|
|
| |||
|
| ||||
|
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна) |
| ||
|
|
|
|
|
|
Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүдө депозиттик төлөмдү колдонуу жана башкаруу ТАРТИБИ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 , 2024-жылдын 24-июнундагы № 328 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесине ылайык, акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонууну, акциз салыгынын мамлекеттик бюджетке түшүшүн камсыз кылуу максатында иштелип чыкты жана депозиттик төлөмдү колдонууну жана башкарууну регламенттейт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр пайдаланылат:
1) депозиттик төлөм - Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонууну камсыз кылуу үчүн салык төлөөчү тарабынан салынуучу алдын ала төлөм;
2) импорттоочу - ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден акциздик маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүчү салык төлөөчү;
3) ыйгарым укуктуу салык органы - Кыргыз Республикасынын салык кызматынын борбордук мамлекеттик органы;
4) салык органдары - ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык жана/же функциялык бөлүмдөрү;
5) депозиттик эсепти башкаруу боюнча реестр (мындан ары - реестр) - ар бир импорттоочу жана сумма үчүн өзүнчө таризделүүчү, депозиттик төлөмдөрдүн түшүүсүн, бюджеттик эсепке которулушун жана кайтарылышын эсепке алуу системасынын негизги документи.
6) (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 328 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул Тартипте пайдаланылуучу терминдер жана түшүнүктөр ушул Тартипте аныкталган мааниде колдонулат. Ушул Тартипте чечмелениши болбогон учурда, терминдер жана түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында жана/же ЕАЭБ мыйзамдарында аныкталган мааниде колдонулат.
4. Депозиттик төлөм төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
1) акциздик жыйым маркаларын жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын алардын багытына ылайык колдонууну;
2) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагында алкоголдук продукцияга чаптоо үчүн акциздик жыйым маркаларынын жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарынын импорттоочу тарабынан ташылып кетишин;
3) акциздик жыйым маркалары жана/же санариптик идентификациялоо каражаттары менен маркаланган алкоголдук продукцияны импорттоону;
4) импорттолгон алкоголдук продукция боюнча кыйыр салыктардын төлөнүшүн;
5) ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик жыйым маркаларын жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонуу жөнүндө отчеттун импорттоочулар тарабынан берилишин;
6) бузулган жана (же) колдонулбаган акциздик жыйым маркаларынын жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарынын импорттоочу тарабынан кайтарылышын.
2. Депозиттик төлөмдү колдонуу
5. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукцияны ташып киргизүүчү салык төлөөчү акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын алууда берилүүчү документтерге кошумча ыйгарым укуктуу салык органына төмөнкүдөй документтерди берет:
1) ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын максаттуу колдонуу жөнүндө милдеттенмени (мындан ары - милдеттенме);
2) милдеттенменин аткарылышын камсыз кылуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине акчалардын салынганын ырастоочу төлөм документи.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328 токтомдорунун редакциясына ылайык)
6. Милдеттенме ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген өлчөмдө акча каражаттарын салуу жолу менен камсыздалат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328 токтомдорунун редакциясына ылайык)
7. Депозиттик эсепке акчаларды салуу Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328 токтомдорунун редакциясына ылайык)
8. Ушул Тартипте көрсөтүлгөн документтер толук берилбеген учурда, акциздик маркалар жана/же санариптик идентификациялоо каражаттары берилбейт.
9. Ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү салык органдарында сакталат.
