КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 7-октябры № 342
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун
судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12, 13-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларына квалификациялык класстар ыйгарылсын:
экинчи квалификациялык класс
Ибраимов Темирбек Маданбековичке – Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы;
төртүнчү квалификациялык класс:
Абдрасул уулу Бектурга – Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук сотунун судьясы;
Турдукулов Тилек Ураимжановичке – Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |