыярдуу болуп санала тургандыгы, лицензия же уруксат болуп саналбай тургандыгы жана ал өзү эле салыктык, бажылык, жер жана башка жеңилдиктерге укук жаратпай тургандыгы менен таанышкандыгымды.
Ошондой эле ушул Жободо белгиленген тартипте олуттуу маалыматтардын өзгөргөнү жөнүндө ыйгарым укуктуу органга кабарлоого милдеттенем.
Дата |
|
Арыз ээси/өкүл |
|
Колу |
|
|
| Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк инвесторлорду ыктыярдуу аккредитациялоо тартиби жана критерийлери жөнүндө жобого 2-тиркеме
|
Чет өлкөлүк инвесторлорду ыктыярдуу аккредитациялоо реестринин түзүмү
Реестр ыйгарым укуктуу орган тарабынан санариптик формада түзүлөт жана жүргүзүлөт жана ачык бөлүктөн жана жабык кызматтык бөлүктөн турат.
№ | Реестрдин бөлүмү/талаасы | Мазмуну/форматы | Жетүү режими |
1 | Уникалдуу реестрдик номер | Автоматтык түрдө түзүлүүчү номер | Ачык |
2 | Аккредитациялоо датасы | КК.АА.ЖЖЖЖ | Ачык |
3 | Колдонуу мөөнөтү | Башталуу/аяктоо датасы | Ачык |
4 | Аккредитациянын статусу | Колдонууда/мөөнөтү аяктаган/токтотулган | Ачык |
5 | Чет өлкөлүк инвестор | Юридикалык жактын аталышы / жеке жак жөнүндө жол берилген көлөмдөгү маалымат | Ачык/чектелген |
6 | Каттоо өлкөсү/жарандыгы | Мамлекет | Ачык |
7 | Каттоо маалыматтары | Номери, катталган датасы | Кызматтык |
8 | Акыркы бенефициардык ээси | Идентификациялык маалыматтар | Жабык |
9 | Байланыш маалыматтары | Телефон, электрондук почта, өкүл | Жабык |
10 | Долбоордун аталышы | Инвестициялык долбоордун аталышы | Ачык |
11 | Тармак | Экономикалык иштин түрү | Ачык |
12 | Ишке ашыруу региону | Облус, район, шаар | Ачык |
13 | Долбоордун стадиясы | Ниет/даярдоо/каржылоо/ курулуш/пайдалануу/кеңейтүү | Кызматтык |
14 | Инвестициянын билдирилген көлөмү | Сумма жана валюта | Кызматтык |
15 | Иш жүзүндө өздөштүрүлгөн инвестициялар | Мониторинг маалыматтары боюнча сумма жана валюта | Кызматтык |
16 | Жаңы жумуш орундарынын саны, аларды түзүү мөөнөттөрү, жайгашкан жерлери жана талап кылынган адистиктер | План/факт | Кызматтык |
17 | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Пландагы жана иш жүзүндөгү даталар | Кызматтык |
18 | Коштоо деңгээли | Базалык/артыкчылыктуу/ негиз болгон учурда атайын | Кызматтык |
19 | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жооптуу адиси | Аты-жөнү, түзүмдүк бөлүмү | Кызматтык |
20 | Коштоого болгон муктаждыктар | Жер, инфраструктура, уруксаттар, башка | Жабык |
21 | Тартылган органдар | Мамлекеттик органдардын жана уюмдардын тизмеги | Кызматтык |
22 | Көйгөйлүү маселелер | Сүрөттөлүшү, жооптуу орган, мөөнөт | Жабык |
23 | Маселелерди чечүү статусу | Иштелип жатат/чечилди/күчөдү | Кызматтык |
24 | Aftercare/ реинвестициялар | Долбоорду кеңейтүү, жаңы салымдар, муктаждыктар | Жабык |
25 | Актуалдаштыруу датасы | КК.АА.ЖЖЖЖ | Кызматтык |
26 | Токтотуунун негизи | Болгон учурда | Кызматтык |
Эскертүү. Аккредитациялоо фактысын жана аныктыгын ырастоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды гана ачык жетүүдө жайгаштыруу сунушталат: чет өлкөлүк инвестордун/юридикалык жактын аталышы; катталган мамлекети; долбоордун аталышы; тармак; ишке ашыруу региону; реестрдик номери; аккредитациялоо датасы жана статусу.
