КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 29-сентябры № 742-т
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы 2-фазанын долбоору катары Кыргыз Республикасынын ирригациясына инвестициялоонун улуттук программасын каржылоо жөнүндө макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Каржылоо жөнүндө макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| Д.Амангельдиев |