Редакцияот 21.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРКЫРА

АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

         XXIX – чакырылыштагы  Каркыра айылдык кеӊешини  16- сессиясы

 

ТОКТОМ № 126

 

2026-жылдын  “26” майы                                                 

Максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук  берүү жөнүндө

 

 Талды-Суу  айылынын тургуну Орузбаев Эркинбек Дуйшебаевичтин арызын карап чыгып,Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин жана»Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын талаптарын жетекчиликке алып, Каркыра айылдык кеңешинин 16-сессиясы токтом кылат:

 

1.Талды-Суу айылындагы Э.Д. Орузбаевдин менчигиндеги колбаса цехинин максаттык багыты калктуу конуштун жерлеринен турак жай максаттык багытына которууга макулдук берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каркыра  айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчик маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына   жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                                     С.А.Жангабылов