Жеке маалыматтар, бенефициарлар жөнүндө маалыматтар, кеңири финансылык маалымат, каржылоо булактары, коммерциялык модель жана долбоордун көйгөйлүү маселелери ачык жетүүдө жайгаштырылбайт.
|
| Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк инвесторлорду ыктыярдуу аккредитациялоо тартиби жана критерийлери жөнүндө жобого 3-тиркеме
|
Аккредитацияланган чет өлкөлүк инвестордун инвестициялык долбоорунун санариптик карточкасынын
формасы
Санариптик карточка аккредитациялоодон кийин түзүлөт жана инвестициялык долбоордун толук жашоо циклин коштоо үчүн колдонулат.
1-блок. Инвестор
Аккредитациянын реестрдик номери |
|
Инвестордун аталышы/ аты-жөнү |
|
Каттоо мамлекети/ жарандыгы |
|
Байланышуучу жак/ өкүл |
|
Байланыш маалыматтары |
|
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жооптуу менеджери |
|
2-блок. Инвестициялык долбоор
Долбоордун аталышы |
|
Тармагы |
|
Регион/аянтча |
|
Кыскача сыпатталышы |
|
Инвестициялардын көлөмү: план /факт |
|
Каржылоо булагы |
|
Долбоордун баскычы |
|
Ишке ашыруу мөөнөтү: план/факт |
|
Жумуш орундары: план/факт |
|
Негизги күтүлүүчү натыйжалар |
|
3-блок. Мамлекеттик коштоо
Зарыл болгон административдик жол-жоболор |
|
Жер маселелери |
|
Инженердик инфраструктура |
|
Уруксаттар/ макулдашуулар |
|
Миграциялык/визалык маселелер |
|
Башка маселелер |
|
4-блок. Ведомстволор аралык трекинг
№ | Маселе/жол-жобо | Жооптуу орган | Жөнөтүлгөн датасы | Контролдук мөөнөтү | Статусу | Натыйжа/ эскертүү |
1 |
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
|
5 |
|
|
|
|
|
|
6 |
|
|
|
|
|
|
5-блок. Тобокелдиктер жана көйгөйлүү маселелер
№ | Көйгөй/тобокелдик | Деңгээл | Жооптуу орган | Чара көрүү | Статус |
1 |
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
6-блок. Натыйжалар жана инвестициядан кийинки коштоо
Иш жүзүндө өздөштүрүлгөн инвестициялардын көлөмү |
|
Түзүлгөн жумуш орундары
|
|
Объект пайдаланууга берилди/датасы |
|
Экспорт/локалдаштыруу /технологиялык натыйжа |
|
Реинвестициялар / долбоорду кеңейтүү |
|
Инвестордун жаңы муктаждыктары |
|
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикти коштоо боюнча негизги натыйжалар |
|
Инвестор менен акыркы байланыш датасы |
|
Кийинки контролдоо иш-аракети/мөөнөтү |
|
7-блок. Коштоо индикаторлору
Индикатор | План | Факт | Комментарий |
Инвестициялардын көлөмү |
|
|
|
Жаңы жумуш орундарынын саны, аларды түзүү мөөнөттөрү, жайгашкан жерлери жана талап кылынган адистиктер |
|
|
|
Долбоорду ишке киргизүү мөөнөтү |
|
|
|
Чечилген маселелердин саны |
|
|
|
Реинвестициялар |
|
|
|
Долбоордун статусу:
☐ жашыл – план боюнча ишке ашырылууда;
☐ сары – тобокелдиктер/четтөөлөр бар;
☐ кызыл – ведомстволор аралык эскалация талап кылынат.
Карточканын акыркы жаңылануу күнү: ____________________
Жооптуу/ыйгарым укуктуу: _______________________