Редакцияот 15.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 15-октябры № 756-VIII

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин

курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы

№ 15-VIII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. «Элдик» депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Тайгараева Эдита Каныбековна Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин курамынан чыгарылсын жана Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

 

2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

1-пунктта:

 

а) 5-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы он алтынчы абзац менен толукталсын:

 

«Тайгараева Эдита Каныбековна – «Элдик» депутаттык тобунан;»;

 

б) 8-пунктчанын он биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

 

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

2026-жылдын 22-октябрында https://kenesh.kg/kg/law-activity/resolutions/8361 расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

М.А. Маматалиев