Редакцияот 21.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРКЫРА

АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

Каркыра    айылдык   кеңешинин

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын  _______________  №_____                              

 

Каркыра айыл аймагынын Кеӊ-Суу айылында жайгашкан

19299,88 ч/м  жер тилкесин “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомуна мɵɵнɵтсүз пайдаланууга макулдук берүү  жɵнүндɵ

 

           Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 24-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун “Менин үйүм” программасын ишке ашыруу максатында, кɵп кабаттуу турак жай үйлɵрдү куруу үчүн Каркыра айыл аймагынын айылдык кеңеши   токтом кылат:

 

  1. Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагынын Кеӊ-Суу айылынын  Муканов Жумабай кɵчɵсүнүн №69 дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду

2-05-07-1002-0574 жалпы аянты 19299,88 ч/м жер тилкеси кɵп кабаттуу турак жайларды куруу максатында “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомуна мɵɵнɵтсүз пайдаланууга  макулдук берилсин.

  1. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Түп филиалынан каттоодон ɵткɵрүүгɵ тапшырылсын.
  2. Ушул токтомдун аткарылышы  Каркыра айыл аймагынын айыл өкмөтүнө  жана көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин жер муниципалдык менчик, өзгөчө кырдаалдар, архитектура курулуш, транспорт, таза суу жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
  3. Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы А.Жапаровага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                                                 С.А. Жангабылов