КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 17-октябры № 352
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын
26-февралындагы № 90 «Кыргыз Республикасынын
Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча
комиссиянын курамы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 90 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамында:
– Досматов Камчыбек Султанмуратович, Досалиев Эрнес Кубанычбекович курамдан чыгарылсын;
– Эсенаманова Чолпон Замирбековна – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Алиясов Арлен Кубанычбекович – Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары курамга киргизилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |