Редакцияот 16.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 703 токтомуна)

 

 

 

 

Банктык эмес финансы рыногу

чөйрөсүндөгү окуу борбору жөнүндө

жобо

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1. Ушул Жобо Банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борборунун (мындан ары – Окуу борбору) укуктук статусун, максаттарын, милдеттерин, функцияларын, укуктарын жана ишин уюштуруу тартибин аныктайт.

2. Окуу борбору Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын (мындан ары – Финкөзөмөл) ведомстволук бөлүмү болуп саналат.

3. Окуу борбору өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин актыларын, Финкөзөмөлдүн жоболорун жана буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

4. Окуу борбору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, жарандар, юридикалык жактар жана Финкөзөмөлдүн түзүмдүк, ведомстволук, аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенет.

 

2-глава. Укуктук статусу

 

5. Окуу борбору өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, обочолонгон мүлккө ээ, бирдиктүү казыналык эсеп системасында эсептери жана белгиленген тартипте ачылуучу башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн толук фирмалык аталышы бар гербдүү мөөрү, штампы жана расмий бланктары бар, алардын үлгүлөрү Окуу борбору тарабынан бекитилет.

6. Окуу борбору өзүнүн милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

7. Окуу борбору мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат.

Ага бекитилип берилген мүлккө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат.

8. Окуу борборунун толук расмий аталышы:

1) мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын Банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору;

2) расмий тилде: Учебный центр в сфере небанковского финансового рынка Службы регулирования и надзора за финансовым рынком при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики;

3) Окуу борборунун кыскартылган фирмалык аталышы:

– мамлекеттик тилде: «Финкөзөмөлдүн ОБ»;

– расмий тилде: «УЦ Финнадзора».

 

3-глава. Максаттары жана милдеттери

 

9. Окуу борборунун максаты болуп банктык эмес финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук, аудит, ошондой эле ага байланыштуу тармактар чөйрөсүндө адистердин квалификациясын жогорулатуу, кесиптик кайра даярдоо, окутуу саналат.

10. Окуу борборунун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) окутуу курстарын, семинарларды, тренингдерди жана квалификациялык экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү;

2) Финкөзөмөлдүн кызматкерлеринин, ошондой эле бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук жана аудит жаатында банктык эмес финансы рыногунун адистеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу;

3) окутуу процессине заманбап билим берүү методикаларын жана санариптик технологияларды киргизүү;

4) банктык эмес финансы рыногунун адистерин сертификациялоо процесстерин методикалык камсыз кылуу.

 

4-глава. Функциялары

11. Коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн Окуу борбору төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:

1) окуу программаларын, колдонмолорду, модулдарды жана окуу-методикалык материалдарды иштеп чыгат жана бекитет;

2) финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары, аудиттин стандарттары, аудиттин сапатын контролдоону башкаруу, «Финансылык отчеттуулуктун ачык депозитарийи» автоматташтырылган маалыматтык системасы, банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдар боюнча квалификацияны жогорулатуунун кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү курстарын уюштурат;

3) банктык эмес финансы рыногунун адистерине квалификациялык экзамендерди өткөрүүнү уюштурат;

4) кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өткөндүгү жөнүндө белгиленген үлгүдөгү документтерди (сертификаттарды, күбөлүктөрдү) берет;

5) окуу-билим берүү процессине инновациялык технологияларды жана изилдөөлөрдүн натыйжаларын киргизет;

6) финансы рыногун жөнгө салуу маселелери боюнча тренингдерди, курстарды, семинарларды, тегерек столдорду, илимий-практикалык конференцияларды, форумдарды, консультацияларды жана вебинарларды уюштурат жана өткөрөт, кошумча кесиптик билим берүү чөйрөсүндө кызмат көрсөтөт;

7) жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамынын адамдарынан, мамлекеттик органдардын, жеке мекемелердин, эл аралык уюмдардын кызматкерлеринен, эксперттерден жана башка адистерден окутуучулар курамын түзөт;

8) мамлекеттик, коомдук жана жеке уюмдар менен байланыштарды түзөт жана өнүктүрөт;

9) Финкөзөмөлдүн жетекчисинин тапшырмасы боюнча иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө катышат;

10) жүктөлгөн милдеттердин алкагында эл аралык уюмдар менен кызматташат;

11) кылмыш ишин каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча окутууну, ошондой эле ушул чөйрөдөгү аудитордук иштин маселелери боюнча окутууну кошпогондо, ушул Жободо каралган багыттар боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырат.

12. Окуу борбору ага жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткарат.

