Редакцияот 30.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 30-сентябры № 30

 

Кара-Балта шаарынын № 8 орто мектебине Ишеналы Арабаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 39-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы № 149 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат коюу жана алардын аталыштарын өзгөртүү тартиби жөнүндө» жобонун 2-главасынын 4-пунктуна ылайык, № 8 орто мектебинин ата-энелер комитетинин 2026-жылдын 20-мартындагы чечимин жана № 8 орто мектебинин педагогикалык кеңешинин 2026-жылдын 20-мартындагы № 3 чечимин эске алуу менен, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 20-июлундагы № 01-5/3479 кайрылуусунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кара-Балта шаарынын № 8 орто мектебине Ишеналы Арабаевдин ысымы ыйгарылсын.

2. Кара-Балта шаарынын мэриясы ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Регламент, депутаттык этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссияга, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

 

 

Кеңештин төрагасы

 

М. Дуйшеналиев