3. Депозиттик төлөмдү башкаруу
10. Маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоочу акциздик маркаларды алууга чечим жана/же акциздик маркаларды чет өлкөлүк өндүрүүчү заводдорго жөнөтүүгө чечим чыгарылган айдан тартып 6 (алты) айдан кечиктирбестен ыйгарым укуктуу салык органына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды талаптагыдай колдонуу жөнүндө отчетту (мындан ары - отчет) ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча эки нускада, төмөнкүдөй документтерди тиркөө менен берүүгө милдеттүү:
1) белгиленген тартипте салыктык катталган жери боюнча салык органы тарабынан ырасталган товарлардын ташып киргизилгени жана кыйыр салыктардын төлөнгөнү жөнүндө арыздын көчүрмөсүн;
2) импорттолгон товарлар боюнча кыйыр салыктардын иш жүзүндө төлөнгөнүн ырастоочу банктын көчүрмөсүн жана (же) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында каралган, импорттолгон товарларга кыйыр салыктарды төлөө боюнча салыктык милдеттенменин аткарылганын ырастоочу башка төлөм документин;
3) Кыргыз Республикасынын аймагына ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден маркалануучу алкоголдук продукциянын өткөрүлүшүн ырастоочу товарды коштоочу документтердин көчүрмөлөрүн;
4) товарларды жүктөп жөнөтүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык таризделген эсеп-фактуралардын көчүрмөлөрүн, эгерде аларды берүү (көчүрмө) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарында каралса;
5) алкоголдук продукцияны жеткирүүчүнү маркалануучу алкоголдук продукциянын өндүрүүчүсү же дүңүнөн сатуучусу катары каттоо жөнүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын документинин көчүрмөсүн;
6) алкоголдук продукциянын түрүн, аталышын, көлөмүн, ошондой эле акциздик маркалардын серияларын, номерлеринин диапазонун жана санын көрсөтүү менен импорттолуучу алкоголдук продукцияга чапталган акциздик маркалар жана/же санариптик идентификациялоо каражаттары (агрегацияланган код) жөнүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттин маркалануучу алкоголдук продукцияны өндүрүүчүсүнөн жетекчинин мөөрү жана колу коюлган маалымкаты.
11. Отчеттун бир нускасы ыйгарым укуктуу салык органында калат, экинчи нускасы импорттоочуга же анын өкүлүнө берилет (жиберилет).
12. Ыйгарым укуктуу салык органы депозиттик эсепке акча каражаттарын салуу боюнча милдеттенмелердин импортер тарабынан аткарылышын эсепке алат жана контролдойт. Импорттоочу салган акча каражаттарын эсепке алуу үчүн ыйгарым укуктуу салык органы милдеттенмелерди аткаруунун суммалары боюнча реестр жүргүзөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Реестр төмөнкүлөр үчүн багытталган:
1) ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине салынган акча каражаттарын эсепке алуу;
2) импорттоочулардын аткарылбаган милдеттенмелери боюнча мамлекеттик бюджеттин кирешесине ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебинен депозиттик төлөмдүн суммаларын өз убагында чегерүү;
3) ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине салынган акча каражаттарын салык төлөөчүнүн аткарылган милдеттенмелери боюнча банктык эсептерине же башка милдеттенмесинин эсебине кайтаруу (чегерүү).
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
14. Депозиттик төлөмдөр боюнча реестр кабыл алынган милдеттенменин негизинде ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине салынган акча каражаттарын эсепке алуу үчүн ар бир салык төлөөчү жана сумма боюнча жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328 токтомдорунун редакциясына ылайык)
15. Ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан төлөм документтеринин реестри жүргүзүлөт, анда салык төлөөчү депозиттик эсепке салган депозиттик төлөмдөрдүн суммасы көрсөтүлөт.
16. Ыйгарым укуктуу салык органынын депозиттик эсебине салык төлөөчү тарабынан акча каражаттарынын салынышы реестрге киргизүү үчүн негиз болот.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82, 2024-жылдын 15-мартындагы № 118, 2024-жылдын 24-июнундагы № 328 токтомдорунун редакциясына ылайык)
17. Депозиттик төлөмдөр боюнча реестр ар бир календардык жылга ачылат. Каражаттардын калдыгы кийинки жылга которулат. Депозиттик төлөмдөр боюнча реестрде милдеттүү түрдө төмөнкү реквизиттер көрсөтүлөт:
- салык төлөөчүнүн толук аталышы;
- салык төлөөчүнүн ИСНи.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15-мартындагы № 118 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Ыйгарым укуктуу салык органынын эсебине салынган депозиттик төлөм ыйгарым укуктуу салык органына депозиттик төлөмдү кайтаруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз берилгенден кийин 30 (отуз) календарлык күндөн кечиктирбей импорттоочуга төмөнкү шартта кайтарылууга тийиш:
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасына маркалануучу алкоголдук продукцияны импорттоодо акциздик маркаларды жана/же санариптик идентификациялоо каражаттарын талаптагыдай колдонуу жөнүндө тиешелүү отчет берилгенде;
- кыйыр салыктар боюнча салык карыздары жок болгондо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы №82 токтомунун редакциясына ылайык)