 

5-глава. Укуктары жана милдеттери

 

13. Милдеттерди чечүү үчүн Окуу борбору төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өзүнүн өндүрүштүк-чарбалык жана финансылык ишин пландаштырууга;

2) автордук окуу программаларын жана тренингдерди иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө;

3) Окуу борборунун иши менен байланышкан окуу сабактарын жана иш-чараларын өткөрүү үчүн окутуучулук жана консультациялык ишке квалификациялуу адистерди, анын ичинде эл аралык консультанттарды, эксперттерди жана Финкөзөмөлдүн кызматкерлерин, айкалыштырып иштөө шартында окутуучуларды келишимдик негизде тартууга;

4) Финкөзөмөлдүн түзүмдүк бөлүмдөрүнөн окуу программаларын түзүү үчүн зарыл болгон материалдарды суроого жана алууга;

5) кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өткөндүгү жөнүндө белгиленген үлгүдөгү тиешелүү документтерди берүүгө;

6) Финкөзөмөлдүн жетекчилиги менен макулдашуу боюнча басылмаларды (бюллетендерди, буклеттерди, гезиттерди, журналдарды, жарнамалык проспекттерди, жыйнактарды, брошюраларды, китептерди ж.б.) белгиленген тартипте басып чыгарууга жана чыгарууга);

7) Финкөзөмөлдүн жетекчилигине окуу процессин жана материалдык-техникалык базаны өркүндөтүү жөнүндө сунуш киргизүүгө.

14. Окуу борбору төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) билим берүү процессинин сапатынын жогорку деңгээлин жана окуу материалдарынын актуалдуулугун камсыз кылууга;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин жана Финкөзөмөлдүн локалдык актыларын сактоого;

3) окуудан өткөн адамдардын эсебин алууга жана тиешелүү ырастоочу документтерди берүүгө;

4) ишенип берилген мүлктү жана документтерди сактоону камсыз кылууга.

 

6-глава. Окуу процессин уюштуруу

 

15. Окутуу Финкөзөмөл менен макулдашуу боюнча Окуу борбору тарабынан түзүлгөн окуу пландары жана билим берүү программалары боюнча жүргүзүлөт.

16. Билим алуучулардын суроо-талаптарына жана Окуу борборунун мүмкүнчүлүктөрүнө жараша окутуунун тилдери болуп мамлекеттик жана расмий тилдер эсептелет.

17. Билим алуучулардын сабак өтүү режими жана билим берүү процессинин узактыгы окуу планына ылайык белгиленет.

Сабактарды өткөрүү графигин Окуу борборунун директору аныктайт.

18. Окуу борборунда окутуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) өндүрүштөн ажыратуу менен күндүзгү формада;

2) өндүрүштөн ажыратпастан кечки формада;

3) онлайн (аралыктан окутуу формасы, вебинар).

19. Окуу борборунда окуу процесси окуу планына ылайык башталат жана аяктайт.

20. Окуу борборунда окутуу учурунда лекциялар, семинарлар, практикалык сабактар өткөрүлүп, изилдөө иштеринин элементтери да колдонулушу мүмкүн.

21. Аудитордук сабактын узактыгы академиялык саат менен өлчөнөт.

22. Окуу борборунан кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өткөн адамдар белгиленген үлгүдөгү сертификат алышат.

23. Окуу борборунда окутуу үчүн акы төлөнөт, окутууга тарифтер Финкөзөмөл жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен макулдашуу боюнча директор тарабынан бекитилет.

24. Окуу борборуна акы төлөө курстун узактыгын, окуу планынын деңгээлин, сапатын жана көлөмүн эске алуу менен белгиленет.

25. Финкөзөмөлдүн кызматкерлери Окуу борборунда акысыз негизде окушат.

 

7-глава. Ишти уюштуруу жана башкаруу

 

26. Окуу борборун директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Финкөзөмөлдүн төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

27. Окуу борборунун директору:

1) Окуу борборунун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана ага жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

2) Окуу борборунун окуу-методикалык иштерин уюштурат;

3) Окуу борборунун түзүмү жана штаттык расписаниеси жөнүндө сунуштарды киргизет;

4) Окуу борборуна жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

5) эксперттерди (консультанттарды) жалдоо жана контракттарды бузуу боюнча ишти жүзөгө ашырат;

6) өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара мамилелерде Окуу борборунун атынан чыгат.

28. Окуу борборунун түзүмүн жана штаттык санын Финкөзөмөлдүн төрагасы бекитет. Ошол эле учурда директорду дайындоо түзүмдү өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт.

29. Окуу борборунун ишин каржылоо белгиленген тартипте төмөнкү булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат:

1) адистерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн акы төлөө түрүндө түшкөн каражаттардын;

2) акы төлөнүүчү билим берүү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелердин;

3) юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде чет мамлекеттер тарабынан акысыз берилүүчү каражаттардын;

4) илимий-изилдөө, басма, өндүрүштүк жана коммерциялык иштерден түшкөн өздүк каражаттардын;

5) эл аралык уюмдардын гранттарынын жана техникалык жардамдардын;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.

30. Окуу борборунун мүлкүн функционалдык милдеттерин аткаруу үчүн Финкөзөмөлгө бекитилип берилген материалдык-техникалык камсыздоо түзөт.

 

8-глава. Корутунду жоболор

 

31. Окуу борборун кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.